Рамазанда Палестина жаатында акыйдаңарга байлангыла жана ал тууралуу шаръий өкүмдөргө амал кылгыла

281
0

Рамазанда Палестина жаатында акыйдаңарга байлангыла жана ал тууралуу шаръий өкүмдөргө амал кылгыла

Быйыл мубарак Рамазан айында мусулмандар үчүн мукаддас саналган Куддуста мусулмандар каны төгүлдү, жандары жараланды, канчалары жөөттөрдүн камактарына алынды. Былтыркы Рамазанда да ушундай болгон. Негизи, былтыр эле эмес, көп жылдардан бери ушундай… ушундай болгон соң, эй башка мусулман өлкөлөрүндөгү, алардын ичинен, эй Кыргызстан мусулмандары, силер Палестина жаатында эмнелерди ойлоп, эмнелерди кылдыңар?! Түпкүлүгүндө, бул жаатта бардык мусулмандар мойнуна илинип турган шаръий өкүмдөр бар, алар тууралуу акыйдаңардан келип чыгып пикирлей алдыңарбы? Анткени, силер акыйдасы бир, шарияты бир – Ислам Умматы эмессиңерби…

Акыйда жагынан алганда, Фалестиндин мукаддастыгы бардык мусулмандар үчүн бирдей. Анткени, ал жайда Куддус жайгашкан. Ал жайдан Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа A Исро жана Миърожго көтөрүлгөн. Ал жай мусулмандардын алгачкы кыбласы болгон. Ошондой эле, андагы Ал-Аксодо ибадат кылуунун даражасы Меккедеги Ал-Харамда жана Мединадагы Пайгамбарыбыздын A мечитинде ибадат кылуунун даражасындай жогору.

Шарият жагынан караганда, 636-миладий жылы Абу Убайда р.а кол башчылыгындагы кошуун Куддусту фатх кылып, Умар ибн Хаттаб р.а Куддустун ачкычтарын патриарх Сафрониюстан өткөрүп алган. Мына ошол күндөн тартып, ал өлкө даруль-Исламга айланып, Исламий мамлекет курамына кирген. Шаръий өкүм боюнча, качандыр бир кезде даруль-Ислам душмандар тарабынан басып алынса да, ал кыямат күнүнө чейин баладуль-Ислам (Ислам өлкөсү) бойдон калат жана андай жайларды душман баскынчылыгынан азат кылуу жана даруль-Исламга кайтаруу мусулмандарга фарз болот. Мында азыр алга сүрүлүп жаткан “тарыхый мекен” же “жаңы саясий карта” деген түшүнүктөрдүн эч кандай мааниси жок.

Ошондуктан, душмандар чабуулуна учурап турган Фалестинди тарыхта халифалар жана колбашчылар коргоого жана бошотууга өч болушканын көрөбүз.

1-кресттүүлөр жүрүшүнөн кийин, халифа Ан-Насир лидиниллах Ахмад ибн ал-Мустазиъ доорунда, колбашчы Салахиддин Айюбий бул ыйык заминди кресттүүлөр баскынчылыгынан азат кылып, Ислам менен абад кылган.

1229-жылы “Ыйык Рим империясы” бастырып кирди. Бирок көп өтпөй, халифа Ал-Мустаъсим Абдулла ибн ал-Мустансир доорунда, аюбийлер жана хорезмдиктер биргелешип, кресттүүлөрдү кайрадан кууп чыгышты.

1260-жылы, халифа аль-Мустансир доорунда, мамлюктар султан Кутз жана эмир Бейбарстар Кудсту монголдордон сактап калышты жана ошондой алардын кошуунун талкалап, кууп чыгышты.

Андан соң, усманий халифтердин баары Кудсту көздүн карегиндей сактап келишти. Ошондуктан, халиф Абдулхамид Кудстун яхудийлерге жер кылып берилиши жаатында “андан көрө менин денемдин кескиленип кеткени жакшы” деген машхур кебин айткан.

Бирок, халифалык алсыраган акыркы доорлордо, халиф Мухаммад V Кудсту Англияга тарттырып койду. Мына ошондон тартып Кудс азат кылууга зар. Халифалык кулатылгандан кийин ал жайда яхудийлер вужуду болгон “израиль” куруп берилди. Мына эми Америка аны яхудийлерге биротоло белекке бергени калды.

Палестина элин — кошуундарды аларга жардам берүү үчүн аракетке келтирбей, жардам бербей жалгыз таштап коюу – абдан чоң күнөө. Мунун күнөөсү:

Биринчи: сезим-туйгуларын жоготкон жана мусулмандарга жетип жаткан азаптар менен өлтүрүүлөрдү көрүп туруп, согушуу үчүн кошуундарды аракетке келтирбей жаткан акимдерге тиет.

Экинчи: акимдердин кылмыштарына унчукпагандыктары үчүн, аларды өзгөртпөгөндүктөрү жана жөөттөргө каршы согушка аттанбагандыктары үчүн кошуунга жана кубат ээлерине тиет.

Үчүнчү: таптаза Палестина жеринде, жөөттөрдүн колу менен төгүлгөн шейиттердин аруу канынан, жөөттөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн же алар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн шылтоо кылып пайдалана турган жооптууларга тиет.

Төртүнчү: Үммөт ичиндеги ушул кордукка ыраазы болуп, аны өзгөртүү үчүн аракет кылбай жаткан бардык мусулмандарга тиет.

Ушундай болушуна карабастан, кафирлерге малайлык кылган мусулмандар акимдери жөөттөр менен алакаларды нормалдаштырууда жарышка түшүп жатканын көрүүдөбүз. Кыргызстан да мындан сыртта калган эмес. Кыргызстан менен изариль ортосунда мамлекеттер аралык мамилелер тикеленген. Мурун израилде Кыргызстан консулдугу иштеп келсе, былтыртан тартып Түркиядагы резиденциядан Кыргызстандын израилдеги элчиси иштей баштады. Демек, жогоруда айтылган күнөөкөрлүк жоопкерчиликтери Кыргызстан бийлигинин жана анын мусулман калкынын мойнунда да бар. Андыктан, ал күнөөлөр мойнубуздан сакыт болушу үчун амалий аракеттер алып барышыбыз зарыл. Мында дуалар менен чектелүүгө болбойт. Анткени, дуа ибадат болсо да, көп-көп дуалар кылсак да, бирок, ал Фалестинди азат кылуунун амалий тарыйкаты жана көйгөйдүн түпкү чечими эмес. Мында бизден талап кылынган иш – Исламий Халифалыкты кайра тикелөө үчүн аракет алып баруу. Мына ошондо, Халифалык болгондо, мусулмандар халифанын калканы артында жөөттөрдү кууп чыгып, ал тургай, алардын артында турган кафир державаларды да түп-тамырынан омкоруп таштайт. Мына ошондо Расул Акрам Aдын башараты жүзөгө чыгат:

«لا تَقُوْمُ السَّاعَةُ حَتَّى يُقَاتِلَ الْمُسْلِمُوْنَ الْيَهُوْدَ فَيَقْتُلُهُمُ الْمُسْلِمُوْنَ، حَتَّى يَخْتَبْئَ الْيَهُوْدِيُّ وَرَاءَ الْحَجَرِ وَالشَّجَرِ، فَيَقُولُ الْحَجَرُ وَالشَّجَرُ: يَا مُسْلِمُ، يا عَبْدَاللهِ، هَذَا يَهُوْدِيٌّ خَلْفِيْ فَتَعالَ فَاقْتُلْهُ، إِلَّا الْغَرْقَدَ فَإِنَّهُ مِنْ شَجَرِ الْيَهُودِ»

«Тээ мусулмандар жөөттөр менен согушуп, аларды мусулмандар өлтүрүп, жөөт таш жана дарактын артына бекинип, тигил таш жана дарак: эй мусулман, эй Алланын пендеси, мына, жөөт аркамда турат, кел, аны өлтүр демейинче Кыямат кайым болбойт. Бир гана гаркад дарагы бул сөздү айтпайт. Себеби, ал жөөттөрдүн дарагынан». («Сахихи Муслим»).

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 04. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here