Эл аралык валюта фонду колонизаторлуктун куралы катары

234
0

Эл аралык валюта фонду колонизаторлуктун куралы катары

Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Америка дүйнөнүн алтын запасынын 70%ына ээ болуп алды. Буга согуш майданындагы өлкөлөргө курал сатуу, өзү толук кандуу аралашпоо менен жетишти. Мындай абал Американын дүйнөлүк лидерликке умтулуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Ошентип, эл аралык алтын акча түзүмүнүн ордуна долларды өкүмдарлык кылуу үчүн аракет кыла баштады. 1944-жылы Америкада “Бреттон Вудс” конференциясы уюштурулду. Анын жыйынтыгында, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк түзүлдү. О.э. бир катар токтомдор жана келишимдерге кол коюлду.

Эл аралык Валюта Фондун уюштурган жана ага жетекчилик кылган мамлекет АКШ болгондуктан, ал Фонддун капиталын каржылоо боюнча квота эрежесин кабыл алуу сунушун киргизди. Бул эреже долбоорлорду кабыл алуу укугуна ээ мамлекеттерди белгилөөнү өз ичине камтыган. Буга ылайык, фонд кабыл алган чечимдер ага мүчө болгон 190 мамлекеттин квотасына ылайык жүргүзүлөт (АКШ — 16,51 %; Япония — 6,15 %; Кытай — 6,08 %; Германия — 5,32 %; Улуу Британия — 4,03 %; Франция — 4,03 %; Россия — 2,59 %; Сауд Арабия — 2,01 %. ЕБнын 27 өлкөсү — 25,55 %). Чечим квоталардын 85%нан кем эмес добуш менен кабыл алынат. Ошондой эле кайсы бир чечимге вето укугун жарыялоо үчүн 15% жетиштүү. Бул эреже аркылуу Америка өзүн эң негизги салым кошкон тарап катары киргизүүгө жетишти. Арийне, кабыл алына турган токтомдор да Америка ыраазы болгон жолдон чыкпай турган болду. Америка каржылоо менен гана чектелбестен, Эл аралык Валюта Фондунда кызмат кылган кадрларды АКШ финансы министрлигинде жана Федералдык Резервде, же «City Bank of New York» сыяктуу Американын ири банктарында жогору кызматтарда иштеген адамдардан дайындоого жетишти. Америка ушул жол менен Эл аралык Валюта Фондун бүткүл дүйнөнү көзөмөлдөөгө багытталган пландарынан бир кадам да четке чыкпаган уюмга айлантты. Мисалы, уюм түптөлгөндөн 1960-жылга чейин АКШ үчүн базар ачууга жана анын тышкы саясатын бекемдөөгө ылайыктуу делген мамлекеттерди колдоп-кубаттады. Ошондуктан, Фонд Европа мамлекеттерине жана Японияга финансылык жардам көрсөтүп келди. Кийин АКШ бюджетиндеги таңкыстык жана валютасынын инфляциясы себептүү долларга жана анын экономикасына карата ишеним жоголгондо Франция менен Швейцария колундагы долларларды алтынга алмаштырууну талап кыла баштады. Америка алтын запасынын азайып кетишинен кооптонуп Никсон доорунда, 1971-жылы долларды алтын менен камсыздоону бекер кылуу жөнүндө токтом чыгарды. АКШ 1975-1980-жылдары алтындын фианасылык базарлардагы ролун азайтууга өттү. Америка муну долларга болгон ишенимди кайра бекемдөө жана аны эл аралык соода негизине айлантуу максатында кылды. Натыйжада, АКШ алтындын баасын төмөндөтүү максатында дүйнө базарларына 412 тонна алтынды чыгарды. Бирок, тескерисинче 1980-жылы январь айында алтындын баасы абдан жогорулап кетти. Алтын запасынын бул таңкыстыгын жабуу үчүн Эл аралык Валюта Фонду алтынды Америкага сатуу үстүндө иш алып барды. Белгилүү болгондой, Фонд дүйнөдөгү алтынга ээ уюмдардын эң чоңу болуп эсептелет. Дүйнөлүк алтын кеңеши чыгарган соңку статистикалык маалыматка ылайык, ЭВФ 2800 тонна алтынга ээлик калат.

Жыйырма биринчи кылымдын башында Эл аралык Валюта Фондунун ролу азайып, добушу дээрлик угулбай калды. Өзгөчө, Америка кызыкчылыгына кызмат кылгандыктан ал үчүн эл аралык уюмдарга муктаждык калбады. Бирок, көптөгөн финансылык мекемелерди кыйраткан 2008-жылдагы ипотека кризиси артынан Эл аралык Валюта Фонду кайра жанданды жана салттуу кредит саясатын колдонууга өттү. Эл аралык Валюта Фондундагы эң ири үлүшү барлар өздөрүнүн кредит берүү жарамдуулугун бекемдөөгө, аракет майдандарын кеңейтүүгө келишишти. Бул келишим Чоң Жыйырмалык (G-20) мамлекеттеринин Лондондогу саммитинде болуп өттү. Алар ЭВФтин капиталын 750 миллиард долларга көбөйтүүгө келишишти, Обама жетекчилиги 100 миллиард доллар салым кошту.

Натыйжада карыз кызматтары мамлекеттердин жалпы бюджетинин эсебинен бериле турган болду. Муну менен кризисте алсыраган мамлекеттердин каржы уюмдарга көз карандылыгын күчөтүү максат кылынды.

Эл аралык Валюта Фонду тарабынан белгиленген алдан тайдырган бул шарттар ошол мамлекеттин маанилүү секторлоруна зыян жеткирет. Алар өз кезегинде кредит алууну көздөп жаткан мамлекеттин абалын терең изилдешип, анын алсыз жана күчтүү жактарын өз жарандарынан да жакшыраак өздөштүрүшөт. Ошондой эле, кредитти кайра өндүрүп алууну кепилдөө максатында ырайымсыз жана катаал ыкмаларды колдонот. Бирок, бул ыкмалар жана куулук менен иштелип чыккан шарттар кредит алган мамлекетти карыз деңизине чөктүрүп, аларды төлөөдөн алсыратып, карыз көлөмүнүн өсүүсүнө гана алып келет. Натыйжада, кредит алган мамлекет алган акчасынан алда канча көп сумманы төлөөгө аргасыз болот.

Ошондой эле, карыздар мамлекетти өз жарандары алдындагы кээ бир социалдык милдеттеринен баш тартууга үндөйт. Б.а. өлкөдөгү нан, азык-түлүк, күйүүчү май, элект энергия жана дары-дармектер сыяктуу негизги товарларга болгон мамлекеттик колдоону токтотууга чакырат. Бул жарандардын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн орто жана жакыр катмардагы адамдарга катуу таасирин тийгизет. Буга кошумча, ЭВФтин көрсөтмөлөрү өлкөдөгү салык төлөмдөрүн көбөйтүүгө жана саламаттыкты сактоо менен билим берүү тармагына сарпталуучу каражатты азайтууга мажбурлайт. Жергиликтүү бийлик бул иштерди бюджет балансын сактоо жана карыздан кутулуу үчүн каражат топтоо деген шылтоолор менен ишке ашырат. Ошондой эле, мамлекеттик сектордогу ишканаларды менчиктештирүүнү жана аны менен бирге ЭВФке жетекчилик кылган мамлекеттерден келүүчү товарларга болгон тарифтерди жана чектөөлөрдү алып таштоону буйруйт. Бул иштердин жардамында ЭВФ ири мамлекеттердеги ишканалардын товарлары үчүн жергиликтүү базарларды ачат да, ошол ишканалар аркылуу жергиликтүү базарларды көзөмөлгө ала баштайт. Ошентип, карыздар мамлекеттин базарлары ЭВФке жетекчилик кылган мамлекеттердин туруктуу кардарларына айланат.

Мындан белгилүү болгондой, ЭВФ тышкы көрүнүштө финансылык уюм болсо да, анын кылып жаткан иштери саясий максаттарды көздөйт. Анын карыздарды берүүдө жана жакыр өлкөлөргө жеңилдиктерди берүү артында саясий арамза ниеттери жатат. Маселен, өткөн жылдагы ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн отчетунда өкмөткө салык жеңилдиктерин, мамлекеттик сектордогу жогорку айлык акыларды, энергетика тармагындагы субсидияларды кыскартууну жана мамлекеттик каржылоо тармагындагы башкарууну күчөтүү сунуштарын киргизген. Ошондой эле, өкмөт мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эсептөөдө чыгымга учураган мамлекеттик өнөр-жайларды кайра каржылоо маселесин карап чыгуусу керектиги айтылат. Мына ушундай “сунуштары” менен бийликке басым жасайт. Бул сунуштардын эң орчундуусу энергетика тармагындагы субсидияларды алып салуу болду. Бул сунушка ылайык субсидиялар алынган соң, электр энергиясынын баасын көтөрүү сунушталат. Эл баадан кыйналган соң, мамлекет тарабынан бул тармакты инвесторго берүү көтөрүп чыгылат. Ал ишке ашса, мамлекеттеги стратегиялык зор мааниге ээ жана эң кирешелүү бул тармак чет элдик инвестор-колонизаторго берилет. Инвестордун кирешесинен бизге үлүш арткыдай болсо, ал кайра эле Валюта фонду сыяктуу колонизатор уюмдарга болгон карызыбызды төлөөгө жумшалат. Эгер мындай “реформалар” жүргүзүлбөсө бериле турган гранттар артка кайтарылат. Мисалы, Дүйнөлүк банк мурдараак 96,8 миллион сом өлчөмүндөгү грантын электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча шарттарды аткарбаганы себептүү банк Кыргызстанга каражат бөлүүдөн баш тартты.

Мына ушундайча, мамлекет карыздардын үстөк пайызын берүү менен бирге алардын талаптарын да аткарууга мажбур болот. Айрыкча, Кыргызстан сыяктуу экономикасы начар өлкөлөр пандемия шылтоосунда бул уюмдан болушунча көбүрөөк карыз алуу аракетине түшүп калды. 2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларга жеткен. Кыргыз бийлиги ушул кезге чейин коронавирус менен күрөшүү шылтоосунда дээрлик бардык эл аралык уюмдардан карыз сурап чыкты. Расмий өкмөт пландаштырган 500 млн.доллардык карыздын 243 млн. долларын алды. Мунун каршысында өлкө өзгөчө абал жарыялап, карантиндин шарттары күчөтүлдү. А бирок, бийлик өкүлдөрү алынып жаткан кредиттер кайсы тармакка жана кандай максатта жумшалып жатканы тууралуу отчёт берүүгө система жол бербестигин билдирүү менен өлкөдө корупция терең тамыр жайганын моюнга алышууда.

Ал эми, Белорустун президенти Александр Лукашенко Эл аралык валюта фонду карантин, изоляция, өзгөчө абал киргизүүнүн акысына буга чейинкиден он эсе көп жардам көрсөтө турганын билдирип, бирок, мындай шартка көнбөй турганын айтты. Анткени, убагы келгенде бул карыздарды үстөк пайызы менен төлөш керек болот. Мына ошондо булар мурунку карыздарды төлөө үчүн дагы жаңы карыз алууга мажбур болушат.

Мындан тышкары, ЭВФ бийлик күрсүсүндө отургандар кредиттердин бир бөлүгүн өз чөнтөгүнө салып аларын билип турса да кредит берет. Себеби, ЭВФ үчүн кредит пайызы менен кайтышынан да өлкө карызды төлөй албай, кайра-кайра кредит алып биротоло кишенделип калышы маанилүү. Мисалы, 2018-жылы декабрда ЭВФ жаңы кредиттик программа негизинде Украинага 3,9 млрд доллар берүүнү бекиткен. «Украина финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жалпы тышкы карызы 52 млрд доллардан ашат. ЭВФтин мындай “жардамдары” Украинаны кризиске кептеп жатканын парламентинин мурунку депутаты Вадим Рабинович 19-майда «112 Украина» телеканалынын көрсөтүүсүндө билдирди. Анын айтымында, ЭВФ экономикага жалаң гана чыгашаларды алып келди жана өлкөнү карыз аңына киргизди. Жакынкы беш жыл ичинде Украина ЭВФке 10 млрд доллар төлөшү керек. “Порошенконун доорунда ЭВФ Украинаны дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкө деп тааныган. Эгер, силер алардын баарын ууру деп, кийин аларга миллиарддаган кредиттерди берип жатсаңар, демек, силер атайылап биздин өлкөбүздүн мойнуна сыйыртмак салып жатканыңарды билгенсиңер же силер алар менен бирге үлүштөсүңөр”, – деди Рабинович.

Ууру саясатчылар адатта уурдаган акчаларын сыртка алып чыгышып, каапыр Батыштын банктарында сакташат. Ар качан өз өлкөлөрүндө түрдүү нааразылыктар жана элдик көтөрүлүштөр байкала баштаганда, алар Батыш банктарынын “Банктын сырын сактоо” жана “Бекитилген эсеп” аттуу кызматтары аркылуу өз байлыктарынын коопсуздугун кепилдей алабыз деп ойлошот. Араб мамлкеттеринен уурдалып чыккан акчалардын көпчүлук бөлүгү швейцариялык, америкалык, британиялык жана франциялык банктарда сакталат. Deutsche Welle маалымат агенттигинин билдиришинче, араб мамлекеттеринен мыйзамсыз чыгарылып, Швейцария банктарында жашыруун сакталып жаткан акчалардын суммасы 200 млрд. долларды түзсө, араб мамлекеттеринен чыгарып кетилген акчалардын жалпы суммасы бир нече триллион долларды түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, ал акчалардын көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз жол аркылуу байыган эки жүздүү саясатчылар менен бизнесмендерге тиешелүү. Ушундан улам, карапайым калк саясатчылардын уурулугу жана тышкы карыздан кутулуу деген эки таштын ортосунда, жаргылчакка ташталган буудай сындуу эзилип жашап келет. Батыш болсо бул абалдан эки түрдүү пайдага жетишет. Биринчиден: алардагы мамлекеттик байлыктарга ээлик кылуу үчүн өзүнүн уюм жана компанияларына жол ачат. Андан соң, алардын жардамында алсыз мамлекеттерди талап тонойт жана аларга кожоюндук кылат. Экинчиден: үммөттүн үстүндөгү саткын саясатчылар тарабынан уурдалып чыккан акчалардын баарын өз банктарында сактайт жана керектүү учурда аларды өз мамлекетинин экономикалык циклинде пайдаланат.

Буга кошумча, ЭВФ сыяктуу фонддордун койгон шарттары жана көрсөтмөлөрү себептүү экономиканын начарлашынын жана башкаруучу катмардын бузулушунун натыйжасында, бийликке каршы пайда болгон көтөрүлүштөрдү ар дайым Батыштын ири мамлекеттери өз кызыкчылыктарына пайдаланып келишет. Эл аралык деңгээлде атаандашып жаткан бул мамлекеттер “жарандык коом” деп аталуучу уюмдарды жаңы саясий чөйрөгө киргизүүгө аракет кылышат. Мындай уюмдарды Батыш көз көрүнөө колдоп, финансылык жактан камсыздап келет. Бул ири мамлекеттердин карыздар өлкөлөрдөгү кырдаалдарды көзөмөлгө алууга болгон аракетинин жаркын мисалы. Ошондой эле, карыздар өлкөлөрдүн алсыздыгынан улам, кээде ири мамлекеттер алардан белгилүү бир позицияны карманууну да талап кылып калышат. Мисалы, БУУдагы токтомторду кабыл алуу учурунда ири мамлекеттердин кызыкчылыгына жараша добуш берүү. Маселен, мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери Кытайдын Шинжаңдагы зулумдук саясатын колдогону же АКШнын Израил саясатын колдогону сыяктуу. Ошондой эле, өлкөгө аскердик базаларды куруу үчүн жол ачып алат. Муну менен карыздар мамлекет колонизаторлорго көз каранды болуп калат.

Демек, Эл аралык Валюта Фондунун иш-аракетин күзөткөн киши бул фонд жакшы нерсе алып келбегенин көрөт. Ал АКШнын өкүмдар болуу куралынын бири болуп, алдын ала белгилеп берген план боюнча кадам шилтейт. Анын вазыйпасы – АКШ лидерлигин сактоо жана башка атандаш тараптын чыгышына жол бербөө.

Жыйынтыктап айтканда, Капитализм системасы фианасылык маселеге же адамдардын иштерин башкаруу маселесине Жаратуучу аралашпашы керек дейт. Ушул негизги мафкурадан мыйзамдар алынат жана бул мыйзамдардан финансы институттары курулат. Бул институттар инсанга кайдыгер карады. Негизги этибар болсо, малга, аны көбөйтүүгө каратылды, байлар менен кембагалдар ортосундагы үлкөн айырма пайда болду, талап-тоноолор түрдүү аталыштар менен мыйзамдаштырылды. Эл аралык Валюта Фонду мына ушул капитализм имаратынын курулушунда колдонулган түркүктөрдүн бири. Бирок, кризистер күчөп кетиши артынан бул имараттын пайдубалына, түркүктөрүнө жарака кетти. Жада калса, көптөгөн экономист талдоочулар да имараттын негиздерине ишеним жоготушту. Бул кризиске капитализм, анын мафкурасы жана уюмдары себепчи. Ушуга ылайык, бүгүн баарынын көзү Исламга карап турат. Алар турмуш багытын оңдоого жана табигый жолуна салууга Ислам гана кудуреттүү деген этибарда. Өзгөчө, Ислам фикхий жана тарыхий мураска бай болгондуктан анын дүйнөгө жетекчилик кылышы табигый. Ислам жана анын теңдешсиз экономикалык мыйзамчылыгы тарыхта инсан жана коомду өнүктүрүүгө ылайыктуу дин экенин ырастаган. Бул мыйзамчылык туура куллий мафкурадан алынган, анда барлык, инсан жана жашоого Аллахтын нуру менен назар салынат. Натыйжада, дүйнө өзүнүн туура жолуна салынып, бакубат жашоо жүзөгө чыгат.

Ошондуктан, Исламды жашоого кайтаруу менен гана Исламий Уммат эле эмес, жалпы адамзат көз карандысыздыкка, кол тийгистикке жана бийиктикке жетишет. Андыктан, коомду бир гана Ислам алкагында түптөн өзгөртүүгө бар мүмкүнчүлүгүбүз аракет кылалы!

Мумтаз Маверанахрий

#أقيموا_الخلافة
#خلافت _ کو _ قائم _ کرو
#YenidenHilafet
#ReturnTheKhilafah
#Халифалыкты_кайра_тикелегиле
#Установите_Халифат

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here