Кыргызстанда да жума намаздары токтотулду

539
0

Кыргызстанда да жума намаздары токтотулду

 Коронавирус коркунучуна байланыштуу жума намаздары токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев 17-марттагы кайрылуусунда билдирди.

 Муфтий дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, коронавирус адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу кооптуу болгонуна байланыштуу жума намазынын ордуна үйлөрдө бешим намазы окулсун деген чечим кабыл алган.

 Кайрылууда келишинче, мечиттер жабылбайт, намаз убактысы киргенин билдирүү үчүн азан айтылып турат, бирок беш убак намаз үйдө окулат. Даъватка да убактылуу чектөө киргизилет. Мындан тышкары, жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулат.

Муфтий мусулмандарды мындай кыйын учурларда Аллах Таалага кайрылып, күнөөлөргө кечирим сурап, тообо кылып, дуба кылууга чакырды.

 Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан учур катала элек. О.э. обсервацияда 300дөн ашык киши жатат.

 Комментарий: Буга чейин Тажикстанда коронавирус коркунучу себептүү жума намаздарына тыюу салынганда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жума намазга келгендердин санын чектөө жөнүндөгү сунушун четке каккан.

Ошондо муфтияттынмаалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев: “Бул күнү мечиттерге барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума күн – мусулмандар күткөн күнү. Ал күнү жумага келбегиле деп эч кимге тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз”, – деген эле. 

Тажикстандын артынан Өзбекстан менен Казакстанда да жума жана жамаат намаздары токтотулгандан кийин, Кыргызстан муфтияты да, азырынча өлкөгө кирип келе элек – кирип келишинен Аллах сактасын – коронавирус коркунучун шылтоолоп жума жана жамаат намаздарына убактылуу тыюу салды.

 Тажикстанда адамдар көп чогулат деген шылтоо менен жума намаздары токтотулганына карабастан, отпарастар майрамы болгон нооруз майрамына даярдык иштери кеңири масштабда уланууда. Өзбекстанда болсо “пандемия” себептүү жамаат намаздарына тыюу салынганы менен жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер үйлөрдү кыдырып “адамдарды үйрөнүү” кампаниясына мажбурланууда. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комитети болсо апрель айында өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка убакка жылдырылбастыгын билдирди. Расмий бийликтер ушундай ар түрдүү чечимдерди кабыл алуу менен Исламга каршы күрөштө коронавирус коркунучунан пайдаланууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here