Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкеси Россияга өткөрүп берилди

311
0

Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкеси Россияга өткөрүп берилди

Кыргызстан парламенти 11-июнда Россиянын Канттагы авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялады. Протоколго ылайык, авиабазанын учуп-конуу тилкеси оңдоо үчүн Россиянын менчигине өткөрүп берилди.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдолгондон кийин Россияга өткөнү менен анын алдындагы жер кыртышы Кыргызстандын ээлигинде каларын айткан…  (Жетекчиликтин саясий деңгээлине караңыз)

Бул мыйзам бир нече ай мурда Кыргызстан калкынын талкуусуна коюлган эле. Кыргызстан калкы бул кыянаттык келишимге нааразылык билдирди. Ошого карабастан, саткын бийлик ушул кылмыштуу документти мыйзамдаштырды!

Кыянатчы бийлик өкүлдөрү – бийлигин сактап калуу чекитинен туруп гана пикирлешет. Алар мамлекеттин, үммөттүн жана элдин кызыкчылыгын таптакыр эсепке алышпайт. Биз болсо алар бийликте турганда аларды жогорудагы сыяктуу тарыхий кылмыштардан кайтаруу жөнүндө пикирлебейбиз! Башкача айтаканда, алар бийликтен кеткенден кийин гана тергеп-тескеп кылмыш жоопкерчилигине тартабыз. Кийин келгендери мурункуларынын ишин улантышат. Биз дагы алар кеткенге чейин күтүп турабыз. Ушундай пикирлөө Орто Азия калкынын менталитетине айланды.

Россия эми бул региондон чыгып кетпейт. Биз менен эсептешип да отурбайт. Россия бирер мамлекетке согуш ачса, же башка мамлекет Россияга каршы согуш жарыяласа, Кыргызстан да согуш майданына айланат! Сабатсыз, ачкөз жана коррупциялашкан бийлик өкүлдөрү болсо арам жол менен тапкан акчалары менен чет өлкөлөргө качып кетишет! Ар дайым ушундай болуп жатат!

Сабатсыз саясатчыларыбыздын аң-сезими СССРден калган пикир менен калыптанып калгандыктан, “Россия биздин коргоочубуз”  деген чекитте катып калышкан. Алар эл аралык саясатты да ачык-айкын түшүнө алышпайт. Россиянын эл аралык саясаттагы бүгүнкү күндөгү таасирине да туура баа бере албай жатышат.

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here