Бишкекте 500дөн ашык аялга хижаб кийгизүү иш-чарасы өттү

235
0

Бишкекте 500дөн ашык аялга хижаб кийгизүү иш-чарасы өттү

13-март күнү Бишкек шаарындагы спорт ордосунда 500дөн ашык кыз-келиндерге Аллахтын парзы болгон хижаб кийгизүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мухаммад Асма билдирди. Аталган окуя социалдык тармактарда момун-мусулмандарды кубанычына себеп болсо, Батыш демократтарын ызалантууда.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” форумунда сөз сүйлөп жатып кыргыз коомунун исламдашуусуна кыжаалаттыгын билдирген. Ал намазкана-мечиттердеги баяндарга бийликти көңүл бурууга чакырып, “эртең ойгонсок, бизге “Бүгүнтөн баштап, бардыгыңар кара жоолук кийүүгө милдеттүүсүңөр”, – деп айтышат”, – деп түйшөлдү.

Түпкүлүгүндө бул эки иш-чара демократия жана Ислам дүйнө караштарынын ортосундагы ачык күрөштү чагылдырууда. Демократия дүйнө карашына ылайык, аял бул – “колдонулушу, ырахат алынышы керек болгон мата”. Ошондуктан, “эркиндик”, “тең-укуктуулук” беткабы астында аялдарды чечинтүүгө, аларды көчөлөргө алып чыгууга аракет кылат. Мунун натыйжасында коомдо зынакорлук, сойкулук, күйөөлөрүн же аялдарын ойлонбостон алмаштырып кетүү сыяктуу бузукулуктар кең жайылат.

Мунун каршысында Ислам дүйнө карашы аял бул – “корголушу керек болгон ар-намыс” деп эсептейт. Ошондуктан, андагы өкүм-мыйзамдардын баары аялды коргоого багытталат. А түгүл, сапарда анын намысына шек келбеши үчүн махрамы жанында жүрүшүн шарт кылат. Ошондой эле коомдогу терс көрүнүштөргө себеп болбошу үчүн ага денесин жаап жүрүүнү парз кылат. Үй-бүлө ырыскысын таап келүүнү аялга эмес эркекке милдет кылат. Аны камкордугуна алууну нике ырасымында эле жолдошуна тапшырат. Эгер бул өкүмгө суздук кылса эркекке шарий өкүм эскертилет. Натыйжада, бүгүнкү күндө күбө болуп жаткан үй-бүлөлүк, ижтимаий көйгөйлөрдүн баары түп-тамырынан чечилет.

Мумтаз Маверанахрий  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here