Халифалык демократиялык түзүм эмес

56
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Халифалык демократиялык түзүм эмес

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى الترمذي في سننه قال: حَدَّثَنَا الْحُسَيْنُ بْنُ يَزِيدَ الْكُوفِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ السَّلَامِ بْنُ حَرْبٍ عَنْ غُطَيْفِ بْنِ أَعْيَنَ عَنْ مُصْعَبِ بْنِ سَعْدٍ عَنْ عَدِيِّ بْنِ حَاتِمٍ قَالَ: أَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَفِي عُنُقِي صَلِيبٌ مِنْ ذَهَبٍ فَقَالَ: يَا عَدِيُّ اطْرَحْ عَنْكَ هَذَا الْوَثَنَ وَسَمِعْتُهُ يَقْرَأُ فِي سُورَةِ بَرَاءَة {اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ} قَالَ: أَمَا إِنَّهُمْ لَمْ يَكُونُوا يَعْبُدُونَهُمْ وَلَكِنَّهُمْ كَانُوا إِذَا أَحَلُّوا لَهُمْ شَيْئًا اسْتَحَلُّوهُ وَإِذَا حَرَّمُوا عَلَيْهِمْ شَيْئًا حَرَّمُوهُ

Ат-Тирмизи өзүнүн “Сунанында” мындай дейт: Бизге Аль-Хусейн ибн Язид Аль-Куфий Адий ибн Хатимден риваят кылган хадисте айтты: Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)га келдим, мойнумда алтын крест бар эле. Ал айтты: Эй Адий, бул будду ыргыт. Мен анын Бараа (тообо) сүрөсүн окуп жатканын уктум.

{اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ}

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн рохибдерин жана кечилдерин кудай кылып алышты. Пайгамбар айтты: “Алар аларга ибадат кылышкан жок, эгер качан алар үчүн бир нерсени адал кылышса, аны адал дешти, качан аларга бир нерсени арам кылышса, аны арам дешти”.

Ат Тирмизи Тухфат аль-Ахвазийдеги шархында мындай деп айтылган:

“Мойнумда крест бар эле”. Бул эки айкашкан сызык түрүндө болгон бардык нерсе. Мажмада: Бул христиандар үчүн айкалыштырылган эки жыгач. Иса (алейхи салам)ды жыгачтын үстүнө ушундайча асышкан дешет.

“Өзүңдөн ыргыт” б.а. мойнуңдан ыргыт. Бул адамдын сүрөтү сыяктуу жердин асыл таштарынан же жыгачтан жана таштан жасалган денеси бар нерселердин баары. Буд (Буркан) – денеси жок  крест сыяктуу нерселерге да колдонулат. Буркан сүрөткө эмес, башка нерсеге да колдонулушу мүмкүн.

Мажмада айтылат: {اِتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ}

“рохибдерин жана кечилдерин кудай кылып алышты” рохибдер жөөт аалымдарын, {وَرُهْبَانَهُمْ} кечилдер христиан аалымдарын билдирет.

{أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ} “кудай кылып алышты”, алар Аллах арам кылганды адал кылууда жана Аллах адал кылган нерсени арам кылууда аалымдарын ээрчишти.

Ага Аллахтын салам-салаваты болсун: (أَمَا) (Ама) деген сөзүн эскертүү  маанисинде айткан. (إِذَا أَحَلُّوا لَهُمْ شَيْئًا) “Эгер аларга бир нерсени адал кылышса):  Аллах Таала арам кылган нерсени алар адал кылышса , (اِسْتَحَلُّوهُ)  (Алар муну адал деп эсептешти) демек, алар муну адал деп ишенишкен.

(وَإِذَا حَرَّمُوا عَلَيْهِمْ شَيْئًا)  “качан аларга бир нерсени арам кылышса, аны арам дешти”. Аллах уруксат берген нерсени арам кылышса, (حَرَّمُوهُ) алар аны арам деп эсептешти. Алар аны арам деп ишенишкен.

“Фатхул-Баян” китебинде: “Бул аятта  күбө болуп туя турган жүрөгү бар, уга турган кулагы бар адам үчүн эскертүүчү нерсе бар. Аллахтын дининде таклид кылуу, мурункулардын (салафтардын) айтканына, мазхабга моюн сунуу, мазхаб ээсинин сөздөрүн ээрчип, аны Ыйык Китепте жана Сүннөттө жазылгандардан артык көрүү туура эмес. Алардын сөздөрү Нусустарда айтылгандарга, Аллахтын далилдери көрсөткөн нерселерге карама-каршы келсе да аларга таклид кылуу – яхудий жана христиандардын рохибдери менен кечилдерин кудай кылып алгандары сыяктуу абал. Анткени, алар аалымдарына сыйынышкан эмес, тескерисинче, аларга баш ийишкен. Тыйган нерселеринен тыйылышкан жана алар уруксат берген нерселерин кылышкан. Бул үммөттө да таклид кылгандар ушундай кылышат. Ал жумуртканын жумурткага, курманын курмага, суунун сууга окшоштугу сыяктуу эле балким андан да көбүрөөк окшоштук.

Оо, Аллахтын пенделери, силерге эмне болду, китеп менен сүннөттү таштап, Аллахка ибадат кылууда силердей эле болгон адамдарга кайрылдыңар? Алар силерден өз ойлоруна келген  нерселерге амал кылууну талап кылды, ошондуктан силер негизи Куран-Сүннөттөн болбогон, алардын оюнан чыккан пикирлерине амал кылдыңар.  Силер эң чечен чакырык менен  жана ага (куран сүннөткө) карама-каршы келген эң катуу үн менен чакырылдыңар. Ошентип, силер ага дүлөй кулактар, жабык жүрөктөр, туюк акылдар жана оорулуу ойлор менен арбалдыңар. А силер болсо учурдагы кырдаалдын тили менен: “Мен бир гана анданмын. Ал адашса мен да адашам. Эгер ал туура жолдо болсо, мен да туура жолдомун”,- дедиңер.  Аягы.

Ар-Рази өз чечмелөөсүндө мындай дейт: “Биздин шейх жана устаз, изилдөөчүлөрдүн жана мужтахиддердин акыркысы, Аллах андан ыраазы болсун, мындай деген: “Мен кээ бир маселелерде, Аллах Тааланын китебинен көптөгөн аяттар окулганда, мазхабдары ошол аяттарга карама-каршы келген бир топ факыхтарды көрдүм. Алар ал аяттарды кабыл алышкан эмес, көңүл да бурушкан эмес. Алар мени таң калгандай карашты. Башкача айтканда, мурункуларыбыздан (салафтардан) келген риваяттар бул аяттарга карама-каршы келсе, бул аяттардын сырткы маанисине кантип амал болот? деген кыязда таң калышты. Эгер жакшылап ойлонсоңуз, бул оору дүйнөдөгү адамдардын көбүнүн тамырынан өтүп жатканын көрөсүз””. Аягы.

Ат-Тирмизи (Аллах аны ырайымына алсын) бул хадисти сахих деген.

Ахмад, Ибн Жарир, Ибн Саад, Абд ибн Хумайд, Ибн аль-Мунзир, Ибн Абу Хатим, Абу аш-Шейх, Ибн Мардавайх жана аль-Байхаки “Сунанында” риваят кылышкан.

Урматтуу бир туугандар:

Ислам – бул Жаратуучу жана пенделеринин иштерин башкаруучу Жалгыз Аллахка моюн сунуу дегенди билдирет…. Эмне адал, эмне арам, эмне жакшы, эмне жаман экенин аныктоого бир гана Ал укуктуу. Ал бизге бардык иштерибизде Анын таза мыйзамына (шариятына) баш ийүүнү буйруган. Аллах Таала айтат:

(إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ يَقُصُّ الْحَقَّ وَهُوَ خَيْرُ الْفَاصِلِينَ)

“Өкүм Аллахка гана таандык. Ал акыйкатты айтат жана Ал өкүм кылуучулардын эң жакшысы”. Ал Өз шариятынан башкага кайрылууну тыйган:

(أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ)

“Алар жахилияттын өкүмүн издеп жатышабы? (ыйман келтирген) бир коом үчүн өкүм кылуу жагынан Аллахтан жакшыраак ким бар?”.

Расулулла (с.а.в) жарандардын иштерин таза шарият өкүмдөрү менен караган Ислам мамлекетин курганда шариятка таянуу кандай болушу керек экенин бизге көрсөткөн. Андан кийин бийликке анын хидаятына жана сүннөтүнө амал кылган халифалар ээ болушкан. Алар Ислам түзүмүн ичтен,  адамдардын иштерин камкордук аркылуу башкаруу менен, сырттан болсо ааламдарга хидаят жана нурду таратуу менен алып барышты.

Ислам түзүмү төрт негизге негизделген:

  • Кожоюндук шариятка таандык: Исламдагы мыйзамчылык (мыйзам чыгаруучулук) шериги жок жалгыз Аллахка таандык.
  • Бийлик үммөткө таандык: Ислам шариатынын өкүмдөрүн ишке ашыруучу халифаны үммөт шайлайт.
  • Бир халифаны шайлоо мусулмандарга важиб: Мусулмандарга бирден ашык халифа болушу да, бирден көп мамлекет болушу да жайиз эмес.
  • Бир гана Халифа шаръий өкүмдөрдү тандап кабыл алууга укуктуу: толук шаръий далилдерден… Курандан, сүннөттөн, сахабалардын ижмаъсынан жана шаръий кыястан келип чыккан истинбат кылынган өкмдөрдү гана табанний кыла алат….

Мусулмандар дагы эле Пайгамбарлык жолундагы халифалыкты курууга аракет кылуунун ордуна жарандык демократиялык мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылса болобу?

Демократиялык мамлекетти куруу исламга каршы келбейт, анткени демократия исламдын бир бөлүгү же Исламга каршы келбейт дегендер бар… Мындай  адамдар же Ислам түзүмү менен демократиялык түзүмдүн ортосундагы толук карама-каршылыктан кабары жок, же кара ниеттүү болуп, халифалыкты тикелөө менен гана ишке ашуучу Ислам бийлигин калыбына келтирүүчү туура жолдон адаштырууну көздөшкөндөр. Себеби, демократиялык түзүм – бул эл, эл тарабынан башкаруу дегенди билдирет… Анда кожоюдук элде, алар Конституциянын долбоорун өз өкүлдөрү аркылуу түзүп, мамлекеттин Конституциясын иштеп чыгуучу уюштуруу комитетин түзүшөт… Эл мыйзам чыгаруучу кеңештеги өкүлдөрү аркылуу мыйзамдарды чыгарат жана эл өз иштерин башкаруу үчүн өзү тандап алган системаны колдонгон акимди шайлоо аркылуу өзүн өзү башкарат.

Ислам менен демократиянын ортосундагы карама-каршылык- кожоюндук б.а. мыйзам чыгаруу укугу менен эле чектелбестен, жер бетинде бузукулуктун жайылышына кеңири жол ачкан демократиянын негизи болгон төрт эркиндикке да барып такалат. Булар:

– Дин эркиндиги: динден чыгуу жана чектөөсүз динди өзгөртүү эркиндиги дегенди билдирет, бул Ислам тыюу салган нерсе, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан: “Ким динин өзгөртсө, аны өлтүргүлө”.

– Пикир эркиндиги: жеке адам болобу, эл болобу, улут болобу, эч кимге чектөөсүз жана эсепке алынбастан өз пикирин билдирүү укугун билдирет. Бул жерде биз атеисттердин, жек көрүүчүлөрдүн жана акмактардын Исламга жана анын баалулуктарына каршы жасаган чабуулдарын жана бул адамдар сөз эркиндиги деген шылтоо менен демократиялык режимдер тарабынан кантип корголгондугун көрөбүз. Ислам кандайдыр бир шылтоо менен ар-намыска шек келтирүүгө же ыйыктарды бузууга уруксат бербейт.

– Күчтүүлөр алсыздарды ар кандай жолдор менен эксплуатациялоого, байларды байытууга, кедейлерди кедей кылууга мүмкүндүк берүүчү мүлк эркиндиги.

– Акыркысы, жеке эркиндик: эркек менен аялдын адал же арамга карабастан каалаганын кылуусуна шарт түзгөн эркиндик.

Ооба, урматтуу бир туугандар, демократиялык түзүм – бул Рахман жана Ырайымдуу Аллахтан келген Ислам түзүмүнө толук карама-каршы келген адамгерчиликсиз түзүм. Мыйзам чыгарууда Аллахка шек келтирип, бузуку, адам жасаган түзүм негизинде демократиялык мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылган адам менен Аллахка моюн сунуп, коркуп, пайгамбарлык минхажы жана улуу илахий Ислам түзүмү негизинде халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылган адамдын ортосунда ушундай чоң айырма бар.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 6-зул каада.

2025-ж, 4-май.

.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here