Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселесин “үч айда чечүүнү” макулдашты

379
0

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселесин “үч айда чечүүнү” макулдашты

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чек ара маселесиндеги негизги маселелерди “үч айдын ичинде” чечүүнү макулдашты.

Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирген.

13-мартта Кыргызстан президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

“Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт. Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тиреш жаратып келген Унгар-Тоо (Үңкүр-Тоо) аймагын берүүгө даяр”, – деп айтылат Кыргызстан президентинин басма сөз катчысы тараткан маалыматта.

 Комментарий: Кыргызстан президентинин басма сөз катчысынын “кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр” деген билдирүүсү социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кызуу талкууга жем таштап, бул чечимди сындагандар көп болду. Ошондон кийин президенттин басма сөз кызматы орус тилинде жарыялаган билдирүүсүн өчүрүп, анын ордуна башка билдирүү таратты. Жаңы билдирүүдө кыргыз өкмөтү Сох анклавы үчүн транспорт жолун эмес, аба жолдорун гана ачууга даяр экендиги айтылган.

 Өз кезегинде, Өзбекстан талаштуу Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр экендиги айтылган кабар да социалдык тармактардын өзбек сегментинде негизги темага айланды. Анда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов бербеген жерди Мирзиёев берип жатканы айтылып, маркум тогут дээрлик баатырга айланып калды. Өзбек сегментинде да бул чечимди сындагандар көп болду…

Кудайсыз Советтер Союзу Орто Азия республикалары ортосунда жасалма чек ара сызыктарын белгилеп жаткан убакта аларды атайылап шахмат талаасы сыяктуу бөлүп, керек болгон убакта биздин ортобузда чек ара жана жер маселелери боюнча жаңжалдарды пайда кылуу мүмкүнчүлүгүн өзүндө сактап калган. СССР кризиске учурап, мамлекет катары дүйнөлүк картадан жоголгондон бери анын мураскору болгон Россия өзүнүн мурдагы колонияларына басым өткөрмөкчү болгондо мына ушул чек ара проблемасынан пайдаланып келет. Кошуна мамлекеттер ортосунда тынымсыз жүз берип жаткан чек ара жаңжалдарынын о.э. ал жаңжалдарда курал колдонууга чейин жетип, карапайым жарандардын каны төгүлүшүнүн артында Россиянын бирер республикага басым өткөрүү каалоосу турганы анык. Бул республикалар чек ара проблемасын өз ара чечүүгө келишип алган күндө да, Россия муну ишке ашырууга жол бербейт. Эгер бул келишимдер анын кызыкчылыктарына тескери келе турган болсо, дароо жасалма мекенчилдерди ишке салып, элди ушул келишимдерге каршы козгоо менен ал келишимдерди жокко чыгарууга аракет кылат. Табигый түрдө, бул иште мекенчилдик жана улутчулдук пикирлеринен пайдаланышат.  Ошентип, чек ара проблемасы чечилбей кала берет.

 Эгер Орто Азия мусулмандары чындап эле ортодо чек аралар жок болушун, бири-бири менен эч кандай тоскоолдук жана проблемаларсыз ээн-эркин карым-катнашта болууну кааласа, алгач колонизатор кафирлер бизди бөлүп таштап башкаруу үчүн сиңирген сасык жана жийиркеничтүү болгон улутчулдук жана мекенчилдик пикирлерин таштап, мусулмандар ага-ини  деген пикирлерди кабыл алышы керек. Андан соң, ортобузга жасалма чек араларды сызып берген колонизатор кафирлер менен алардын жергиликтүү малайларынын бийлигин жоготушу керек. Бул иш Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар бизди эки дүйнө бактысына алып баруучу Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here