بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Мубарек жер туурасында кабыл алынган шерменделик жана саткындык документи
«Maannews.net» веб-сайты хижрий 1442-жылы 9-ражаб, миладий 2021-жылы 21-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Фалестин администрациясы АКШнын жаңы администрациясына жолдогон биринчи саясий кайрылуусунда Фалестин фракциялары, алардын катарында, Хамас тарабынан жетишилген негизги келишүүлөрдү көрсөтүп өттү.
«Amad.ps» веб-сайтында «Фалестиндеги бардык фракциялар 1967-жылдагы чек ара боюнча Фалестин мамлекети курулушун, анын борбору Чыгыш Куддус болушун о.э. элдик каршылык кыймылы тынч жол менен уланышын карманышат» делет.
Фалестин министри Хусайн Шайх шайлоолор жана негизги мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча милдеттенмелерге тиешелүү документти Мамлекеттик катчынын (израиль)-Фалестин иштери боюнча жардамчысы Хадий Амрга тапшырды.
Документ талапкер көрсөтүү үчүн шайлоо шартын (талапкерге арыз, 4-тиркемени) да өз ичине алган, анда «шайлоого катышмакчы болгон ар бир адам арызга кол коюшу о.э. негизги мыйзамды жана андагы Фалестин Азаттык Уюму тастыктаган, кабыл алган шайлоолор жөнүндөгү мыйзамды жана ага киргизилген өзгөртүүнү кабыл алышы, Фалестин Азаттык Уюмун Фалестин калкынын жалгыз мыйзамдуу өкүлү деп билиши шарт», – деп айтылган».
Роя:
Бул документтен Фалестин Азаттык уюмунун саткындыгы, ал Фалестин калкынын жалгыз мыйзамдуу өкүлү экенин айтып, элдин атынан Фалестиндин чоң бөлүгүнөн баш тартууда бекем турганы жана өз кыянатын жашырып да отурбаганы ачык көрүнүп турат. О.э. бул документтен шайлоолор Американын «эки мамлекет» долбооруна т.а. Фалестиндин чоң бөлүгү яхудий вужудуна берилери көрсөтүлгөн долбоорго негизделгени көрүнүп турат. Мындан тышкары, бул шайлоолор Фалестин маселесин аягына чыгаруу үчүн колонизатор Батыш тарабынан белгиленген эл аралык мыйзамга таянат. Фалестин Азаттык уюмунун саткындыгына ыраазы болуу, бул саткындыкты адамдын шайлоого катышуусу үчүн зарылдык деп билүү, өлкөнү жана адамдарды текке кетирген бул уюмду Фалестин калкынын жалгыз мыйзамдуу өкүлү деп эсептөө о.э. Фалестин режимине кирүүгө жана шайлоолорго катышууну көздөгөндөр үчүн, кааласа-каалабаса, бул шайлоолорду негизги максат деп билүү – булардын баары шайлоолордо катышуунун негизги талаптарынан эсептелет.
Фалестин режими ушул документ менен өз саткындыгын о.э. Аллахтан да, Расулунан да, момундардан да уялбашын көрсөттү. Ал кудум: биздин баткакка түшүүнү каалаган киши, алгач балчык суудан ичиши, бирок, баткакка кирүүдөн мурда – бир да шылтоо калбашы үчүн – эмнеге кетип жатканын билиши керек, деп айтууда. Режим анын баткагына түшүп жаткан кишиден кыянатты кыянат экендигин билип, аң-сезимдүү абалда калышын, режим менен бийликке шерик болуп жатканда – жан берүү, саткындык кылуу, «эки мамлекет» долбооруна ыраазы болуу, яхудий вужуду менен коопсуздук жана коргоо кызматташтыгын орнотуу сыяктуу саткындыктарда – режимден озунуп кетпешин каалайт.
Фалестин калкы мындай ачык-айкын кыянатты көргөндөн кийин режимдин былыктарын ачыкташы, шайлоолор жан берүү жана баш тартууга негизделген шайлоо экенин ачып ташташы лазым. Алар ушуну жакшы билиши керек, бул шайлоолор түплүгүндө бир курал болуп, андан Азаттык уюму өз кыянатын аягына жеткирип, Фалестин маселесин яхудийлердин пайдасына чечиши үчүн ага мыйзамдуулук түсүн берүү көздөлгөн. Бул шайлоолор – Азаттык уюмунун о.э. режим жана жүгүртөктөрүнүн көмүскө базары. Ошондуктан, адамдар бул шайлоолорго таптакыр катышпашы керек. Фалестин калкы Фалестин маселесинин ээси болгон Ислам Умматына ушуну көрсөтүшсүн: Азаттык уюму Фалестин калкына да, анын маселесине да таандык эмес, ал өзүнө о.э. анын калкасына киргендерге таандык. Бул режим ушул мубарек жердин маселесин исламий маанисинен бөлүп, жок кылуу үчүн Фалестин калкынын мойнуна тирелген кылыч… колонизаторлор колундагы курал…
Фалестиндеги фракциялар түшүнүп жетүүлөрү керек болгон нерсе: Азаттык уюму эбак эле жасалма режимдин акысына Фалестин маселесин сатып жиберген. Ал эми, режим баскынчы яхудийлерге кызмат кылган коопсуздук органына айланган, Азаттык уюму да, режим да умтулууга жана ал үчүн ат салышууга татыктуу сыйлык эмес. О.э. бул фракциялар Азаттык уюмунан, режимден, алардын шайлоолорунан, документтеринен, баарынан баш тартышы жана алардын бир бөлүгүнө айланбашы лазым. Аллах Таала айтат:
﴿مَن كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعاً إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَكْرُ أُوْلَئِكَ هُوَ يَبُورُ﴾
«Ким күч-кудуретти кааласа, анда, бардык күч кудурет Аллахка таандык. (Ар бир) пакиза сөз Ага көтөрүлөт жана жакшы ишти да (Аллах Өз даргөйүнө) көтөрөт. Жаман айла-амалдарды кылган кимселер үчүн болсо катуу азап бар жана алардын айла-амалдары да жок болот» [35:10]
Роя гезити, №328, 2021-жыл, 3-март.