Умматтын аң-сезимин жогорулатып, анын жоопкерчилигине Халифалыкты кайра тикелөө милдетин жүктөө

273
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Умматтын аң-сезимин жогорулатып, анын жоопкерчилигине Халифалыкты кайра тикелөө милдетин жүктөө

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Халифалыктын кулатылганынын жүз жылдыгында «Умматтын аң-сезимин жогорулатып, анын жоопкерчилигине Халифалыкты кайра тикелөө милдетин жүктөө» деген апталык форумду бул ирет Умму Дурман телеканалынын студиясында өткөрдү. Форумга бир катар саясатчылар, муфаккирлер, журналисттер жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу журналист Мухаммад Мабрук Суданда чыккан «Ахбарул Явм» гезитинин жекшемби күнкү санында мындай дейт: «Форумга катышууга кызыгуум дагы да күчөдү. Себеби, Хизб-ут-Тахрир жаштары куру сөздөрдү сүйлөбөйт жана жалган ураандарды көтөрүп чыкпайт. Тескерисинче, алар өз максатына жетүү үчүн өзгөчө жандашууга жана бекем чечимге ээ болуп, айрым массалык маалымат каражаттарынын чабуулдарынан таптакыр алсырабайт».

Ишемби күндөгү форумда доктор Абдурахман биринчи сөзүндө усул эрежеси жөнүндө сүйлөдү. Т.а. саясий аракет натыйжалуу болушу үчүн ал шексиз Ислам манхажына негизделиши керектигин баса белгиледи. Доктор Меккедеги исламий даъваттын Мединада мамлекет тикеленгенге чейинки баскычын баяндап, бул баскыч адилетке негизделген мамлекеттин башкаруу негиздерин бекемдеди, деди. Доктор «араб жазы» жана башка козголоңдор тез эле тизгинделип калганы жөнүндө сүйлөп: «Чыныгы өзгөрүү үчүн анык жолго ээ туура идеология керек, бир эле сезимдин өзү жетиштүү эмес, колонизатор Батышты ээрчүү зулум жана жахилият болуп, Умматтын абалын оңдой албайт, Умматтын оңдолуусунун жападан жалгыз жолу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Исламий Халифалыкты тикелөөгө жана бир имам-халифаны шайлоого багытталган саясий иш-аракет алып баруу», – деди. Экинчи сөз адвокат Ахмад Абкарга берилди. Ал өз баянында өзгөрүүнүн таянычтары жаштар экенин, бул ишке жетекчилик кылуу үчүн чыныгы күч жаштарда экендигин баса белгиледи. Форумдун катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жогорудагы сүйлөөчүлөр кенен жооп беришти. Алардын катарында «Бул иш-аракет күч-кубат жана нусрат ээлеринен жардам алууну талап кылып жатканда, эмне үчүн Хизб-ут-Тахрир армиянын милдети менен алектенбейт?» деген суроого мындай жооп берилди: «Хизб-ут-Тахрир даъват манхажына жана жакшы даватка таянат. Себеби, мамлекетти т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн жалгыз жол – чырайлуу насаат».

 

Роя гезити, №328, 2021-жыл, 3-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here