АКШ АФГАНИСТАНДАН КАЧАН ЧЫГАТ

376
0

АКШ Афганистандан качан чыгат

АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Афган бийлигинин өкүлдөрүнө кат тапшырды. Катта убактылуу өкмөт жана Жогорку Исламий кеңеш түзүү, ошондой эле парламентке талибдерди кошуу сунушталган. АКШнын планына ылайык, аткаруу бийлигин – убактылуу өкмөттү учурдагы Афган президенти Ашраф Гани жетектейт. Парламент сакталып калат, бирок ага бир канча талибдер кирет. Ал эми, сот бийлиги көз карандысыз Исламий укуктук жогорку кеңеш жана жаңы конституция түзүү үстүндө иштеген комиссия менен толукталат, учурдагы Башкы мыйзам убактылуу өкмөттүн бүткүл доорунда, жаңысы кабыл алынганга чейин колдонулат. Андан тышкары, эки аптадан кийин Түркияда БУУнун калкасы астында Афганистан боюнча эл аралык конференция өткөрүлөрү белгиленген.

Көрүнүп тургандай, АКШ Талибан менен убадалашкан келишимден четтеп, жаңы өкмөт түзүүгө, Талибдерди кызматташууга тартууга басым жасоодо. Эске салсак, 2020-жылы февралда АКШ менен Талибдердин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, 2021-жылдын 1-майына чейин бардык чет элдик аскерлер Афганистандан чыгарылышы шарт эле. Бирок, АКШ Афганистандан чыгууга даярданмак турсун, бул келишимди кайра карап чыгарын жарыялады. Аларды ээрчип (күтүлгөндөй эле) Германия Афганистандагы аскерий миссиясынын мандатын бир жылга узартты. Ал эми, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг коопсуздук шарттары жол бергенде гана НАТО Афганистандан чыгат деп билдирүү берди.

АКШ чет элкөлөрдөгү аскерлерин эки учурда гана алып чыгат: биринчиси – Вьетнамда болгондой, жеңилип, аргасыз чыгууга мажбур болот, экинчиси – ал өлкөдө кызматташууга даяр бийлик түптөлгөндөн кийин гана чыгат. АКШ 2020-жылы февралда Афганистандан чыгуу боюнча Талибдер менен келишим түзгөндө ал жогорудагы варианттардын экинчисин тандагандыгы ачык-айкын болчу. Себеби ал келишимде көрсөтүлгөн айрым пунктулар АКШнын Афганистанда каалашынча калуусуна шарт жаратат жана шылтоо болуп берет. Мисалы келишим толук аткарылышы үчүн Талибан зомбулук кылууну токтотушу керек. Өлкө толук Талибандын көзөмөлүндө болбогондуктан Талибан зомбулук кылбаса да, АКШ зомбулук кылышы мүмкүн. АКШ «Блэкуотер» сыяктуу жеке аскерий компаниялары аркылуу бирер жерде жардыруу жасап же куралдуу атышуу уюштуруп, муну Талибдерге шылташы турган кеп. Ансыз да Талибдер өлкөдө болуп жаткан көптөгөн жардырууларга, айрыкча эл арасында резонанс жараткан зомбулуктарга тиешеси жоктугун билдирип келет. Ошондой эле, келишимде Талибандан Афганистандагы чет элдик согушкерлерге, топторго колдоо көрсөтпөө талап кылынган. Бул да жогорудагы тузак сыяктуу, себеби АКШ ИГИЛ же башка бир уюм менен кызматташып жатасың деши мүмкүн. Андан тышкары, бул шарт Талибандын ичинде карама-каршылыктарды жаратышы да ыктымал.

Ушул себептерден улам, АКШ Талибан менен келишим түзүү аркылуу Афганистандан чыгууну максат кылбаган. Тескерисинче, бул келишим аркылуу Талибанды кызматташууга тартууну, Талибандын ичинде карама-каршылыктарды пайда кылууну, эл арасында Талибандын аброюн түшүрүүнү көздөгөн. Америка Талибанды эл аралык коомчулукка тартып, аны АКШнын саясий чечимине багыттоого умтулуп жатат. Мына ушундайча, АКШ Афганистанда жеңилип баратып, бирок бул жеңилүүсүн жеңишке айлантууга жан талашып аракет кылууда. Бирок, империялар көрүстөнүнө айланган Афганистан мунусунда да бул сыпатын сактап калат деп үмүттөнөбүз.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here