Эки жүздүүлүк

2173
0

Бисмиллаххи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Эки жүздүүлүк

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ ‏ ‏أَبِي هُرَيْرَةَ ‏ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ‏‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ‏مَثَلُ الْمُؤْمِنِ كَمَثَلِ الزَّرْعِ لَا تَزَالُ الرِّيحُ تُمِيلُهُ وَلَا يَزَالُ الْمُؤْمِنُ يُصِيبُهُ الْبَلَاءُ، وَمَثَلُ الْمُنَافِقِ كَمَثَلِ شَجَرَةِ  الْأَرْزِ‏ ‏لَا تَهْتَزُّ حَتَّى تَسْتَحْصِدَ” رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

“Момун адамдын ар дайым балээге кабылып туруусу желаргы эгиндин башын ар дайым ары бери чайпалтып  турган эгин зар сыяктуу… Мунафыктын мисалы кыйып алганга (түшүмүн бергенче) чейин кыймылдабай, чайпалбай турган кедр даракка окшош” (Муслим риваяты).

Муслимдин “Сахихине” Ан-Навави тилдик жактан түшүндүрмө берип мындай деген: Ал Заттын (с.а.в) “чайпалтып турган” деген сөзүнүн мааниси, шамал анын башын оңго солго буруп кыймылдатып турушу.

Ал эми, “кыйып алганга, түшүмүн бергенге чейин” дегени, биротоло жулуп кеткенче өзгөрбөстөн турган, куурап калган өсүмдүк сыяктуу.

Ал эми кедр дарагын тилчилер жана башкалар белгилүү карагай тибиндеги дарак экенин, Шам жана Арменияда көп кездешерин айтышкан.

Аалымдар айтышты: “хадистин мааниси, момун ар дайым денесинде, үй-бүлөсүндө же мал-мүлкүндө көп азап чегет. Бул анын күнөөлөрүнүн кечирилишине жана даражасынын көтөрүлүшүнө себеп болот. Ал эми, каапыр болсо бул дүйнөдө аз өлчөмдө зыян тартат, эгер ага бир нерсе болсо, анын эч бир жаман иштери кечирилбейт. Тескерисинче, ал күнөөлөрү Кыямат күнүнө толук калып кетет”.

Жамиъ ат-Тирмизинин шархында Тухфат аль-Ахвазийде мындай деп айтылган. Ат-Тиибий айтты: “Бул жердеги салыштыруу ыймандуу адамдын өзүн ырахат берүүчү жана каалоолорунан обочолонуп, кырсыктарга жана балээлерге кабылышына, түбөлүктүүлүк, акырет үчүн жаратылган абалына байланыштуу. Ошондой эле, эки жүздүү адамдын акыреттеги азабы азайбашы үчүн бул дүйнөдө балээ-азабы азыраак болушуна тиешелүү. Куураган дарактын тамырын жулуп алуунун жеңилдиги эгинди оруп-жыюу менен салыштырылып, муну менен каапырлардын акыр-аягы жаман экени эскертилген.

Жүзүн өзгөртүү жана саясий эки жүздүүлүк биздин доордо кеңири таралган көрүнүш болуп калды. Бул дүйнөдө ач көздүктү, акыретте кыйынчылыкты издегендердин карманган жолуна айланды. Андан да жаманы, эки жүздүүлөр бүтүндөй уятсыздыкты жоготуп, башкаларды ага  чакыра баштады. Эгер сен: “Мен өзүмдүн принциптериме, идеяларыма жана ишенимиме бекем турам” десең, ал сени жек көрүп, шылдыңдайт. Анткени, анын пикиринде, экү жүздүүлүк – тарыйкат, туруктуулук – бидъат, принциптерди сатуу – пайда, принциптерди кармануу – бузукулук болуп калган.

Имам Ахмад “Зухд” китебинде мындай дейт, Шакик ибн Саламадан риваят кылынат: “Биз Абу Масуд Укба ибн Амр аль-Ансариге келип бизге осуят кыл дедик. Ал айтты: “Кудайдан корккула. Мен тозоктун таңын көрүп калуудан Аллахтан паана сурайм. Диндеги эки жүздүүлүктөн сактангыла. Бүгүн тан алган нерсеңерди эртең танбагыла. Бүгүн тан албаган  нерсеңерди эртең танып кетпегиле”.

Башкача айтканда, бүгүн жакшы иш деп тан алган  ишти эртең мункар иш деп тан албай калбагыла. Бүгүн мункар иш деп тан алган ишти эртең жакшы иш деп тан алып калбагыла деген. Анткени маьруф иш (жакшы иш) эч качан өзгөрбөйт. Ошондой эле мункар иш (жаман иш) да эч качан өзгөрбөйт. Качан  жакшылык менен жамандыкка болгон ченемдерибиз өзгөргөндө, Кудай Тааланын бул сөзү бизге тиешелүү болот:

{ الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ بَعْضُهُم مِّن بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمُنكَرِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمَعْرُوفِ وَيَقْبِضُونَ أَيْدِيَهُمْ نَسُواْ اللّهَ فَنَسِيَهُمْ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ هُمُ الْفَاسِقُونَ }

“Мунаафык эркектер жана мунаафык аялдар бардыгы жакшылыктан  кайтарып жамандыкка буйрушат. Аллах жолунда хайр ихсан кылып жакшылык кылуудан колдорун кармашат. Алар Аллахты унутушту Аллах аларды унутту. Албетте мунаафыктар фасыктар” (Тообо: 67).

Эки жүздүүлүктүн эң көрүнүктүү белгилеринин бири акыйкат үстүндөгү туруксуздугу. Ал “прагматизм” жана “реализм”ди шылтоо кылып бүгүн сиз менен, эртең болсо сизге каршы турат. Бүгүн досуң, эртең душманың. Бүгүн сени жакшы көрөт, эртең жек көрөт. Бүгүн сенин тарапташың, эртең сенин каршылашың. Бүгүн жайиз кылган нерсеси, эртең арам ж.б.у.с.

قال حذيفة بن اليمان صاحب سر رسول الله صلى الله عليه وسلم: “إذا أحب أحدكم أن يعلم أصابته الفتنة أم لا! فلينظر، فإن كان رأى حلالا كان يراه حراما، فقد أصابته الفتنة، وإن كان يرى حراما كان يراه حلالا فقد أصابته

Алланын Элчиси саллаллаху алейхи уа салламдын сыр сакчысы Хузайфа бин Аль-Яман айтты: “Эгерде силердин бирөөңөр фитнага түшүп же түшпөгөнүн билгиси келсе, карасын. Эгер адалды көрүп, арам деп эсептесе, ал фитнага кабылды. Эгер арамды көрүп адал деп эсептесе, анда ал фитнага учурады”.

Аллахтан коопсуздукту жана акыйкатта туруктуулукту сурап калабыз.

Урматтуу бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканча, сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

1445-х 10-Зул Каада.

2024-ж 17-Май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here