Саны арбын… сапарлар тууралуу
Акыркы күндөрү президент баш болгон бийлик адамдарынын көптөгөн чет өлкөлүк расмий сапарларына күбө болдук. Төмөндө алардан көздөлгөн максад жана алардын артында жашырынган айрым жагдайлар тууралуу кеп кылмакчыбыз.
Россияга жасалган сапар
Россия Кыргызстандын түздөн-түз колонизатору болгондуктан, Кыргызстандын ар бир жаңы бийлиги аны менен болгон мамилени өз ишмердүүлүгүнө негиз кылып алат. Садыр Жапаровдун Россияга жасаган визитинен көздөлгөн максады да ушундай болду. Көпчүлүк бул визит тууралуу “таанышуу сапары” болду деп айтып жатышат. Бул өтө үстүрт жана адамдарды акыйкаттан алыстатуучу пикир.
Белгилүү болгондой, 2019-жылы Путин баштаган россиялык делегация Кыргызстанга мамлекеттик сапар жасаган эле (мамлекеттик визит башка визиттердин бардыгынан жогору турат). Мына ошондо, көптөгөн ачык жана жашыруун келишимдер түзүлүп, саясий жактан Кыргызстан Россиянын Орто Азиядагы колонизаторлук саясатынын таяныч базасына айланган (мисалы, 2020-жылы 7-8-февралда, Россия Кыргызстандан туруп Казахстанда улуттар аралык чыр-чатак чыгарып, казак бийлигине проблема кыла алды). Экономикалык жактан бардык кен байлыктарды Россия энчилеп, андан артканы гана Россиянын рухсаты менен башкаларга бериле турган болгон. Ага чейинки Атамбаевдин айрым “айланып качуу” иш-аракеттери жокко чыгарылып, Жээнбеков “толугу менен моюн сунуу” стратегиясын кабыл алган. Бирок, аларды аткарууда аксап, Путиндин каарына да калган. Мисалы, батышчылдарга каршы катаал чаралар көрүүгө батына албады… Кызыл-Омпол уран кенинде орусиялык компаниянын иши токтотулду… ж.б.у.с. Ал эми Садыр Жапаров экс-президент кол койгон келишимдерди улантууну жана аларды жакшылап аткарууну убада берип келди. Б.а. баягы эле стратегия Кыргызстан саясаты үчүн кайрадан негиз болуп калды.
Ошондуктан да, Садыр Жапаров “Российская газетага” берген интервюсунда, мамлекетте тоо-кен тармагында реформа болорун, бул тармакта мамлекеттик компания түзүлөрүн айтканда, булардын мурунтан лицензиясы барларга тиешеси болбошун айтты. Бул дегени, мурунтан лицензияга ээ болгон чет элдик инвесторлор (айрыкча, Россия, андан кийин Кытай компаниялары) мурунку келишимдер боюнча иштей берет дегени. Алардын аткарылышынын алгачкы окуясы катары, биз Жерүйдөгү фабриканын ачылышына күбө болдук.
Ал эми булардан башка, Кыргызстан үчүн маанилүү болгон айрым иштердин ачык, асылган бойдон калганын көрдүк. Мисалы, газды арзандатуу меселеси чечилген жок. О.э. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча маселе да ачык калды. Негизи, Жогорку Нарын каскадын курууда түбүнөн эле Кыргызстан калкынын кызыкчылыгы көздөлгөн эмес. АКШ жана Батыш империалисттери Орто Азияны Россия колонизаторлугунан тартып алуу стратегиясынын алкагында, бир нече экономикалык долбоорлорду иштеп чыгышкан. Алардын бири CASA-1000. Бул долбоор Кыргызстан жана Тажикстандан Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону көздөйт. Мындай экспорт ишке ашуусу үчүн, жаңы ГЭСтер курулушу керек. Ошондуктан, бул проект АКШ кызыкчылыгына кызмат кылып калбашы үчүн, аларга Россия көзөмөл орнотушу керек болот. Б.а. аларга Россия ээлик кылып, бааны Россия белгилеп, түшкөн пайданы Россия алышы керек. Ушундан улам, Русгидро Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын энчисине басып алды. Атамбаевдин андан кутулуу аракети майнапсыз чыкты. Эгер, эми Кыргызстан Россия урухсатысыз башка инвесторго бермекчи болсо, анда Россия башка инвесторго бере албагыдай даражада үлкөн айыпка жыгат.
Ал эми, Россиянын Кыргызстанга курал-жарак убада кылышына келсек, бул Тажикстанды ЕАЭБге мажбурлап киргизүү алкагында болду. Б.а. Россия берген куралдар менен Кыргызстан Тажикстанга гана сес көрсөтө алат жана аларга таянуу менен – Россия каалаган учурда – Тажикстан үчун чегара көйгөйлөрүн жаратууга батынмакчы.
Президенттин Казакстанга болгон сапары
Казахстан да Кыргызстан сыяктуу эле колонизаторлорго көз каранды мамлекет. Айырмасы, казак бийлиги региондо лидер болууга аракет кылып келет. Аны буга АКШ баш болгон Батыш империалисттери түртүүдө. Муну менен алар Россияга каяша кыла ала турган, Россия колониясындагы Орто Азия өлкөлөрүн андан алыстата турган бир мамлекет кылууну көздөшөт. Бирок, Россия анын региондо лидер болушуна мүмкүнчүлүк бербей келет.
Кыргызстан президентинин Казакстанга болгон сапарында мурунку абалдан айырмалангыдай эч кандай чечим деле болгон жок. Негизи, учурда Кыргызстан үчүн Казакстан менен болгон мамиледе 2 маанилүү нукта бар. Биринчиси, ГСМ (күйүүчү-майлоочу май) маселеси болсо, экинчиси транзит маселеси. Кыргызстанды Россияга эң көз каранды кылып турган нерселердин бири – Кыргызстандын ГСМди Россиядан импорт кылуусу. Ал эми Казакстанда болсо, арзан ГСМ тыгылып жатат. Бирок, ушуга карабастан – стандарттар шылтоосу менен – Казакстан өзү Россиядан ГСМ импорттойт. Эгер Кыргызстан Казакстандан арзан ГСМ импорт кыла алганда, өлкөдө бир топ жеңилдиктер болуп кетмек. Бирок, Кыргызстан жана Казакстан бийликтеринин буга саясий эрктери жетишпейт. Бул жолку сапарда да ушул маселе жаатында эч кандай чечимге жетишилген жок. Экинчиден, Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга чыгуу чегарада ар дайым тоскоолдуктарга учурайт. Б.а. Казакстан бийлиги Россиядан көргөн кордугунун ызасын Кыргызстандан чыгарат. Россиянын өзүнө түздөн-түз каршы чыга албайт. Анын колонизаторлугуна, мисалы, ЕАЭБ уюмунун ишине ушундай жол менен каяша кылат. Россия болсо, качан зарылдык туулмайынча, буга көз жумуп коёт. Анткени, бул өлкөлөрдүн өз ара чырылдашып жатканы анын колонизаторлук саясатына кызмат кылат. Кыргызстан президентинин бул сапарында да – айрым протоколдук иш-чаралар эле өткөнү болбосо – транзит маселеси ошол бойдон эле калды.
Президенттин Өзбекстанга болгон сапары
Өзбекстан да Кыргызстан сыяктуу эле колонизаторлорго көз каранды мамлекет. Ошондуктан, аны өз алдынча тышкы саясат жүргүзө алат деп ойлоого болбойт. Болгону анда, империалист мамлекеттер өз ара колония талашууларында ага регион лидери макамын берүү мүмкүнчүлүктөрү бар. АКШ баштаган Батыш империалисттери Орто Азияны Россиядан тартып алуу үчүн бир нече эл аралык уюмдарды, эл аралык долбоорлорду түзүшкөн. Алардын ишке ашуусунда Өзбекстан зор ролго ээ. Орто Азия өлкөлөрүндө өз ара интеграцияны күчөтүү мына ушул долбоорлор алкагында алып барылат.
Ушунун алкагында, Өзбекстан бийлиги чегара көйгөйлөрүнөн оолак болууну көздөйт. Россиянын чегара чыр-чатактарынан пайдаланып, ОДКБ аркылуу пролемалар жаратуусунан качат. Буга Кыргызстан бийлигинин да ыктоосу бар. Анткени, чегара маселелеринин жок болушу эки өлкөнүн тең элдерине жагат, себеби, андай көрүнүш жашоодо жеңилдиктерди жаратат. Андыктан, чегара маселелерин жоюу – элдин бийликке карата ишенимин арттырат. Бирок, азыркы бул аракеттер чегара көйгөйлөрүн биротоло чече албайт. Анткени, алардын “ачкычы” колонизаторлор колунда. Мисалы, бул жолку чегара жаатында жетишилген жеңилдиктерге карата колонизаторлордун башка бир малайлары тарабынан ишенбөөчүлүк жаратууга болгон катуу аракеттерди көрдүк.
Ал эми, Өзбекстандын ГЭСтер курулушуна инвесторлук кылышына келсек, бул да Россия чеңгелинен кутулууга болгон аракеттер алкагына кирет. Бирок, Россия буга дароо реакция жасай койбойт. Анткени, мисалы, Өзбекстан Камбарата-2 ГЭСине өзү жалгыз инвесторлук кыла албайт. Долбоор ишке түшкөндөн кийин, дагы башка бир инвесторлорду катыштыруу зарылдыгы туулат. Ал ошондо Батыш компанияларын катыштырууну көздөйт. Бирок, эгер Россия күчүндө турса, ал өз компаниясын алып кирет да, долбоордогу башкы ролду алып коёт, болбосо, долбоорду токтоттуруп коёт. Лекин, Өзбекстан жана Кыргызстан бийлиги Россиянын алсырашынан үмүткөр.
Кыргызстан делегациясынын Тажикстанга болгон сапары
Сапар алдынан УКМК төрагасы Тажикстан тарапка катуу талаптарды коё тургандыгы тууралуу билдирүү жасады. Алардын катарында Тажикстанга Кыргызстан аркылуу кирип жаткан ГСМ контрабандасына жана Кыргызстан аркылуу Кытай товарлары алып өтүлушүнө тыюу салынары айтылды. Чегарадагы айрым айылдар контрабанда аркылуу тиричилик өткөрүп жатканына карабастан, аларга тыюу салынары, мыйзамдуу жолго коюлары билдирилди. Бул дегени, мыйзамдар аркылуу тоскоолдуктар жаратылат дегени. Негизи, бул Россиянын Тажикстанды ЕАЭБ уюмуна мажбурлап алып кирүү алкагында жүргүзүлүүдө. Себеби, ЕАЭБ курамына кирген Казакстан, Кыргызстан, Армения өлкөлөрүнүн кандай кыйынчылыктарга туш болгонун көрүп, Тажикстан уюмга кирүүдөн качып келүүдө. Ал эми, Россия аны ар кандай ыкмалар аркылуу кыйнап, уюмга алып кирүү аракетинде. Кыргызстан буга чейин Россиядан келген жана Казахстандан контрабандалык жол менен импорт кылынган ГСМди Тажикстанга контрабандалык жол менен экспорт кылат эле. Мына эми, азыр күбө болуп жатканыбыздай, буга тоскоолдук жаралары менен Тажикстанда ГСМге баа аябай көтөрүлүп кетти. Делегациялар бул маселенин чечилишине жакын да жологон жок. Демек, абал ушундай улана берсе, Тажикстан бийлиги Россия бийлиги алдында чөгөлөшү керек болот. Болбосо, элдин нааразылыгы Тажикстан бийлигине кооп туудура турган деңгээлге көтөрүлөт.
Бул саны арбын, сапаты шектүү сапарлардын айрым жагдайлары тууралуу сөз болду. Көрүнүп тургандай, регион калкы империалисттердин колонизаторлук талаштары жана алардын малайларынын таажы-тактыларды сактап калуу амалдары астында эзилип жатат. Мусулмандар үчүн мындай зулумдан кутулуунун бир гана жолу бар. Ал бүткүл дүйнө мусулмандарын бириктирүүчү Халифалык мамлекетин тикелөө. Ал Халифалык Исламды турмушта колдонуп, анын даъватын бүткүл дүйнөгө жаят.
Абдулхакийм Караханий