Коронавирустун жайылышын алдын алуу – шаръий жоопкерчилик

343
0

Басма сөз баянаты

Коронавирустун жайылышын алдын алуу – шаръий жоопкерчилик

Дүйнөлүк Саламаттык Уюму коронавирустун жайылышын «пандемия» деп жарыялады. Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус баса белгилешинче, соңку эки апта ичинде бул абал Кытайдан тышкарыда 13 эсеге көбөйгөн.

Учурдагы иш-чаралар бул пандемия дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде бир учурда жайылган оору экенин көрсөтүүдө. Доктор Тедрос оорунун «пандемия» деп аталганы Дүйнөлүк Саламаттык Уюмунун мамлекеттерге кандай чара көрүү керектиги жөнүндөгү өз сунуштарын өзгөртүшүн түшүндүрбөйт деп айтты. Ал бардык өкмөттөрдү шашылыш жана кескин чараларды көрүү аркылуу оорунун жайылышын алдын алууга чакырды. Доктор Тедрос бул вирусту көзөмөлгө алуу мүмкүн экенин бир нече мамлекеттер көрсөткөнүн баса белгиледи.

Шек-күмөнсүз, бул эпидемияга каршы күрөш бардык тармакта көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылат. Исламдагы баалуулуктар коомду камкордук коргону менен бекемдеген, анда баары жоопкер, баары өз колу астындагыларга жоопкер болот. Расулу акрам ﷺ бул жөнүндө айткан. Абдуллах ибн Умар айтат: «Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин укканмын:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، فَالإِمَامُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى أَهْلِ بَيْتِ زَوْجِهَا وَوَلَدِهِ وَهِيَ مَسْؤُولَةٌ عَنْهُمْ، وَعَبْدُ الرَّجُلِ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْهُ، أَلاَ فَكُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өз кол астыңардагыларга жоопкерсиңер. Адамдарга баш болгон имам – жетекчи жана ал өз кол астындагыларга жоопкер. Эркек киши – өз үйүнө жана үй-бүлөсүнө жетекчи о.э. ал өз кол астындагыларга жоопкер. Аял – эринин үйүнө жана балдарына жетекчи о.э. ал аларга жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнунун малына жетекчи жана ал ага жоопкер. Билип койгула, ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өзүңөрдүн кол астыңардагыларга жоопкерсиңер».

Мубарек Фалестин жериндеги абал өзгөчө мааниге ээ болууда. Себеби, яхудий вужудунун баскынчылыгы медициналык мүмкүнчүлүктөрдү жана процедураларды чектеп жатат. Оорудан сактанууга жана анын жайылышын алдын алууга о.э. бул максатта бардык иш-чараларды күчөтүүгө реалдуу аракет алып баруу зарыл, бул жаатта ар бир адам жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Оорудан сактануу жана анын жайылышын алдын алуу үчүн ар бир киши олуттуу аракет кылышы шарт. Эгер, бул оору – Аллах сактасын – Фалестинде жайыла баштаса, өлкө калкын чоң проблемага, айрыкча, үлкөн мүмкүнчүлүктөргө муктаж проблемаларга туш кылат. Демек, бул оору Фалестинде жайылбашы үчүн олуттуу аракет кылуу керек. Бул үчүн Фалестин калкы оору жайылышын алдын алуу үчүн эл аралык жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелеринин көрсөтмөлөрүнө моюн сунушу, бул сунуштарга өтө олуттуу жандашуусу шарт. Себеби, бул чума алдында Ислам бизге жоопкерчиликти жүктөйт.

Бул оорунун жайылышын алдын алуу жөнүндөгү бардык медициналык сунуштар анын жайылышын, Аллах сактасын, ар бир үйгө кирип, Фалестин калкынын чоң бөлүгүнө жугушун алдын алууда чоң мааниге ээ.

Ошондуктан, Фалестин калкы оорунун жугушун жана жайылышын чектеген бардык профилактикалык көрсөтмөлөргө бекем амал кылышы шарт.

Ушуга байланыштуу төмөнкү жагдайларга маани берүү зарыл:

  1. Медициналык көрсөтмөлөргө моюн сунуу керек. Мисалы, дезинфекция, колдорду жууш о.э. оорулуулардан, же ушул оорунун белгилери байкалган адамдардан, же болбосо жөтөлүп жаткан, же температурасы көтөрүңкү адамдардан алыс болуу сыяктуу этият чараларын көрүү зарыл.
  2. Балдар жана жашы улуу адамдар үйдөн чыкпашы жана адамдар менен аралашууну тар чөйрөгө чектөө шарт. Ким зарылдык үчүн сыртка чыкмакчы болсо, ооруну жуктуруп албоого, аны үй-бүлөсүнө жана карамагындагыларга алып келбөөгө аракет кылсын. Ал үй-бүлөсүнө аралашуудан мурда дезинфекцияланып, колдорун жуусун. Себеби, бул – үй-бүлөсү алдындагы жоопкерчилик.
  3. Адамдар менен аралашуудан мүмкүн болушунча алыста болуу, адамдар менен мамиле кылууну мүмкүн болушунча кыскартуу жана токтотуу керек.
  4. Өбүүдөн жана кол кармашуудан мүмкүн болушунча сактануу шарт.
  5. Ушул оорууга чалдыккан адамдар карантин талабына амал кылышы зарыл, себеби, ага амал кылуу – шаръий жоопкерчилик.
  6. Сапарга чыкпоо же саякаттарга барбоо керек. Ал эми, сапарга чукул абалда чыгуу шарт болуп калса, профилактикалык чараларды көрүп чыгыңыз.
  7. Коронавируска каршы күрөшүүдө жана анын таралышын алдын алууда саламаттыкты сактоо процедуралары жана көрсөтмөлөрү саясий күрөшкө алакасы жок. Баары процедураларды жана көрсөтмөлөрдү аткарышы шарт.
  8. Айың-кептерди жана такталбаган маалыматтарды таратпоо керек. Себеби, коркуу жана чочуу коомдогу бүткүл адамдардын иммунитетине терс таасир кылат.
  9. Адистер жана бай кишилер, Аллах сактасын, оору жайылса, Фалестин калкына жардам көрсөтүүгө даяр турушсун.

Ислам Умматы мындай пандемияларга же эпидемияларга туш келгенде, Аллахка таваккул кылып, Аллахка байланып, себептерди карманып, Аллахка таянып, Аллахтан магфират сурап, Аллахтын казасына моюн сунууну талап кылган акыйдавий түшүнүктөрдү карманып аларга каршы күрөшкөн. Оору – Аллах Тааланын казаларынын бири. Аллах адамдарды ыйманын сыноо максатында балээ берет. Аллахтан бул балээни Өзүнүн жазасына жана укубатына айлантпашын сурайбыз. Набий ﷺ мындай абалда адамдарды истигфар айтууга, салих амалдарды көбөйтүүгө жана «шыпаа берүүчү – бир гана Аллах Таала» деген итикадда дарыланууга чакырган, ал кишинин жолун үлгү кылып алуубуз керек.

Бул жаатта Расул акрам ﷺдын жолун кабыл алган кишилер ушул алдын алуу ыкмаларын карманышса, чоң ажр-сооп алышат. Имам Бухарий Абу Хурайра розияллаху анхудан айткан риваятында Расул акрам мындай дейт:

«لاَ تُورِدُوا الْمُمْرِضَ عَلَى الْمُصِحِّ»

«Ооруну соого жакындаштырбагыла».

Имам Ахмад өзүнүн «Муснад»ында ушул хадисти келтирген:

«فِرَّ مِنَ الْمَجْذُومِ فِرَارَكَ مِنَ الْأَسَدِ»

«Пес оорусунан арстандан качкандай качкыла».

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلاَ تَدْخُلُوهَا، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا مِنْهَا»

«Бирер жерде чума тараганын уксаңар, ал жерге барбагыла, өзүңөр турган жерде чума тараса, ал жерден чыкпагыла». (Бухарий риваяты).

Аиша энебиз Расулуллах ﷺдан чума жөнүндө сурады. Расулуллах ﷺ минтип жооб берди:

«أَنَّهُ كَانَ عَذَابًا يَبْعَثُهُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ، فَجَعَلَهُ اللَّهُ رَحْمَةً لِلْمُؤْمِنِينَ، فَلَيْسَ مِنْ عَبْدٍ يَقَعُ الطَّاعُونُ، فَيَمْكُثُ فِي بَلَدِهِ صَابِرًا، يَعْلَمُ أَنَّهُ لَنْ يُصِيبَهُ إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَهُ، إِلَّا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ الشَّهِيدِ»

«Ал (чума)азап, Аллах аны каалаганына жиберет жана аны момундарга рахмат кылат. Демек, кайсы пенденин өлкөсүндө чума тараса, ал «Аллах бешенеге жазган нерседен башка нерсе болбойт» деп өлкөсүнөн чыкпай сабыр кылып отурса, шексиз, бир шейит ала турган ажрга ээ болот». (Бухарий риваяты).

Бүгүн ушул эпидемияга туш келген адамзат чыныгы камкордук кылган, инсаний баалуулукту пайдадан үстөм койгон мамлекетке муктаж болуп турат. Шек-күмөнсүз, ал – Халифалык мамлекети, ал дүйнөгө нур жана рахмат алып келет о.э. ооруларга материалдык зыян, же пайда, же болбосо кызыкчылык үчүн атаандашуу деп эмес, инсаний проблема деп карап, адамдардын проблемаларын жайгаруу жана оорунун жайылышын алдын алуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайт.

Учурдагы ири мамлекеттердин ач көздүгүнүн чеги жок. Алар адамдардын өмүрүн кымындай да кадырлашпайт жана адамзат кабылган ар кандай нерсеге материалдык экономикалык эсеп менен карайт… Адамдардын үстүнө уран бомбаларын жаадырып жаткан, Асаддын ракеталары жардамында кыргын кылып жаткан кимселерден кантип коронавирус сыяктуу глобалдуу эпидемияга карата жоопкерчиликти күтүү мүмкүн?! Демек, дүйнө Исламга жана Халифалык мамлекетине өтө-өтө муктаж. Халифалык мамлекети гана бүткүл дүйнө калкын жеп тойгус капиталисттерден коргойт, алардын ач көздүгүнө жана жырткычтыгына чекит коёт. Ошондуктан, Халифалык мамлекетин тикелөөгө тыным билбей аракет кылуу керек. Себеби, бул мамлекет мусулмандарды гана азиз кылып калбастан, бүткүл адамзатты куткарат.

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here