Тунис режими кризисти күчөтүү аркылуу коронавируска каршы күрөшүүдө!

235
0

Тунис режими кризисти күчөтүү аркылуу коронавируска каршы күрөшүүдө!

 Тарик Рафи

Тунис режими коронавируска каршы күрөштү ээрчимелик менен алып барууда жана бул таң калычтуу эмес. Себеби, өлкөдөгү саясатчылардын адатын жакшы билебиз, ар дайым деңиз артынан келген жогорку буйрукту күтүшөт, буйрук келген соң, аны сыймыктуу жарлык кылып алып, сөзсүз аткарышат… жалданма жана арамкор массалык маалымат каражаттары аркылуу аны көккө көтөрүп макташат. Мисалы, анын биринчи кадамы үрөй учурган маалымат чабуулу болду. Ал коронавирусту өтө тез тараган бүлгүнчү иблис кылып сүрөттөдү… Ооруканаларда оорулуулар жасалма дем алдырчу аппараттарда өлүм менен алышып жатканын, көчөлөр өлүктөргө толуп кеткенин, өлүктөрдүн көпчүлүгүн жерге берип жетишпей жатканын кабарлады. Аянычтуу кадрларды көрсөтүп, айрым батыштык саясатчылардын болбогур билдирүүлөрүн далил кылып келтирди… Адамдардын жүрөгүн коркуу ээледи, адамдар оор чечимдерге сабыр кылууга жана катаал чараларга көнө баштады. Анткени, маселе олуттуу жана жеңил карап болбой турган кылып көрсөтүлдү.

Тунис акимдери «эгемендүүлүктөн» бери биз мүмкүнчүлүгү аз кембагал мамлекетпиз деген жалганды үндөөгө адаттанышкан. Убакыт табары менен бул жалгандарды айтышканы айтышкан жана муну далил талап кылгыс анык чындык деп ойлошот. Алар мындай деп айтышууда: абал ушундай, эгер коронавирус – Аллах сактасын – оор түс ала турган болсо, эч нерсе кыла албайбыз. Мына, өнүккөн мамлекеттер, ал тургай, ири мамлекеттер да бул эпидемия алдында алсыз болушууда. Демек, чечим – вирустун жугушун алдын алууда жана изоляция кылып, жайылуусун токтотууда. Бул үчүн биринчи иш-чаралар адамдардын топтолушуна жана бири-бири менен алака кылышына тыюу салуудан башталат. Акимдер ушинтип айтышы артынан жеке менчик жана мамлекеттик мекемелердеги иш сааттары кыскартылды, кафелер кечки саат төрттөн кечикпей жабыла турган болду. Мечиттерге т.а. Батыш мамлекеттеринин тынчын бузган жана террорчулук очогу деп каралып жаткан жайларыбызга келсек, бул жааттагы чечим кескин жана ыраймсыз болуп, жума жана жамаат намаздарына тыюу салынды, мечиттер жабылды, намаз убагында азан гана айтыла турган болду! Бул чечимге мусулмандар нааразылык билдирип, каралашты. Мурун тогуттар да мындайга батынышпаган. Бирок, алардын бир ууч жарчылары айрым шаръий тексттерге туура эмес маани беришип мындай кылмышты – бийлик жарандардын саламаттыгы жана өлкө кызыкчылыгы үчүн ушундай чечим кабыл алды деген нерсеге өзгөртүштү, муну менен нааразы үндөр да басылды!

Мындай абалдарда адатка айланып калган негизги чаралар кайрымдуулук фонддорун ачуу болуп калган. Саламаттыкты сактоо мекемелери санитария каражаттарынын таңкыстыгына даттанышат, мамлекет болсо, вируска каршы күрөшө албай турган даражада кембагал… Вируска каршы тунистиктер бир жакадан баш чыгарып, биримдигин жана кайратын көрсөтүшү, ушул күрөшкө каршы өз салымын кошуулары керек имиш… Мындай маскара мыйзамдуу таризде талап-тоноодон кабар берүүдө.

Кабардар кылуу чаралары алкагында саламаттыкты сактоо министрлиги элге сунуштарды жана жолдонмолорду берди. Көрсөтүүлөр аркылуу болобу, рекламалар жардамында болобу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин инфекцияны алдын алуу сунуштары колду самындап, стерилизацияланган каражаттардан пайдалануу, тез-тез ооз жана мурунду суу менен чайкап туруу, кол берип жана кучакташып учурашпоо… сыяктуулар болду. Арадан бир нече күн өтүп-өтпөстөн бийлик кечки саат алтыдан таңкы саат алтыга чейин коменданттык саат жарыялады, үйдөн чыкпоого, ден соолукка тиешелүү ушул жалпы милдеттенмелерди аткарууга буйруду, өтө зарыл муктаждык үчүн гана чыгууга уруксат берди. Азык-түлүк дүкөндөрүнөн жана дарыканалардан тышкары, кафе жана ресторандар, бардык мекемелер жабылды. О.э. муктаж адамдардын муктаждыгын камсыздоого жана ушул чаралардан азап тарткандарга – айрыкча, инвестиция ээлерине – компенсация төлөөгө, жакырларга 200 динар берүүгө убада берди.

Адамдардын жашоосуна камкордук көрсөтүү катары көрүнгөн бул иш-чаралар камкордуктан көрө көбүрөөк дарт болду. Себеби, адамдардын ырыскы издеген жумуштары жабылып, анын үстүнө, ар дайымкыдай бийлик өз убадаларын аткарбады, өлкөнүн бир нече вилаяттарында негизги керектөө товарлары калбады, эки аптадан ашык муктаждарга акча таратуу токтоп калды… акыбетте, абал начарлап, нааразылык демонстрациялар башталышына алып келди. Ал эми, президент улуттук кеңеш деп айтылган жыйында чыгып, оппозиционердин ролун ойноду жана өкмөттү суздугу үчүн сындады, насаат жана жол-жоболорду көрсөттү… өкмөткө эч бир буйрук бербеди, андан эч бир нерсени да талап кылбады. Бул албетте мамлекет өз ишине таптакыр ээ эместигин түшүндүрөт!

Мындай иш-чаралар жашоону шал болушуна алып келди… расмийлерге карата катуу нааразылыкты күчөттү. Булардын баары бийлик Аллахтын өкүмдөрүнөн жүз үйрүп, ага каршы чыгышынан улам болду. Эгер бул акимдер Аллахтын буйругун кабыл алып, Набий Kдын хидаят жолун колдонгондо, бул абалга түшмөк эмес. Бийлик өлкө калкынан кыймыл аракетин азайтууну талап кылып, вирус тараган мамлекеттерден келгендерге өлкөнү ачты. Негизи, Расулуллах ﷺдын:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلَا تَقْدَمُوا عَلَيْهِ وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا فِرَارًا مِنْهُ»

«Бирер жерде чума тараганын уксаңар, ал жерге барбагыла, өзүңөр турган жерде чума тараса, ал жерден чыкпагыла», – деген сөзүнө ылайык, өлкөнүн чегараларын жаап, кирүүгө жана чыгууга тыюу салышы керек эле. Иш-чара ушундай болот. Ушул нерсе бул мусибаттардан четте болууга кепил. Эгер акимдер келе жаткан өлкө жарандарды өз үй-бүлөсүнө кайтууга акысы бар деп жогорудагы чараны аткарышпаса, анда, аларды алар турган жерде башбаанек менен камсыздоо мүмкүн го, мисалы, порттордо, аэропорттордо же чегара бөлүктөрүндө. Буга Расулуллах ﷺ саламат адамды оорулуу адамга аралаштырбоого буйруганы далил. Дагы иш-чаралардын бири – ден сак адамдар арасынан ооругандарды аныктоо үчүн клиникалык текшерүүлөр өткөрүлөт. Муну менен жугуштуу илдет коркунучунан аман калабыз. Эгер бийликтегилер аны да, муну да кылышпаса, анда, баарын текшерүүлөрү жана бул канчалык көп каражатты талап кылышына карабашы керек. Себеби, бул каражаттар канчалык көп болбосун, биз бүгүн ушундай экономикалык оор абалда көтөрүп жаткан зыяндардан аз болот. Эгер ушундай кылынса, ооруган адамдар аныкталат, ооругандар изоляцияланып, дарыланат, ден сак кишилер өздөрүнүн турмуштук аракетин уланта беришет.

Бул кризисти жоюунун чечими мына ушундай. Бирок, колонизатор кафирге чечимин да, эркин да туткун кылып берген кимселер кайдан ушул акыйкат жолдон басышсын?! Бийлик адашууну улантып, карантинди дагы эки аптага узартты жана бул дагы бир нече айга уланышы мүмкүндүгүн айтты… Бул болсо, бүтүндөй банкроттукка жана кыйраган экономиканы бүтүндөй жок кылууга ыраазы болуу дегени. Бул режим аманатка кыянат кылды, ишти татыксыз кимселердин колуна тапшырды… Ла хавла ва ла куввата илла биллах!

 

Роя гезити, №281, 2020-жыл, 8-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here