Жапаров прокуратурага сурак берип чыкты

123
0

Жапаров прокуратурага сурак берип чыкты

Президент Садыр Жапаров Июнь коогасына байланыштуу күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Ал 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган. Ушул эле иш боюнча 25-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Ал июнь коогалаңы үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айыптаган.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келген. Мындан улам улуттар аралык кагылышуу чыккан. Натыйжада, 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жараат алган, мамлекетке чоң зыян келтирилген.

Анын артынан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков да Башкы прокуратурага июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидиновдун кабарлашынча, июнь окуясы боюнча кызмат адамдарынан 15 киши сурак берип жатат. Алардын көпчүлүгү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары уланып жатат.

Мындан 12 жыл мурдагы кандуу окуянын чоо-жайы, келип чыгуу себептери, кесепеттерин мамлекеттик, депутаттык андан кийин эл аралык көз каранды эмес комиссия иликтеп, өз корутундуларын чыгарган.

УКМК бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Өткөн жылы бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эсептелген Атамбаевдин тарапташтары, анын артынан Текебаевчилер БШК сервериндеги мүчүлүштүк себептүү кайрадан шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышкан. Бул нааразылыкка батышчыл кадрлар, анын ичинде Отунбаева, Исаков, Кулов, Суваналиев баштаган саясатчылар кошулуп, бийликти сындап чыккан. Мына ушул окуялардан кийин Жапаровдун админстрациясы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн эскертип, жогорудагы кылмыш ишин ачкан.

Ал эми, учурда бул иштин кайрадан жандануусу өлкөдө “Коомдук кеңеш” деп аталган оппозициялык маанайдагы уюмдун жана өткөн айда оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун түзүлүшүнө дал келип жатат. Бул эки уюмда тең убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бар.

Демек, июнь окуясы боюнча кылмыш иштер бийлик менен оппзициянын саясий соода кылуучу жана бийликтин учурдагы оппозициянын негизин түзгөн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө басым өткөрүүчү курал болуп калган. Мындай ыкманы 2016-жылы Атамбаев дагы Убактылуу өкмөт менен тирешип турган чакта колдонуп, Ош окуясын иликтей баштаган. Көп өтпөйтараптар ымалага келишип, белгисиз жагдайда иш жабылган.

Чындыгында, 2010-жылы июнь айында дини, базары жана мазары бир болгон эки элдин ортосунда кайгылуу окуя жүз берген эле. А бирок, бул окуя табигый келип чыккан эмес. Ошол кездеги Убактылуу өкмөт бийлигин сактап калуу о.э. мамлекет түндүк-түштүккө бөлүнүп кетишинин алдын алуу үчүн ушул окуяларды жасалма түрдө пайда кылган. Бул кандуу окуяларды негизинен кыргыз өкмөтү о.э. күч түзүмдөрүндө таасирге ээ болгон орус өкмөтү менен атайын кызматтары уюштурган. Ошол кезде да кандуу окуялардан кийинки тергөө иштери адилетсиз жүргүзүлүп, Убактылуу өкмөт мындан өз бийлигин бекемдеп алууда пайдаланган.

Кийинчерээк, Атамбаев доорунда июнь окуяларын кайрадан тергөө маселеси козголуп, Атамбаев да 2016-жылы Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишин иликтөөнү тапшырган. Буга Атамбаевдин конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунушуна Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каршы чыккандыгы себеп болгон. Ошол кезде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевге ачык эле каршы чыгышып, конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режим орнотууну токтотууга чакырышкан. Бирок, Атамбаевдин июнь окуяларын кайрадан тергөө аркылуу коркутуусу жемишин берип, алар конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыкча каршылык көрсөтүшпөдү. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумдан кийин июнь окуясын иликтөө кайрадан унутулуп “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды”.

Учурдагы бийлик да бул натыйжалуу тактиканы улантып жатат. Эгер оппозиция каршылыгын токтотсо 2016-жылдагы сыяктуу эле бул иш “унутулат” же үстүртөн каралып жабылып кетет. Себеби, эгер иш калыстык менен текшериле турган болсо, бул иште Россиянын изи чыгып калат. Буга бийлик да кызыктар эмес. “Кыӊыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул жийиркеничтүү иштердин бардыгы албетте бир күнү ачыкталат. Бирок, биздин малай акимдер элге ушунча зыян жана кырсыктар жетип турган кезде, орустун ыпыластыгын айта алышкан жок. Проблеманын негизи мына ушунда. Т.а. биз бийликти ишенип тапшырган жетекчи саясатчыларыбыз ачкөз жана саясий популист экендигинде. Бул бактысыз жасалма саясатчылар креслолорун ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн өзүнүн ага-инилери жана эже-карындаштары болгон мусулман саясатчыларды экстремизм менен айыптап, катуу кыйнап келишет. Ошондо да, колонизатор кафир жетекчилери аларга ыраазы боло беришпейт. Тескерисинче, кырдаалга карай аларды алмаштырып турушат.

Жыйынтыктап айтканда, 2005, 2010, 2020-жылдагы төңкөрүштөр бийликтин алмашуусунан башка эч бир натыйжага алып барбады. Мында Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш айрым кадрларын бийликке аралаштыруу жана сакофий таасирин арттыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Тескерисинче, Акаевдин учурунда мусулмандарга карата болуп келген куугунтук бүгүн да уланууда. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма “революцияларга”, улуттар аралык же чек арадагы чыр-чатактарга алданып калбашыбыз керек. Анткени, булардын баары колонизаторлор тарабынан, малай акимдердин колу аркылуу жасалат. Андыктан, мусулмандардын акы укугун өзүнүн милдети катары билген, Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here