Кайрадан ККМ маселеси

247
0

Кайрадан ККМ маселеси

 Кабар: Фискалдык маалымат операторлорунун ассоциациясынын (ФФД) төрагасы Юрий Почтарев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ишкерлерин атынан көзөмөл кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн мөөнөтүн узартууну суранды.

“Программалык ККМ колдонуп жүргөндөр жаңы талаптарга бат көнүп кетишет. Аларга ашып кетсе 1,5-2 ай керек болот. Ал эми аппараттык ККМ колдоно тургандар үчүн тоскоолдуктар бар. Себеби аны үйрөнүп, жаңы салык кодексине ылайык ишти жүргүзүп кетүүгө убакыт керек”, – деди Юрий Почтарев.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 8-апрелде Министрлер кабинетинин токтому чыкканын айтып, мөөнөтүн жылдыруу маселесин талкуулоого негиз жок деди.

Комитеттин жыйынында ушул жылдын 8-апрелинде чыккан “Контролдук кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому каралды. ККМ аппаратын колдонууга киргизүү боюнча бул токтом 1-майдан тарта күчүнө кирет.

 Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

 Комментарий: Финансы министрлиги 21-апрелде Кыргызстан 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлганын, анын 291,5 млн. доллары грант болсо, 466,8 млн. доллары насыя экенин билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик — ички жана тышкы карызы — 2021-жылдын аягына карата 436 млрд 270,7 млн сомду ($5 млрд 147 млн) түзгөн. Бул сумманын 80%дан ашыгы т.а. 364млрд сом тышкы карыз.

Буга чейин, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы карыз эң көп төлөнө турган убакыт 2024-жылга туура келерин жана мамлекет тышкы карызга 330 млн долларга жакын каражат төлөшү керектигин билдирген. Бул карыз мамлекеттеги салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшөрү талашсыз. Ошол себептен да Кыргызстан өкмөтү ар бир кыймылдаган нерсеге салык салуунун үстүндө иштеп жатат. Мурунку патенттик система жокко чыгарылды, салык кызматы укук коргоо органдары менен теңештирилди жана салык кызматы топтогон салыктын 3 пайызын ала турган болду. Бул болсо салыкчылардын айлыгы алар топтогон салыкка байланыштуу болорун түшүндүрөт. Демек, салыкчылар кандай жол менен болсо да көбүрөөк салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада адамдардын жашоосу ого бетер начарлайт. Баалардын көтүрүлүшү буга кошумча болот.

Белгилүү болгондой, капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. Бул көрсөткүч АКШда 90%дан ашса, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө 100%га жетет. Кыргызстанда болсо салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калганы гранттар, чет мамлекеттер менен уюмдардан алынган карыздар, кредиттер, дивиденддер жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардан турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы бюджетти 2022-жылы 400 миллиард, 2023-жылы 500 миллиард сомго жеткирүү экендигин билдирип, бюджетти толтуруунун негизги булагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, бажы жана салыктардан көбүрөөк акча чогултуу экендигин айткан. Кыргызстан өкмөтүнүн карапайым калк кара казанын кантип кайнатып жатканы менен иши жок. Тескерисинче, анын бирден-бир кайгысы кандай болбосун бюджеттин кирешесин көбөйтүү жана ушул аркылуу тышкы карызды төлөөгө каражат табуу гана болуп турат…

Исламда зекеттен башка эч кандай мажбурий салыктар жок. Мамлекет зекетти салык эмес ибадат катары чогултат. Зекет бюджеттин таңкыстыгын жабууга, мамлекеттик иштерди башкарууга же өзгөчө кырдаалдар үчүн алынган карыздарды төлөөгө жумшалбайт. Ал үчүн умумий мүлк жана мамлекеттик мүлк иштетилет. Зекетти шарият белгилеп берген орундарга гана жумшайт. О.э. байлык бир ууч капиталисттер менен монополисттердин колунда топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөөчү болуп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан зекет алып муктаждарга бөлүштүрүү аркылуу коомдо жыргал жашоону жана тең салмактуулукту камсыздайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here