Евробиримдик мамлекеттери 1-июлдан тартып чек араларын ачат, бирок туристтер үчүн эмес

421
0

Евробиримдик мамлекеттери 1-июлдан тартып чек араларын ачат, бирок туристтер үчүн эмес

Еврокомиссия Шенген аймагына кирген Европа мамлекеттерине коронавирус эпидемиясы себептүү март айынын ортосунан баштап жабылган тышкы чек араларды 1-июлдан баштап баскычма-баскыч ачып баштоону сунуштады.

Комиссия ошого чейин Шенген аймагына кирген мамлекеттер ортосунда чектөөлөр алынышынан үмүттөнүүдө.

30-июнга чейин Евробиримдиктин чек аралары үчүнчү мамлекеттердин жарандары үчүн (туруктуу жашоого уруксаты болгондор жана зарылдык себептүү кирип келе жаткандарды кошпогондо) жабык бойдон калат. Еврокомиссия 1-июлдан бир катар чет өлкөлүктөр, айрыкча, студенттер жана тажрыйбалуу кызматкерлер үчүн чек араны ачууну сунуштаган. Бирок, алардын арасында туристтер жок.

Сереп: Евробиримдик өз алдына койгон саясий максатына жете албады. Европа мамлекеттери максаттарын жүзөгө чыгарышына учурдагы эл аралык саясат (АКШ) жана капиталисттик дүйнөлүк башкаруу системасы жол бербеди. Тактап айтканда, Европанын Америка Кошмо Штаттары же Россия Федерациясы сыяктуу күчтүү биримдик пайда кылышына жол беришпеди.

Эл аралык саясат ишке салып жаткан “дүйнөлүк пандемия” саясаты – дүйнөдө жаңы башкаруу түзүмүн пайда кылмакчы. Ага Евробиримдик толук бойдон кире албайт. Евробиримдиктеги өлкөлөр “пандемия” шылтоосунда экономикалык жана саясий жактан бири-биринен ажырай башташты. Эми Евробиримдиктеги өлкөлөр  биргеликте өнүгө алышпайт. Жаңы калыптанышы мүмкүн болуп турган эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттер катарына да Евробиримдиктин бир бүтүн вужуд катары киришине жол берилбейт. Франция, Германия сыяктуу бир катар өнүккөн мамлекеттер жаңы дүйнөлүк жетекчи мамлекеттер катарынан орун алуу үчүн өз-өзүнчө аракет кылышы керек.

Экинчи тараптан Европа “пандемия” шылтоосунда мойнуна алган эл аралык милдеттеринен кутулуп, муктаж, жакыр жана качкындардан өзүн изоляция кылып алмакчы болууда.

 Батыш дүйнөсү дүйнөлүк экономикалык түзүм тикелөөдө мамлекеттердин экономикалык өнүгүшүнүн кепилдиги болгон оор жана жеңил өнөржайды өздөрүнө алып, үчүнчү дүйнө мамлекеттерин сырьё жеткирип берүүчү агрардык мамлекеттер кылуу менен дүйнөнү бөлүшкөн эле. Мунун акысына “Чоң жетилик” жана “Чоң жыйырмалык”мамлекеттери агрардык мамлекеттердин жарандары алдында бир катар экономикалык жана саясий милдеттенмелерди алышкан.

Акыркы жылдарда демократияга негизделген капиталисттик башкаруу түзүмү кризиске учурап, жетекчи пикир мабдаъий негизден мекенчилдик, улутчулдук жана материалдык кызыкчылык негизинде экени ачыкка чыгып, ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын негиз кылууну жашырбай калды. Натыйжада баскынчылык согуштары күчөп, дүйнөдө качкындар, жакырлар жана нааразы маанайдагы мабдаий исламий пикирий мухит күчөй баштады. Бул абал Батыш дүйнөсү мойнуна алган жоопкерчиликтерди күчөттү.

“Пандемия” артынан калыптанып келе жаткан жаңы дүйнөлүк башкаруу түзүмү аркылуу жетекчи мамлекеттер кызыкчылыгы негизинде ачык зулум жана бир тараптуу иш алып баруу үчүн эл аралык саясатта мыйзамдуу шартарды түзүп алмакчы болушууда! Алар биз тарапка эч кандай тоскоолдуксуз кирип келип, ар кандай кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарышат. Биз болсо, тескерисинче дүйнөкарашыбызга, итаат кылуу деңгээлибизге карай миңдеген текшерүүдөн өтүп, аларга кызмат кылуу үчүн жалданабыз. Мамлекеттерибиз жакырдыгы себептүү, аларга толук көзкаранды абалда, аларга кулдук кылуу мүмкүнчүлүктөрүн талашып бири-бирибиз менен согушабыз. Дүйнөнү катмар, тайпа  жана аймактарга бөлүштүрүү мыйзамдаштырылат!

Эй боордоштор, үстүбүздөгү жетекчи катмар өкүлдөрү кыянат кылып жатышат! Жок жерден “пандемия” дүрбөлөңүн көбүртүп, мамлекеттерибизди дүйнөлүк куфр саясатынын айла-амалына салып беришүүдө! “Болду жетишет, дүрбөлөң үстүнө курулган бул саясий айла-амалдарды жыйыштыргыла” деп чыгып, пандемиянын жасалма дүрбөлөңүнө ишенбөөчүлүк көргөзбөсөк, дагы алдыда көптөгөн зулумдар күтүп турат! Бул саясий, психологиялык дүрбөлөң үстүбүзгө өтө чоң жана узакка созулуучу кыйынчылыктар, адилетсиздик жана зулумдарды алып келет! Бул абал биздин ушул дүрбөлөңдөргө ишенүүбүз үстүнө курулган. Ошондуктан, дүйнө жүзүндөгү бардык маалыматтык машина бир тараптуу иш алып барууда. Алар адамдарды “пандемия”га ишендирүү, дүрбөлөңдү күчөтүү жана мындан кийин да ушундай кармап туруу үчүн колунда болгон мүмкүнчүлкту болушунча пайдаланып жатышат!

 Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here