Кыргызстан бийлиги Орусияга күнкордугун улантууда

436
0

Кыргызстан бийлиги Орусияга күнкордугун улантууда

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгөөрүн билдирди.

Бул тууралуу президенттин Орусиянын башчысы Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктоосунда айтылды.

          Белгилүү болгондой Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кызматташтык тууралуу 120дай документ бар. Учурдагы бийлик, Орусияга күнкорлугун бекемдеп келүүдө. Муну Канттагы Орусиянын аскердик базасы боюнча келишимди жаңыртуу менен Орусия телеберүүлөрү үчүн каражат төлөө боюнча мыйзамдардын шыр кабыл алынуусу да тастыктап турат.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун 11-июнда көпчүлүк добуш менен колдоп беришти. Катталган 109 депутаттын 102си мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, Орусиянын “1-канал” жана “РТР” телеканалдары Кыргызстандын акысыз санарип куржунунан 2023-жылга чейин көрсөтүлөт. Бул үчүн бюджеттен 50 млн сом төлөнөрү айтылууда.

Депутаттар ушундай эле дымак менен Канттагы Орусиянын авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялады. Бул протоколго ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдоо үчүн Орусиянын менчигине өткөрүлүп берилди. Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Кыргызстан Орусия негиздеген аскердик жактан “Жамааттык кызматташтык боюнча келишим уюмуна” мүчө. Бул уюм Орусиянын Борбор азиядагы таасирин бекемдеп турат.

Тилекке каршы, Орусиянын мындай колонизаторлук саясаты үчүн учурдагы бийлик бардык эшиктерди ачып берүүдө. Муну менен келе жаткан шайлоодо өзүнө тиешелүү партияларды парламентке киргизип алуу үчүн Орусиядан колдоо күтүп жаткандай.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандагы жетекчи топ Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Эгер өз Исламыбызды жакшы билсек, колонизатор кафирлерди үстөм кылуу, аларга ишенүү, алардын жетегинде бири-бирибизге каршы күрөшүү, улутчулдук, мекенчилдик ооруларынан айыкмакпыз. Ошондуктан, мусулман калкыбыз өз диндерин жакшылап үйрөнүшү жана бул билимдери негизинде – бардык мусулмандарды бир тууган кыла турган, колонизатор кафирлерди болсо кууп чыгара турган – Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда пикирий-саясий күрөш алып барышы важиб.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here