Фалестин режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алып саясий камакка алууларды токтотуу туурасындагы сөзү жалган экенин жана Фалестин элинин душманы экенин ырастады
Фалестин режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Абдужалил Зайн, Башар Абу Хамид жана Рамзий Дагирдин камакта кармоо мөөнөтүн узартты. Бул жигиттер саясий аракет менен алектенип, каргаша «CEDAW» конвенциясына каршы чыгышкандыктан о.э. Эмираттардын жана Бахрейндин яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырышын каралаган Хизб баракчасын таратышкандыктан камакка алынышкан.
Режимдин коопсуздук кызматы 2020-жылы 17-сентябрь күнү Абдужалил Зайнды Ятта кварталындагы көчөдө каракчылар сымал уурдап кеткен. Башар Абу Хамид ушул баракчаны таратышы артынан 2020-жылы 16-сентябрь күнү Килкилия шаарында өзүнүн соода дүкөнүндө камакка алынды. Рамзий Дагир режимдин каргаша «CEDAW» конвенциясына каршы нааразылык демонстрациясын бастырганын сындаганы үчүн 2020-жылы 15-сентябрь күнү – оорулуу болушуна карабастан – камакка алынды.
Фалестин режиминин Батыш Жээкте саясий камакка алуулар токтотулганы о.э. яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну четке кагышы жөнүндөгү жалган сөздөрү ал жалганчы жана саткын экенин дагы бир ирет ырастады. Себеби, режим саясий камакка алууларды токтоткон жок, яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну бир күн да токтоткон эмес, нормалдаштыруу келишимине каршы да эмес. Жок, тескерисинче, бул режим Америка мени ушул саткындык келишиминде катышпаганыбызды кечирет бекен деп кайгыга батууда.
Ушул камакка алуу саясаты режимдин чыныгы жүзүн көрсөтүп, ал бир күн да Фалестин эли тарабында турбаганын, тескерисинче, аларга, алардын перзенттерине, ыйык жайына, мүлктөрүнө жана намыстарына каршы согуш жарыя кылганын, Фалестин калкын өлтүрүү үчүн болгон күчүн аябай, күнү-түнү ага каршы айла-амал кылып жатканын көрсөтүп турат.
Роя гезити, №306, 2020-жыл, 30-сентябрь.