Туткундар маселеси режимди кулатууга байланыштуу маселе
Демек, ал козголоңдун туруктуу максаттарынан баш тартуу үчүн шылтоо боло албайт
Устаз Тарик Рафи
Коронавирус пандемиясы жөнүндө сөз болгондо, тогут акимдердин камактарындагы туткундар маселеси да өрчүп чыгууда о.э. камакта ушул илдеттин жайылуу коркунучу сыртта жайылуу коркунучунан жогору болгондуктан, туткундарды азат кылууну талап кылгандар көбөйүүдө. Себеби, камактада шарттын жамандыгы, санитария кызматы жоктугу о.э. жаман тамактануу натыйжасында иммунитет төмөндөп кетиши оору жугушун дагы да тездетет деп айтылууда.
Ушулардан улам, мен канкор Асаддын камактарындагы туткундардын маселесин ачыктоону кааладым. Бул режимдин камактары канкор ата Асаддан анын канкор мураскоруна чейинки узун тарыхка ээ. Туткундар жөнүндөгү сөздөр Шамдагы ар бир көчөдө кезип жүрөт. Туткундардын саны жүз миңдегенге жетти. Сирия адам укуктары уюмдары 2011-жылдын март айынан бери Сирия камактарында 129 973 адам камакта кармалып турганын жана бул сандар жашырылып жатканын аныктаган.
Асаддын зындандарында түрдүү кыйноолор колдонулууда… Бул канкордун кыйноо ыкмалары дүйнөдө эң зөөкүр ыкмалар десем ашыра айткан болбосом керек. Ал тургай, бул режимдин ыкмалары башка тогуттар үчүн туткундардан өч алууда үйрөнө турган сабак болуп калууда. Режим Шам калкын канчалык жаман көрүшүн жана жийиркенишин түшүнүп алышыңар үчүн ал жерде кыска мөөнөттө жатып чыккан бир туткундун сөздөрүн угушуңар жетиштүү.
Туткундар маселеси Шам козголоңунан мурда эле белгилүү болчу. Бул кылмышкер режимдин камактары эбактан эле толуп кеткен. Камактардагы ар бир дубал режимди сындаган, же сындоону пландаган, же болбосо тескери пикирде болгон кишинин кыйноолоруна күбөлүк берет. Козголоңдон кийин туткундар маселеси ар качанкыдан көбүрөөк жана чоңураак көлөмдө көтөрүлө турган болду. Ал тургай, режим камактар туткундарга толуп ташкандыктан жаңы камактарды ачууга жана бир нече мектептерди камакка айлантууга, ал тургай, көптөгөн туткундарды жок кылууга мажбур болду.
Ошондуктан, туткундардын азат кылынышы козголоңдун максаттарынын бири болуп эсептелет, ал тургай, муну козголоңдун башталышынын себептеринин бири десе да болот. Мындан улам, ар бир саясий чараларда жана конференцияларда «туткундарды азат кылуу» деген сөздөрдүн көтөрүлүп жатканын угуп жатабыз. О.э. чет мамлекеттердин разведкасы аркылуу түзүлгөн илманий оппозиция да өзүнүн ар бир кыянатын актоо о.э. козголоңдун өзгөргүс максаттарынан танганын жашыруу максатында ушул туткундар маселесин ураан кылып көтөрүп жатат. Мындан улам, көрүп турганыбыздай, алар режимди кулатуудан баш тартышканын туткундарды азат кылууга аракет кылып жатышканы менен актоого урунуп жатышат, бирок, режимди кулатышкан жок, туткундарды да азат кылышпады!
Жакындан бери туткундар маселесинде эң көп оозго алынып жаткан нерсе «Цезарь мыйзамы» болсо керек. Ал тургай, айрымдар АКШ Сирия козголоңун коргоп жатат, ал Асад режимин кылмыштары үчүн жоопко тартат деп эсептешүүдө. Акыйкатта болсо, анын кылмыштары жөнүндө миңдеген күбөлөр жана далилдер бар. Ага карабастан, Америка Асад режимин коргоо позициясын токтоткон жок. Бирок, көздөрүн парда каптаган айрым кимселер муну көрбөй жатат.
«Цезарь мыйзамына» бир аз гана токтолушубуздун өзү бул ысым белгисиз адамга таандык экендигин, бул адам козголоң башталган 2011-жыл менен 2014-жылдар арасында Асад режиминин калкты камактарда, көчөлөрдө жана аянттарда кыйноого салганын видеого тартканына күбө болобуз. Ушул видеолор элге таратылганда өтө чоң дүрбөлөңгө себеп болду. Мисалы, «Human Rights Watch» уюму видеотасма боюнча иликтөө өткөрүүнү талап кылды, кийин «Демек, өлүктөр да сүйлөй алат экен» деген отчёт чыгарды. Видеотасмалар боюнча отчёттогу сүрөттөрдү далил катары басып чыгып, бул далилдерди Кошмо Штаттардагы «Холокост» музейинде жана БУУда көргөзмөгө койду.
Ушул мыйзамдын деталдарына киришүүдөн мурда мындай дейбиз, Шам калкы камактарда гана эмес, шаар жана айылдарда да ачык-ашкере азап-кыйынчылыктарга туш болуп, бүткүл дүйнө көз алдында жарылуучу бочкалар жана ракеталар алдында калган учурда… колонизатор мамлекеттер бул туурасында өз ара кызматташып, бири ачык-айкын душмандыгын, башкасы жалгандан достугун билдирип жаткан учурда бул мыйзам кабыл алынды. Ушунча жылга созулган кылмыштар артынан 2019-жылдын аягында Трамп «Цезарь мыйзамын» кабыл алды, АКШ өкүлдөр палатасы аны тастыктады.
Бул мыйзамга назар салсак, ушуга күбө болобуз, ал да Американын өз малайлары үчүн колдоно турган токтомдорунун бири болуп, Асад режимине жана аны менен мамиле кылган кээ бир режимдерге санкция белгилейт. АКШ президенти каалагандай белгилейт жана каалаган убакта бекер кылат. Бирок, бул токтомдор туткундарды азат кылбайт, бомбаларды токтотпойт жана эч бир мазлумга жардам бербейт. Албетте, бул күтүлбөгөн абал эмес, Американын арканын кармап жаткан жана аны куткаруучу деп эсептеп, Сирия режиминин АКШга жана «Израилге» каршы күрөшүп жатам деген жалгандарына ишенип жаткан кимселер үчүн күтүлбөгөн абал. Түпкүлүгүндө, Хафиз Асад режиминен да көбүрөөк Башар Асад режими АКШ жана «Израиль» кызыкчылыктарын коргоп жатат.
Темабызга кайта турган болсок, туткундар жана аларды азат кылуу маселеси козголоңдун эң маанилүү максаттарынан болуп, козголоңчулар бул маселе режимди кулатуу маселеси байланыштуу экенин жана режим кулатылмайынча аларды азат кылуу мүмкүн эместигин унутпашы керек. Ушуга күбө болуп жатабыз, өзүн козголоңго таандыктыгын айтып, козголоңдун өзгөргүс максаттарын четке сүрүп, туткундарды азат кылуу шылтоосу менен канкор режим менен сүйлөшүү өткөргөндөр бар. Режим аларга көчөлөрдөн адамдарды туткун катары кармап алып, ушул жаңы туткундарды берип жатат жана мунн акысына региондор калкын чыгарууга же өз көзөмөлү астындагы региондордон курчоону алып таштоого жетишип жатат.
Кичине бир регионду көзөмөлдөп, ошол жерди башкарып жаткан айрым кимселер Асаддан үлгү алып, камактарды куруп, адамдарды адилетсиз камап жатышат. Андыктан, алардан Асад режимин кулатууну жана туткундарды азат кылууну кантип күтүү мүмкүн?!
Кыскасы, камак же лагерь жөнүндө угуунун өзү, козголоңду токтотпой улантып, бекем туруп, режимди кулатуу жана Ислам бийлигин орнотуу үчүн жетиштүү. Камак же лагерь ушуга себеп болгон соң, Шам калкы колунда миңдеген себептер бар. Ушул себептер алардын кадамдарын бекемдеп, канчалык кымбатка түшпөсүн, козголоңдун максаттарын жүзөгө чыгарууга катуу аракет баштоого үндөйт. Аракеттен чарчап, жан берүүгө ыктап жаткандарга келсек, алар козголоңдон четке чыгып, козголоңго жана козголоңчуларга тоскоолдук кылышпасын… Козголоңчулар козголоңду коргоп, Роббиге тобокел кылып, Андан гана жардам сурап, козголоңду нусрат тарапка багытташууда. Аллах, аларды жакында Өз нусратына жеткирет, инша Аллах. Бул Аллахка жеңил.
Роя гезити, №281, 2020-жыл, 8-апрель.