9-МАЙ КАНДАЙ КҮН

100
0
9-МАЙ КАНДАЙ КҮН
Карт тарыхта эң чоң согуш бул 2-дүйнөлүк согуш экендиги талашсыз. Бүгүнкү күндө бул согушта жеңишке жетишкен тарап 9-майды жеңиш күнү деп кең көлөмдө майрамдашат. Алардын катарында көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн Кыргызстанда да бул күн майрам деп белгиленген.
9-май күнүнүн акыйкатын аныктоо үчүн, алгач тарых барактарына бир аз кайрыла кетели:
1919-жылы 1-дүйнөлүк согуш Версаль келишими менен аяктады. Бул келишимде Германия басып алган жерлеринен чыгып кетти. Австрия-Венгрия экиге бөлүндү. О.э дүйнөлүк коопсуздукту сактоо жүйөсү менен, Улуттар лигасын түзүү долбоору каралды. Севр келишиминде Усманий халифалыктын жерлерин о.э. Германиянын колонияларын Англия менен Франция бөлүп алышты.
Англия жана Франция ушул колонияларын кармап калуу үчүн, Улуттар лигасын түзүштү. Тынчтыкты сактоо, куралсыздануу маселелери бул уюмдун ураандары болуп калды. Бирок Англия Германияны Францияга тең салмактоо үчүн колдоп, куралданууга үндөдү. Англия жана Россиянын кандайдыр бир деңгээлде шарт түзүп берүүсү менен Германия кайрадан зор күчкө ээ болду. Ушундан улам, 1939-жылы ал кайрадан дүйнөлүк согуш отун жакты. Биринчиден, Германия нацизм идеясын катуу карманып, башка улуттар үстүнөн өкүмдар болууну каалады. Экинчиден, 1-дүйнөлүк согуштан кийин ажыраган олжолорун калыбына келтирүү биякта турсун, ал тургай бүткүл дүйнө байлыгына ээ болуу көзүнөн учуп калды.
2-дүйнөлүк согушта “Үч Илтик” (Германия, Япония, Италия) менен Союздаштар (СССР, Англия, Франция) күрөшүп, алардын айланасында 60тан ашык мамлекет катышты. Бул согушта жалпысынан 25 млн. аскер жана 38 млн. жай тургундар курман болду. Булардын көбү т.а 20 миллионго жакыны СССР адамдары болгон.
Согуш союздаштардын жеңиши менен аяктады.
Олжолорду бөлүштүрүү жана келечектеги коопсуздуктарын кепилдөө үчүн, жеңүүчүлөр 1945-жылдын февралында Ялта келишимин түзүштү.
Германия бул келишим негизинде, АКШ, СССР, Англия, Франция таасири астындагы 4 окуппациялык зонага бөлүндү. Кийинчерээк АКШ таасири астындагы батыш жана СССР таасири астындагы чыгыш зонасы болуп 2 бөлүккө айланды.
СССР Японияга каршы согушка кире турган болду, бирок бул чечим Американын Японияга ядролук бомба таштап, согушка чекит койгондугуна байланыштуу жокко чыкты. Ошентип, Япония АКШ таасири астындагы мамлекетке айланды. Корея СССР жана АКШ таасири астындагы эки зонага бөлүндү.
Жеңип чыккан тараптар БУУ эл аралык уюмун түзүү чечимин кабыл алды. Уюмду Америка, СССР, Англия, Франция жана Кытай мамлекеттери түздү.
Кыскасы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бүткүл дүйнө мамлекеттерин ушул беш мамлекет өз ара бөлүшүп алышты. Дүйнө пайдаларынан бөлүшө турган алтынчы шерик мамлекет пайда болуп калбашы үчүн, бул беш мамлекет ушул БУУ уюмун – мамлекеттерди мажбурлап кул кылып бере турган «тузак» катары – өз ара келишип, түзүп алышты. Аныктамада келтирилчү «жер жүзүндө тынчтыкты бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо» сыяктуу жалтырак сөздөр анын чыныгы маңызынан бейкабар карапайым адамдарды тузакка илинтүү үчүн эле айтылат.
1947-жылы Париж конференциясы болуп өттү.
Бул конференция жыйынтыгында Италия колонияларынан айрылып, ал колонияларга АКШ, СССР, Англия таасирлери орноду. Венгрия, Румыния жана Финляндия мамлекеттери компенсация төлөй турган болушту.
Ушулардан тыянак чыгарсак, 2-дүйнөлүк согуш ири державалардын өкүмдарлык жана байлык талашуу согушу болгон. Демек, державалар күрөшүнүн жыйынтыгын биз эмне үчүн “Улуу жеңиш” деп алышыбыз керек. Мында кимиси жеңгенинин колония мамлекеттер үчүн кандай айырмасы бар? Мисалы, Азыр Америка-Россия ортосундагы Орто Азиядагы таасир талашында кимиси жеңгени биз үчүн кандай мааниге ээ? Ири державалар бизге өздөрү каалагандай “мекен” чийип беришсе, аны ата мекен деп аташыбыз аңкоолук эмеспи? Кече эле СССР мекенибиз эле. Кана бүгүн андан бизге мураска эмне калды? Эмне үчүн биз Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде туруктуу мүчө эмеспиз? Союз убагында ядролук сыноолор өткөрүлүп жүрчү Казакстан эмнеге ядролук мамлекет эмес?
Учурда бул державалардын кайрадан колония талашуу күрөштөрү күчөп барууда. Эртең АКШ-Россия күрөшүндө, Америка түрк тектүүлөр үчүн Түркстан мамлекетин куруп берсе, мекенибиз ал болуп калабы? Кудай сактасын, эгер Кытай басып алса, “мекеним – кытай” деп ырдап калабызбы?
Негизи, тарых таңы аткандан баштап, кыямат күнүнө чейин мамлекеттер ортосунда эки себептин негизинде гана күрөш жүрөт. Бири – өкүмдарлыкка болгон сүйүү; экинчиси – материалдык пайдалар артынан кууш.
Булардын биринчиси: идеология өкүмдарлыгына жана аны жаюуга болгон сүйүү; о.э элинин өкүмдарлыгына, менменсинүүсүнө болгон сүйүү болуп экиге бөлүнөт. Мисалы, Ислам мамлекетинде 1300 жылга жакын, коммунизм мамлекетинде болсо 30 жылдай идеология өкүмдарлыгы сүйүүсү болгон.
2-дүйнөлүк согуштун себепчиси болгон Германия менен Италия фашизминде болсо, улут өкүмдарлыгы сүйүүсү жана материалдык пайдалар артынан кууш болгон.
Ушулардан тыянак чыгарып, мусулмандар тарыхтан ибрат алуусу керек. Эгер алар Исламы үчүн малы жана жаны менен күрөшпөсө, ушинтип кафир державалар ортосундагы дүйнөлүк согуштардын, же алар уюштурган жергиликтүү чыр-чатактардын курмандыктары болуп кала беришет. Ошондуктан, биз билип туруп, куфр державалары күрөштөрүнүн курмандыктарына айланбашыбыз керек. Бул үчүн Хобийр заттын алдында жооп беребиз.
Архивден

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here