«Эй мусулмандар, Халифалыкты кайра тикелегиле!» кампаниясы – Тунисти колония кылган кафирлерге каршы кампания

224
0

Басма сөз баянаты

«Эй мусулмандар, Халифалыкты кайра тикелегиле!» кампаниясы Тунисти колония кылган кафирлерге каршы кампания

Мусулман перзенттери болгон коопсуздук кызматынын адамдары бул кампания алкагында иш алып барып жаткан даъват ээлерин эмнеге камакка алышууда?!

Согуш арам кылынган Ражаб айынын биринчи күнүндө, Хиз-ут-Тахрир Исламий Халифалыктын кулатылганынын кайгылуу жүз жылдыгында баштаган «Эй мусулмандар Халифалыкты кайра тикелегиле!» деген кампания башталары менен коопсуздук кызматы Хизб мүчөлөрү: Афиф Халиф жана Умар Ахмадды камакка алып, Сакият Зайт шаарындагы коопсуздук мекемесине алып кетишти. Бул эки жигит Сафакис шаарында «Эй мусулмандар Халифалыкты тикелегиле!» деген баннерлерди илип жатышкан. Алар ишмердигине уруксат берилген партиянын катарында саясий иш-аракет кылып жатышканына карабастан, коопсуздук кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Коопсуздук кызматкерлери боордошубуз Афиф Халифтин Халифалыкты тикелөөгө чакыруу туурасындагы шаръий милдетин жана табигый укугун талап кылышына тоскоолдук кылышып, ага ырайымсыз мамиледе болушту. Илинип жаткан баннердин булагы жана кампаниянын алкагында баннер илип жаткан адамдардын ысымдары такталган соң, адвокаттын катышуусунда протокол түзүлүп, боордоштор азат кылынды. Боордошубуз Афифке оорунканада дарылануу үчүн жолдомо берилди.

Белгилүү болгондой, биз, Хизб-ут-Тахрир Тунис вилаятынын мүчөлөрү, расмий саясий жетекчилик колонизатор кафирге көз каранды экенин ачыктап, аларды Умматтын тарабына өтүүгө, анын маселелерин, айрыкча, рошид Халифалыкты тикелөө маселесин колдоп-кубаттоого чакырып келебиз. Бул нерсе баарына белгилүү болгондугуна карабастан, айрым коопсуздук кызматкерлеринин буга карата позициясы бизди таң калтырууда. Аллахты, Анын Расулун жана момундарды дос тутууну үндөгөн, маъруфка буйруп, мункардан кайратууну шарт кылган Ислам акыйдасынын талаптарына этибар бербей жаткан о.э. пикир жүргүзбөстөн дагы эле саясатчылардын көрсөтмөлөрүн аткарууну улантып жаткан кээ бир коопсуздук кызматкерлеринин позициясы бизди таң калтырып жатат. Акыйкатта болсо, алар саясатчылардын малайлыгын, булар өлкөнүн мусибаттарынын себепкери да экенин өтө жакшы билишет. Мындан тышкары, алар саясатчылардын көрсөтмөлөрүн аткаруунун акыбетинде соңку демонстрацияларда о.э. Бен Али качып кеткенде калк тарабынан акааратталганына да көп убакыт болгон жок. Ошондой болгон соң, саясатчылар жана алардын айрым кадрлары аркылуу берилип жаткан колонизаторлордун көрсөтмөлөрү коопсуздук кызматкерлерин душмандын таягына айлантканын, аларды элден үзүп, намысын тебелегенин кантип түшүнүп жетишпейт?! Аллах Таала алардан Кыямат күнү жасаган иштери жөнүндө сурашын жана ал күндө кожоюндары алардан танып кетишин билишпейби?!

﴿إِذْ تَبَرَّأَ الَّذِينَ اتُّبِعُواْ مِنَ الَّذِينَ اتَّبَعُواْ﴾

«Ал күндө баштоочулар ээрчигендерди танышат»                                                  [2:166]

Аныгында, даъват жолундагы кыйынчылыктар Хизб-ут-Тахрирдин кайратын бекемдейт. Камакка алуулар жана эркинен ажыратуулар Хизб мүчөлөрүнүн чыдамын күчөтүп, Аллахтын нусратына болгон ишенимдерин дагы да бекемдейт. Алар муну билишпейби?!

Хизб-ут-Тахрир «Эй мусулмандар, Халифалыкты тикелегиле!» деп бүткүл мусулмандарга чын жүрөктөн кайрылууда. Алар Халифалыкты тикелеп, өз жашоосун Исламдын улуу түзүмү менен кайра башташсын. Бул кайрылуу эң биринчи коопсуздук кызматкерлерине жана аскерийлерге каратылган. Ошондой болгон соң, алар хак тарапка өтүп, акимдердин кыянатынан арылышсын жана Аллах Тааланын ушул сөзүнө кулак салышсын:

﴿أَرَأَيْتَ الَّذِي يَنْهَى * عَبْدًا إِذَا صَلَّى * أَرَأَيْتَ إِن كَانَ عَلَى الْهُدَى * أَوْ أَمَرَ بِالتَّقْوَى﴾

«Бир пендени намаз окуган убагында (намазынан) тосуучу кимсени көрдүңбү?! Кабар берчи, эгер ал (намаз окуучу) өзү Туура жолдо болсо, же (башкаларды) таквага буюрса (аны намаздан жана таквалыктан тоскон кимсе жок болбойбу)?»                                                    [96:9-12]

Абу Жахл жеңилип, Мухаммад ﷺдын даъваты үстөм болгон. Кудум ал сыңары рошид Халифалыкка болгон даъват да жакынкы күндөрдө үстөм болуп, бардык душмандарды жеңет.

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

 Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here