Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга кетти

214
0

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга кетти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу на ылайык, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен кетти.

Садыр Жапаров баштаган делегациянын курамына өкмөттүн дээрлик толук курамы кирген. Башкача айтканда, Садыр Жапаровду Руслан Казакбаев, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев , Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жана башка бир катар министрликтер менен мекемелердин башчылары коштоп кетишкен.

 Комментарий: Каримов президент болуп турган учурда, улуттук коопсуздукту камсыздоо жана исламий коркунучтун алдын алуу шылтоосунда региондогу мамлекеттер менен алаканы дээрлик үзүп салган эле. Кошуна мамлекеттер менен чек араларды бир тараптуу жаап, айрым кошуналар менен виза режимин киргизүү менен тууган-урук, куда-сөөк мамилелери үзүлүшүнө себеп болгон. Булардын бардыгына анын табиятындагы коркоктугу жана ар бир абалдан өз бийлиги үчүн коркунуч көрүшү себеп болгон эле.

 Мирзиёев бийликке келген соң, эл аралык коомчулук алдында реформатор катары көрүнүү максатында ичкериде бир катар реформаларды жүргүзүп, элге азыраак жеңилдик берүү менен бир катарда кошуна мамлекеттер менен да мамилелерди жакшыртууга киришти. Каримов доорунда жабылган чек аралар ачылды, карым-катнаш жеңилдеди, мамлекеттер ортосунда жогорку деңгээлдеги сапарлар, ар түрдүү жолугушуу жана жыйындар болуп өттү.

2016-жылдын 22-31-октябрь күндөрү Баткен жана Ош шаарларында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери  боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуулары болду. 2017-жылдын 13-14-март күндөрү Ташкентте Өзбекстан-Кыргызстан министрликтери аралык саясий консультациялардын кезектеги раунду болуп өттү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусуна ылайык, 2017-жылдын 5-6-сентябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда болду. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев 5-6-октябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды. Атамбаевден кийин бийликке келген Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 13-14-декабрь күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанда болду. Сапардын алкагында финансы жана бажы тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланып, тийиштүү документтерге кол коюлду.

2018-жылдын 30-мартында Ферганада Өзбекстан жана Кыргызстан премьер-министрлери төрагалыгында эки өлкөнүн чектеш облустарынын башчылары кеңешинин алгачкы отуруму болуп өттү. Ошол жолугушууларда көтөрүлгөн негизги маселе – чек ара көйгөйлөрү болду. Бирок, эки өлкөнүн президенттери да, өкмөттөрү да бул көйгөйдү чечүү үчүн эмне кылуу керек деген маселеде, чек ара сызыктарын тактоого, талаштуу аймактар проблемасын өз ара жер алмаштыруу аркылуу чечүү керектигине көңүл бурушту да, а бирок дини бир, кыбыласы, базары жана мазары бир болгон эки элдин ортосундагы жасалма чек араларды биротоло жоюп салуу жөнүндө ойлонуп да коюшпады. Себеби, эки элдин өкүлдөрү эч бир тоскоолдуксуз карым-катнаш кылышы үчүн чек араларды жоюп салуу булардын колунан келе турган иш эмес. Мындай кылууга алардын саясий эрки жетпейт. Алар өз ара жакшы кошуначылык мамилесинде да кубаттуу мамлекеттердин, айрыкча, Россиянын кызыкчылыктарына тескери келбей турган көрүнүштө иш алып барышат. Мисалы, 2016-жылдын октябрь айында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн келишимдер – бардык көзөмөл өткөрүү пункттарын  ачуу, эки өлкө жарандары чек аралардан өздүк керектөөсү үчүн товарларды эркин алып өтүшү – жылдын соңуна барып дээрлик токтоп калды. Себеби, бул келишимдерге Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн, айрыкча мамлекеттик коопсуздук кызматынын ыраазылыгы болгон эмес. Белгилүү болгондой, Өзбекстандын коопсуздук кызматы мамлекетте күч-кубатка ээ жана бул кызматка Россиянын таасири күчтүү…

 Ошол себептен да бул сыяктуу таасир алдындагы мамлекет башчыларынын жолугушуусунан чоң өзгөрүүлөр жана натыйжаларды күтүүнүн кереги жок. Алар жолугушууларда стандарттуу сөздөрдү сүйлөп, түзүлө турган келишимдерде кожоюндарынын “куйругун” басып албастыкка аракет кылышат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here