817
0

Коронавирус жаатында Исламий акыйдага жана шаръий өкүмдөргө байлануу тууралуу Кыргызстан калкына

КАЙРЫЛУУ

Жалпыга маалым болгондой, коронавирус алгач Кытайда катталып, кийин дүйнө бойлоп 167 жетип  барды. Учурда Европада күчөп жатат. Бул тумоо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарбынан пандемия деп таанылды жана мамлекеттер муну кабыл алышты. Кыргызстанда 18-мартта вирус алып жүрүүчүлөр аныкталганы жарыяланды. Коронавирус жасалма жол менен алынып, атайын таркатылдыбы, же бардыгы табийгый болдубу, бул өзүнчө башка кеп. Аны кимдер кандай пайдаланып жатат, бул да өз учуруна калмакчы. Ал эми кайрылуубуз болсо, өлкөбүздө вирус катталгандан кийинки турмушубузга, аны Исламга байлоого байланыштуу.

Ислам акыйда жана шаръий өкүмдөрдөн турат. Акыйда бабына ишениле турган нерселер кирет, ал эми, шаръий өкүмдөр бабына пенделердин иштерине тиешелүү буйрук-кайтаруулар кирет. Эми, учурда дүйнөлүк дүрбөлөңгө себеп болуп жаткан коронавирус окуясында Исламий акыйдага жана шаръий өкүмдөргө байлануунун айрым жактарын эскерте кетебиз.

1. Акыйда жагынан:

Коронавирус Аллахтын сыноосубу?

Акыйда жаатында ар бир окуя Аллахтын алдынан деп ишенебиз. Ошондуктан, бул вирус да, башка ооруулардай эле,  Аллахтын пенделерине жөнөткөн бир сыноосу катары кабыл алынат. Адам аны өзүнө атайын жуктурбаса, бирок, бул оорууга чалдыгып калса – бул Аллахтын казасы болуп саналат. Кытайдан жуктурабы, Кореядан жуктурабы – мунун айырмасы жок. Пенде мында жоопкер болбойт.

Коронавирус жугабы?

Аллах ага жугуу касиетин берген соң, демек, анда ушундай жөндөм болот. Бирок, Аллах каалаган пендесине жугат, каалабаган пендесине жукпайт. Алла жугушун каалаган пенде андан качып кутула албайт, Аллах жукпашын кааласа, эч кимсе аны жуктура албайт. Ошондуктан, пенде Аллахка гана таянышы керек. Жукпаса Аллахка шукрлөр айтылат, жукса сабыр кылынат.

Коронавирустан адам өлөбү?

Акыйда боюнча, өлүмдүн бирден-бир себеби ажал гана. Ажалы жетпеген адам өлбөйт. Ажал жеткен кезде өлүмгө себептей болуп көрүнүп жаткан абалдар көп. Мисалы, авария, согуш, ооруу, карылык ж.б.у.с. Бирок, алар өлүмдүн чыныгы себептери эмес, өлүм болуучу абалдар гана. Демек, ажалы жеткен адам коронавирус жукпаса да өлөт. Ажалы жетпесе, жукса да өлбөйт.

Жогорудагы ишенимдер боюнча көптөгөн жазм нусустар келген. Изденгендер аларды жеңил эле таба алышат.

2. Амалдарга тиешелүүлүк жагынан:

– Эгер кимдир бирөө вирусту башкаларга атайын жугузса, эки дүйнө жазасына ылайыктуу болот. Анткени, ал муну ыхтыяры менен кылат.

– Дүйнө мамлекеттери бул кеселдикти пандемия деп тааныды. О.э. биздин саламаттыкты сактоо министрлиги да муну кабыл алды. Демек, биз да ага пандемия деп карайбыз.

– Анын каршысында, пандемия учурунда пенделер тарабынан кылынышы зарыл болгон иш-чараларды аткарышыбыз керек.

Пенденин иштерине тиешелүү шаръий өкүмдөрдүн жеке адамдарга жана мамлекетке тиешелүүлөрү бар. Бул окуя жаатындагы жеке адамдарга тиешелүү иштер:

– Медициналык көрсөтмөлөргө моюн сунуу керек. Маселен, стерилизация, колдорду жууш о.э. оорулуулардан, же ушул оорунун белгилери байкалган адамдардан, же болбосо жөтөлүп жаткан, же температурасы көтөрүңкү адамдардан алыс болуу сыяктуу этият чараларын көрүү зарыл.

Балдар жана жашы улуу адамдар үйдөн чыкпашы жана адамдар менен аралашууну тар чөйрөгө чектеши шарт. Ким зарылдык үчүн сыртка чыкмакчы болсо, ооруну жуктуруп албоого, аны үй-бүлөсүнө жана карамагындагыларга алып келбөөгө аракет кылсын. Ал үй-бүлөсүнө аралашуудан мурда стерилизацияланып, колдорун жуусун. Себеби, бул үй-бүлөсү алдындагы жоопкерчилик.

– Адамдар менен аралашуудан мүмкүн болушунча алыста болуу, адамдар менен мамиле кылууну мүмкүн болушунча кыскартуу же токтотуу керек.

– Өбүүдөн жана кол кармашуудан мүмкүн болушунча сактануу шарт.

– Ушул оорууга чалдыккан адамдар карантин талабына амал кылышы зарыл, себеби, ага амал кылуу – шаръий жоопкерчилик.

– Сапарга чыкпоо же саякаттарга барбоо керек. Ал эми, сапарга чукул абалда чыгуу шарт болуп калса, профилактикалык чаралар көрүлсүн.

– Коронавируска каршы күрөшүүдө жана анын таралышын алдын алууда саламаттыкты сактоо процедуралары жана көрсөтмөлөрү аткарылышы шарт.

– Айың кептерди жана такталбаган маалыматтарды таратпоо керек. Себеби, коркуу жана чоочуу коомдогу адамдардын иммунитетине терс таасир этет.

– Адистер жана бай кишилер, Аллах сактасын, оору жайылса, калкка жардам көрсөтүүгө даяр турушсун.

– Мамлекет профилактика жана дабалоо үчүн шариятка тескери келбеген чектөөлөрдү кабыл алса, аларды так аткаруу керек.

Мамлекетке тиешелүү иштер төмөнкүлөр:

– Жогорудагы көрсөтмөлөр так аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүү

– Бул окуяны Исламий акыйдага жана шаръий өкүмдөргө байлоо менен, адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

– Ушул кырдаалда бардык адамдардын негизги керектөөлөрү кандырылышына өзгөчө этибар берүү керек. Негизги мухтаждыктарга азык-түлүк, кийим-кече, турак жай кирет. О.э. кырдаалга байланыштуу, ушул кеселдик үчүн зарыл болгон медициналык каражаттар да кирет.

– Азыр капитализм өкүм сүрүп жаткандыктан, бардык ишканалар монополист ишкерлердин колунда. Айрым ишкерлердин учурдан пайдаланып, монополия (ихтикаар) аркылуу пайдага туйтунуусуна жол бербөө керек. Эгер кайсы бир менчик компания бир тармакты толук ээлеп, анын продкциясынын баасын көзөмөлдөп калса, мамлекет өзү ага атаандаш ишкана ачып, бааны ылайыктуу ордуна коюшу керек. Мында “жергиликтүү ишкерди колдоо” деген шылтоо өтпөйт. Ал байлардын байлыгын коргоого ылайыкташкан капиталисттик эреже.

Урматтуу мусулмандар, эгер бул иштер кылынып жатса, алар колдоого алынат. Эгер кылынбаса, мамлекеттен аткарылышы талап кылынат.

Жогоруда келтирилген өкүмдөр жазм далилдерден жана мужтахиддер ижтихадынан алынган шаръий өкүмдөр. Далил издегендер болсо аларды да жеңил гана таба алышат. Болгону, ал далилдерди бул орунга сыйдыруу мүмкүн эмес.

Кадырман калайык калк! Биздин мусулман өлкөлөрдө көптөн бери демократия чүмбөтүн жамынган капиталисттик система колдонулгандыктан, адамдарда мусулманчылыкка тиешелүү болбогон, ачкөз жана эгоист капиталисттик түшүнүктөр өкүмдар болуп калган. Буга кечеги азык-түлүк ызы-чуусунда күбө болдук. Мындай бузук түшүнүктү исламий жоомарттык түшүнүгүнө алмаштырыш керек.

Урматтуу мусулмандар! Бул кеселдиктин артынан дүйнөлүк экономикалык кризис, анын артынан жалпы кризис баш багууда. Мындай абалдарда капиталисттик түшүнүктөгү кафир адамдар бир тиштем нан үчүн бири-бири бирин өлтүрө турган болуп калышат. Биз аларды ээрчибейли, Исламыбызга, мусулманчылыгыбызга кайталы. Өзүңөрдү бир сыйра текшерип алгыла. Бүгүн көрүп турганыңардай, карапайым адамдарга “жан кайгы” болуп жатса, капиталисттерге “мал кайгы” болуп жатат. Мунун баары капиталисттик түзүм колдонулуп, анын түшүнүктөрү кирип кеткенинен. А силер мусулмансыңар, силер Аллах жолунда ихсан кылуучулардан болгула. Аллах Таала айтат:

مَثَلُ الَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنْبَتَتْ سَبْعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنْبُلَةٍ مِائَةُ حَبَّةٍ وَاللَّهُ يُضَاعِفُ لِمَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ -261,

– «Алла жолунда мал-мүлктөрүн инфак-ихсан кылган кишилердин мисалы кудум ар бир машагында жүздөн даны болгон жети машакты өндүрүп чыгарган бир данга окшойт. Алла каалаган кишилерине бир нече эсе кылып берет. Алла (берешендиги) кең, билүүчү»,                   [2:261]

Абу Муса риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз
r мындай деген:

إِنَّ الأَشْعَرِيِّينَ إِذَا أَرْمَلُوا فِي الْغَزْوِ, أَوْ قَلَّ طَعَامُ عِيَالِهِمْ بِالْمَدِينَةِ, جَمَعُوا مَا كَانَ عِنْدَهُمْ فِي ثَوْبٍ وَاحِدٍ, ثُمَّ اقْتَسَمُوهُ بَيْنَهُمْ فِي إِنَاءٍ وَاحِدٍ بِالسَّوِيَّةِ, فَهُمْ مِنِّي وَأَنَا مِنْهُمْ

«Ашъарийлер казатта тул калса, же шаардагы үй-бүлөлөрүнүн тамак-ашы азайып кетсе, өздөрүндөгү бар нерсени бир кийимге топтошот да, кийин өз ортолорунда бир идиште баарына теппе-тең кылып бөлүштүрөт. Демек, алар менден жана мен аларданмын» (муттафакун алайх).

Ибн Асакир Анастан риваят кылышынча: «Расул r биринчи хутбаларында минбарга чыгып, Аллага мактоо айткандан кийин мындай деди:

«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّ اللهَ قَدِ اخْتَارَ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِيناً، فَأَحْسِنُوا صَحْبَةَ الْإِسْلَامِ بِالسَّخَاءِ وَحُسْنِ الْخُلُقِ. أَلَا إِنَّ السَخَاءَ شَجَرَةٌ مِنَ الْجَنَّةِ وَأَغْصَانُهَا فِي الدُّنْيَا، فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ سَخِيًّا لا يَزَالُ مُتَعَلِّقاً بِغُصْنٍ مِنْهَا حَتَّى يُورِدَهُ اللهُ الْجَنَّةَ. أَلا إِنَ اللُّؤْمَ شَجَرَةٌ فِي النَّارِ وَأِغْصَانُهَا فِي الدُّنْيَا، فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ لَئِيماً لا يَزَالُ مُتَعَلِّقاً بِغُصْنٍ مِنْهَا حَتَّى يُورِدَهُ اللهُ فِي النَّارِ. قَالَ مَرَّتَيْنِ: السَّخَاءَ فِي اللهِ، السَّخَاءِ فِي اللهِ»

«Эй адамдар, Аллах силерге Исламды дин кылып тандады, Ислам боордоштугун берешендик жана жакшы кулк менен кооздогула. Эсиңерде болсун, берешендик бейиштеги бир дарак болуп, бутактары дүйнөдө. Силердин кайсы бириңер берешен болсо, берешендик дарагынын бутагына асылып алыптыр жана Алла аны бейишке киргизет. Бирок, лаимдик (арам ойлуулук, сараңдык) тозоктогу дарак болуп, бутактары бу дүйнөдө. Кайсыл бириңер лаим болсо, ошол дарактын бутагына асылыптыр. Алла аны тозоко киргизет». Ошондон кийин, Алла жолунда берешен болгула деп, эки жолу кайталады.

Жана дагы бир жолу эскертерибиз: Исламыңарга азуу тиштериңер менен бекем жабышкыла жана жашооңорду Исламга ылайык уланткыла.

Анас ибн Малик Расулулла Aдан кабар берет:

«إِنْ قَامَتْ السَّاعَةُ وَبِيَدِ أَحَدِكُمْ فَسِيلَةٌ فَإِنْ اسْتَطَاعَ أَنْ لا يَقُومَ حَتَّى يَغْرِسَهَا فَلْيَفْعَلْ»

«Эгер кыямат болоюн деп турса, бирөөңөрдүн колунда бирер көчөт болсо, кыяматтан мурун үлгүрсө, аны эгип калсын».

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

19. 03. 2020

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here