Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык гана АКШнын зомбулугун тыйып, Фалестинди азат кылат

201
0

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык гана АКШнын зомбулугун тыйып, Фалестинди азат кылат

АКШ администрациясы яхудий вужудунун саясий жана соода-сатык кызыкчылыктарын колдоону Кениядан талап кылып, АКШ менен Кения ортосунда түзүлгөн соода келишимин бекер кылуу менен коркутту. О.э. Вашингтон Кениядан АКШ-«Израиль» ортосундагы соода аракеттерине зыян келтире турган иш-чараларды алдын алууну талап кылды.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрирдин Кениядагы басма сөз өкүлү устаз Шаъбан Муаллим өз билдирүүсүндө мындай деди:

«Американын мындай текебер билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай, бул мамлекет мубарек Фалестин жериндеги мусулмандарга каршы кылмыштарды колдоп-кубаттап, демөөрчүлүк кылып жатат, өзүнүн тышкы саясатында башка мамлекеттердин ишине аралашууну жана аларга көрсөтмө берүүнү өзүнө эп көрүүдө».

Билдирүүдө дагы мындай делет:

«Бул талап Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейн Вашингтондо яхудий вужуду менен мубарек Фалестин жерине каршы эң жаман саткындык келишимине кол коюшкандан кийин айтылды. Мындан Фалестин маселесин жок кылуу операциясынын пландоочусу да, башкаруучусу да Америка экендиги, ал Ислам Умматынын азапталышын көрүүнү каалап жатканы көрүнүп турат».

Устаз билдирүүнү минтип аяктады:

«Яхудий вужуду – Ислам жеринде турган вужуд. Ислам жери болбосо же ал баскынчылык кылбаса, бул вужуд жок болмок. Мындан улам, ал Акса мечити жайгашкан мубарек жерибизди басып алды. Негизи, бул вужудга ар кандай эл аралык мамилелерди же соода-сатык кызыкчылыктарды сунуштоо ага мыйзамдуулук берет жана бул иш динибизде арам кылынган, тыюу салынган. Фалестин маселеси – исламий маселе. Ошондуктан, биз ушул маселенин ар кандай кайрыисламий чечимине ыраазы болбошубуз керек. Тезинен аткаруубуз шарт болгон эң маанилүү нерсе – мусулман өлкөлөрүн Ислам менен башкаруу. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети көлөкөсүндө гана ишке ашат. Ушул мамлекет бүткүл исламий армияларды бириктирип, Фалестинди жана басып алынган бардык исламий өлкөлөрдү азат кылат».

 

Роя гезити, №306, 2020-жыл, 30-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here