1919-1924-ЖЫЛДАРЫ ИНДИЯДА ХАЛИФАЛЫКТЫ КОРГОО
ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН ХАЛИФАЛЫК КЫЙМЫЛЫНЫН ЖҮЗ
ЖЫЛДЫГЫНАН АЛЫНГАН САБАКТАР
Абдулфаттах ибн Фарук – Индия
Уммат башынан өткөргөн эң чоң мусибаттардын бири
Халифалыктын кулатылышы болуп, бул окуя хижрий 1342-жылы 28-ражабда, миладий 1924-жылы 3-мартта болгон. Ошол убактан тартып Аллахтын шариятына амал кылуу токтоду жана Куръан хукмдары коомдо колдонулбай калды. Ошол күндөн тартып Уммат өз коргоочусун жоготту жана кафир колонизаторлордон турган карышкырлардын олжосуна айланды. Бирок, Халифалык кулатылганына каршы исламий дүйнөнүн түрдүү жайларында натыйжасыз козголоңдор болуп өттү. Себеби, мусулмандар дүйнөнү Халифалыксыз жана Аллахтын хукмдарысыз элестете алышпаган. О.э. алар Халифалыктын ордун демократия жана илманийлик ээлешин оюна да келтиришпеген. Бул күн мусулмандар тарыхында эң кара күн болду жана Халифалыктын кулашына каршы Умматтын үнү көтөрүлдү. Ошол үндөрдүн эң көзгө көрүнгөнү Индия жарым аралындагы «Халифалык кыймылы» болуп, аны ага-инилер Мухаммад Али Жавхар жана Шавкат Али 1919-жылы түзүшкөн. Алар ошол убакта Британиянын Усманий
Халифалыкты кулатуу туурасындагы планын сезишкен. Биз бул макалада Умматтын ошол улуу аракетинен алган сабактары жөнүндө айтабыз.
1. Халифалыктын фарздыгы:
Халифалык – Ислам негиздеринин бири. Мусулмандар Ислам
тарыхынын 1400 жылдык доорунда Халифалык Исламдагы улуу фарз деп о.э. Халифалыксыз жашоо Исламды урф-адат жана рухий туйгуларга чектеп коёт деп түшүнүштү. Индия жарым аралындагы мусулман уламалар Халифалык Исламдагы негизги фарз деп эсептешкен. Шах Валийюллах Дехлавий (1703-1762-ж.) ушул көзгө көрүнгөн уламалардын бири болгон. Түрдүү мазхабдардагы мусулмандар ал кишини урматташкан. Шах Валийюллахтын (Аллах рахмат кылсын) белгилүү иштеринин бири «Изаляту аль-Хафа ан
Хиляфати аль-Хуляфа» китеби болгон. Шах Валийюллах бул
китепте Халифалык Исламда борбордук маселе экенин терең
ачыктаган. Валийюллах Халифалыкты мындай баяндайт:
«Халифалык – диний илимдерди тирилтүү аркылуу динди тикелөө, Ислам түркүктөрүн тикелөө, жихад кылуу жана ага байланыштуу армияны даярдоо, согушуу, олжолорду бөлүштүрүү, сот иштерин тикелөө, жаза-чараларды, зулумдарды карап чыгуу жана маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу о.э. бул иштердин баарын Пайгамбарыбыздын өкүлү катары аткарган бийликтин башкы жетекчилиги». Халифалык кыймылынын көзгө көрүнгөн негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү илим мурасын Шах Валийюллах Дехлавийден о.э. Мавдудий сыяктуу муфаккирлерден, саясатчылардан, реформаторлордон, суфийлерден, салафийлерден үйрөнүштү.
2. Исламда боордоштук:
Бүгүнкү Вестфалия үлгүсүндөгү саясий түзүлүш жарандардын өз мамлекетине карата вала жана барасын (дос жана душмандык) өзгөрттү. Бирок, Ислам мекенчилдиктен жогору дин о.э. достукту Ислам фикирлери жана түшүнүктөрү менен шайкеш келтирет. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз мындай дейт:
«Момундар өз ара достукта, ырайымда жана сылыктыкта
бир денеге окшойт. Дененин бирер мүчөсүнө зыян жетсе, анын
башка жайларында да уйкусуздук жана ысытманы пайда
кылат». Бухарий риваяты. Бүгүн мусулмандар бузгунчу
мекенчилдик түшүнүгү менен адашып жүргөн болсо, Халифалык бир аким т.а. халифа астында Исламдагы боордоштукту көөдөлөнтөт. Делиде мусулмандарга каршы чабуул Түркиядагы мусулмандарга каршы чабуулдан айырмаланбайт. Мусулмандарда реакция бирдей болду. Ырас, Расулуллах Исламий Умматты бир денеге окшоткон соң, дин жана дүйнөдөгү мусибаттарга каршы реакция кандай болушу мүмкүн?! Биринчи дүйнөлүк согуш Усманий Халифалыкка үлкөн зыяндарды алып келди. Натыйжада, мусулман боордошторун колдоп-кубаттоо үчүн Индияда козголоң болду. Бул Исламда боордоштук туурасындагы чыныгы түшүнүктүн табигый белгиси эле. Мекке шариф Усманий Халифалыкка каршы козголоң көтөргөнү жөнүндөгү кабар Индияга жетти, ал жердеги боордоштор бул кабарды жалган деп ойлоп, ишенишкен жок. Бүткүл индиялык Халифалык кеңеши өз жыйынында Индия кошуундары Түркияга каршы согушта Британия өкмөтүнө кызмат кылуудан баш тартышы лазым, себеби, мусулман киши өз боордошуна каршы курал көтөрүшү харам деп жарыялады.
3. Исламий шахсияны бекем сактоо:
Индия Халифалыктын бир бөлүгү эле. Британия 1857-жылы аны колония кылып алды. Ошондон кийин ал жердеги мусулмандар Британияга каршы көтөрүлүштү. Ошол убакта ал жерде Британияны кууп чыгаруу үчүн улутчул уюмдар түзүлдү. «Индия Улуттук Конгресси» ошол уюмдардын эң көзгө көрүнгөнү болуп, 1885-жылы түзүлгөн. Британияга каршы башталган ушул эки фронттун (улутчулдар жана мусулмандар) ичинде мусулмандардын Британияга каршы күрөшү кыйла барктуу болгон. Себеби, мусулмандар Индияны Ислам дияры жана Халифалыктын бир вилаяты болушун каалашкан. Ошондуктан, Индия калкы исламий өздүктү бекем кармап жана артка кайтпай кайраттуу турду. «Индия Улуттук Конгресси» да Халифалыкка чакырып жаткандарды колдоп-кубатташты. Себеби, алар мусулмандардын колдопкубаттоосуна жетишүү жана аларды улуттук кыймылдарга багытоонун жалгыз жолу мына ушул деп эсептешти. Мусулмандар болсо, Британия баскынчыларына каршы күрөштө индустар менен бирге аракет кылышып, өздөрүнүн исламий өздүгүнөн жана Ислам түшүнүктөрүнөн баш тартышкан жок. Себеби, индустар менен болгон кызматташтык Исламга душман эмес кайрымусулмандар
менен саясий союз түзүү жана достук мамилелерди орнотуу жаиз деген фатва негизинде болгон. О.э. фатвада мусулмандардын жетекчилиги кафирдин колунда болбостугу шарт экендиги баса белгиленген.
4. Мусулмандар Халифалык үчүн биригүүсү:
Түрдүү мазхаб өкүлдөрүнөн болгон мусулмандар Халифалык
кыймылынын мүчөлөрүнө айланышты. Абул Калам Азад захирия мазхабынан болуп, башка усул уламалары менен бирге Халифалыкты сактоо үчүн күрөшкө аттанды. Бул уламалар Халифалык аркылуу гана колдонуу мүмкүн болгон Аллахтын хукмдарын сактап калуу маселеси үчүн экинчи даражалуу келишпестиктерди ташташты. Дагы бир көзгө көрүнгөн аалым Махмуд Хасан мырза Деобандий мазхабынан болуп, 1920-жылы Мальта камагынан кайтып, Халифалык кыймылына кошулду. Кыймылдын дагы бир көзгө көрүнгөн мүчөсү – бул белгилүү Фаранжий Махал медресесинин өкүлү Абдулбарий. Абдулбарий суфийлик мазхабынан болуп, 1911-жылы Автар Прадештик шериктери менен Түркия үчүн каражат чогултууга катышкан. О.э. Абдулбарий ушул кыймылдагы эки боордошу (экөөсүнүн тең ысымы Али болгон) туруктуу байланышта болуп, ошондон кийин ушул Халифалык кыймылына мүчө болду. Халифалык кыймылына Амир Али сыяктуу шиа мазхабынын уламалары да катышкан. Анткени, алар келишпестиктерди таштап, ахли суннага кошулушту
жана өздөрү байъат беришкен Усманий Халифалыкты сактап калуу үчүн аракет кылышты. Халифалык кыймылы Индия жарыя аралына жана көпчүлүк вилаяттарына жайылды. Кирла вилаятынан болгон Али Мислияр кыймылдагы активдүү кишилерден болгон.
5. Саясат – диндин ажырагыс бөлүгү:
Исламда саясат жок деген нерсе илманийликтин мусулмандарга алып келген кырсыктуу таасири болду. Негизи, Индия мусулмандарынын тарыхында бул сыяктуу түшүнүк болбогон. Халифалык кыймылында саясий фикирлердин таасири чоң болгон. Себеби, саясат – диндин ажырагыс бөлүгү. Бул жөнүндө Расулуллах мындай дейт:
«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат кылышчу. Качан бир
пайгамбар дүйнөдөн өтсө, артынан башка бир пайгамбар
келген. Менден кийин болсо, пайгамбар болбойт, халифалар
болот жана алар көбөйүп кетет. «Бизге эмнени буюрасыз?», –
дешкен эле, айтты: Биринчисинин, биринчисинин гана
байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын бергиле.
Анткени, Аллах алардан жаранды кандай башкарышканы
жөнүндө сурайт». Абул Калам Азад өзүнүн «Хилал» деген
белгилүү журналында айтат: «Динди саясаттан бөлмөкчү болгон мусулман – билинбей аракет кылган муртад». Махмуд Хасандын шакирттеринин бири, муфтий Кифаятуллах Мусулмандар лигасында сүйлөгөн сөзүндө мындай деген: «Чыныгы мусулман дин жана саясат бири-биринен бөлүнгөн өзүнчө нерсе деп эсептебейт».
6. Халифалык жолунда курмандык:
Ага-инилер Алилердин энеси Би Уммандын урду тилиндеги сөзү түбөлүк белгилүү болуп калды – «Boli Amma Muhammad Ali Ki Jaan Baita Khilafat Pay De Do». Котормосу: «Эй уулум! Өмүрүңдү Халифалык жолунда курман кыл». Бул энебиз Исламды кубаттаган жана ушул иши үчүн камалган. Бир күнү аны камакка алышканда мындай деген: «Эй уулдарым, болгон күчүңөр менен Исламды кармагыла, эгер Ислам жолунда жаныңарды курман кылуу керек болсо, аны аябагыла». Анын уулдары энесинин сөздөрүнөн кубат алып, Исламдагы тагдырий маселеде т.а. Халифалыкты сактап калуу кыймылында алдыңкы саптарда болушту. Аллах Таала Би
Умманды жана анын эки салих перзенти Мухаммад Али жана
Шавкат Алини Өз рахматына алсын! Амин!
Белгилүү аалым Махмуд Хасан Усманий Халифалыкты сактап
калуу үчүн шакирттерин тартты. Анын кыймылы Хат-ут-Тахрир аты менен белгилүү болду. Ошондуктан, ал Шариф Хусайндын кыянаты себептүү Меккеге сапар тартканда Британия аны камакка алды. Махмуд Хусайн үч жыл Мальтадагы камакта отурду жана ырайымсыз кыйноолор артынан каза болду. Адамдар аны жууп, кепиндөө убагында анын белинде эч нерсе, эт да, май да жок экенин көрүп таң калышты. Махмуд Хусайн Мальта камагында отурганда анын белине кызыган темирди коюп: «Эй Махмуд Хасан, Британиянын пайдасына фатва чыгар», – дешкен. Ошондо ал оорусу бир аз басылып, эс-акылына келгенде: «Эй британиялыктар, мен Билалдын мураскорумун. А түгүл, теримди сыйрып алсаңар да, эч качан Британиянын пайдасына фатва чыгарбайм», – деген эле.
7. Саясий аң-сезимдин жоктугунун коркунучу:
Халифалык кыймылы каражаттарды чогултуп, 1921-жылы
Түркиядагы саткын Мустафа Кемал жетектеген Анкара өкмөтүнө жөнөттү. Себеби, кыймыл анын саткындыгын билбеген. Халифалык кыймылынын мүчөлөрү Мустафа Кемал Халифалыкты кулаткандан кийин гана анын кыянатын билишти. Саткын Мустафа Кемал илманийлик, либерализм жана мекенчилдик фикирлери негизинде түзүлгөн түрк жаштары кыймылы о.э. «Биримдик жана Өнүгүү» коомунун таасири астында болгон. Кемал Усманий Халифалыкты ичинен жемирүү жана улутчулдук негизинде демократиялык мамлекетти тикелөө үчүн Британия менен тил бириктирген.
Мустафа Кемал 1921-жылы Анкарада параллель мамлекет түздү. Кийин халифаны Британиянын малайы деп айыптап, ага каршы коомдук фикирди пайда кылууга аракет кылды. Өзүн болсо, мусулмандардын куткаруучусу жана Британиянын душманы кылып көрсөттү. Акыйкатта болсо, ал Ислам жана мусулмандардын душманы болуп, түрк улуту жана илманий либерализм сыяктуу куфр фикирлерине ишенген. Ошондой болгон соң, саясий аң-сезим гана Умматты куфр пландарынан куткарат о.э. Ислам жана мусулмандардын душмандарын таанууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Ошондуктан, мусулмандарда «Важиб эмне менен ишке ашса, ошол нерсе да важиб» деген шаръий эрежеге ылайык, саясий аңсезимдүү болушу важиб.
Корутунду:
Мусулмандар Халифалыкты куткаруу үчүн аракет кылган ушул
улуу кыймыл алдында карыз. Бул калыс мусулмандар Исламды
сактап калуу үчүн алып барган күрөштөн сабак алса болот.
Ошондуктан, биз Индия жарым аралында жашап өткөн улуу
уламаларыбыздын күрөшү жөнүндө фикирлешибиз жана исламий дүйнөдө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылышыбыз лазым. О.э. Уммат адамдарды демократия жана илманийлик караңгылыгынан Ислам адилетине алып чыгышы үчүн Умматты өзүнүн татыктуу ордуна кайтарышыбыз керек. Аллах Таала айтат:
﴿وَ كَذَٰ لِكَ جَع َلۡ نَٰ كُمۡأ ُمَّةٗ وَ سَطٗ ا ل ِّتَكُونُوا ْ شُھَدَآ ءَ عَل َى ٱلنَّاسِ وَ یَكُونَ ٱلرَّ سُولُ عَل َیۡ كُمۡ شَھِ یدٗ اۗ ﴾
«Ушул сыяктуу, силер башка адамдар үстүндө күбө болушуңар
жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орто
(адилеттүү) бир уммат кылдык» [2:143]
Азиз боордоштор! Хизб-ут-Тахрир алтымыш жылдан бери
Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн тынымсыз күрөшүүдө. Ошондуктан, биринчи амирибиз Шайх Такийюддин Набаханийдин (Аллах Өз рахматына алсын) ижтихады аркылуу өзгөрбөй о.э. жолдон адашпай аракетибизди уланталы. Бул кербен Шайх Такийюддин менен башталды жана исламий дүйнөдөгү
тогуттардын тактыларын титиретти. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү залим тогуттардын зындандарында оор кыйноолорго учурашты. Бирок, бул азаптар жигиттердин чечкиндүүлүгүн дагы да бекемдеди жана Исламды тикелөө аракеттерин күчөттү. Расулуллах айтат:
«Эң абзел жихад – залим султандын алдында айтылган хак
сөз». Абу Давуд, Тирмизий жана Ибн Мажжа риваят кылышкан. Азиз боордоштор! Бир кылым өтүптүр, жер жүзүндө Аллахтын хукмдары колдонулбай жатат. Чындыгында, Уммат жетим болуп, кафир мамлекеттердин олжосуна айланган. О.э. исламий дүйнөдөгү Умматка малай акимдер өз өкүмүн өткөрүүдө. Бул улуу Умматка каршы кылмыштар жана зулумдар көбөйдү. Ошондуктан, биз Расулуллах
дын:
«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана
коргонула турган калкан», деген хадисин эстен чыгарбашыбыз
керек.
Эй мусулмандар! Шарият халифа тикелөө үчүн урухсат берген үч күндүк мөөнөт бүткөн. Ошондуктан, мусулмандар узак убакыттан бери күнөөгө батып келишүүдө. Хадисте келген халифага байъат берүү важибдигинин убагы келди. Расулуллах бул жөнүндө мындай деген:
«Ким итаат кылуудан баш тартса, Кыямат күнү Аллахка
хужжатсыз жолугат. Ким мойнунда байъат болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр».
Оо, асыл Уммат! Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи
рошид Халифалыктын кайтуу заманы келди жана Расулуллах дын башараты жүзөгө чыгышына аз калды. Ошондой болгон соң, асыл күрөштүн бир бөлүгү болуу үчүн жана силер аркылуу Пайгамбарыбыздын башараты жүзөгө чыгышы үчүн жакшылыкка шашылгыла.
Расулуллах айтат:
«Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
1 – References
2 – Izalatal-Khafa‹an Khilafat al-Khulfa – vol 1, Pg 6
3 – Hardy, Peter. The Muslims of British India. Cambridge University Press ,
– 1972Pg 180
4 – Minault, Gail. The Khilafat Movement: Religious Symbolismand Political
Mobilization in India. Oxford University Press, 1982 – Pg61
5 – Minault, Gail. The Khilafat Movement: Religious Symbolism and
PoliticalMobilization in India. Oxford University Press, 1982 – Pg 57
6 – Minault ,Gail. The Khilafat Movement: Religious Symbolism and
Political Mobilization inIndia. Oxford University Press, 1982 – Pg 139
7 – Minault, Gail. TheKhilafat Movement: Religious Symbolism and Political
Mobilization in India. OxfordUniversity Press, 1982 – Pg 121
8 – Minault, Gail. The Khilafat Movement :Religious Symbolism and
Political Mobilization in India. Oxford University Press – 1982 ,Pg 34
9 – Abdul QadeemZallum, How the Khilafah was Destroyed. Al-Khilafah
Publications, 2000 – Pg 147.