Трамп: “Бардык террорчулар Парижде”

287
0

Трамп:Бардык террорчулар Парижде

“Канаданын Квебек провинциясында болуп өткөн “G7” саммити учурунда АКШ президенти Дональд Трамп кесиптештерин катуу сындады”, – деп жазды “The Wall Street Journal”.

Учурдагы проблемаларды талкуулоо учурунда Трамп бир нече орой билдирүүлөр менен чыкты.

Басылманын жазышынча, анын миграция жана терроризм туурасындагы сунуштары өтө катуу мүнөздө болгон.

 Ал Франциянын президенти Эммануел Макронго: “Эммануел, сен муну билишиң керек, бардык террорчулар Парижде”, – деп кайрылган.

Европадагы миграция тууралуу сөз кылып жатып, ал Япониянын премьер-министри Синдзо Абеге да кайрылып: “Синдзо, сенде мындай проблема жок, бирок, кааласаң сага 25 миллион мексикалыкты жөнөтүшүм мүмкүн, ошондо сен тез арада кызматтан кетесин”, – деген.

О.э. Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер да Трамптын сынынан четте калбады. Трамп аны “ашынган канкор” деп баалаган.

Канаданын Квебек провинциясында 8-9-июн күндөрү болуп өткөн саммит, катышуучулардын келишпестиктери аркылуу эсте кала турган болду.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо саммиттин жабылуу ырасымынан мурда кетип калды.

Туркистон: 

АКШ Ислам жана мусулмандарга карата дүйнөлүк стратегиясын өзгөртүп барууда. Ал дүйнөдөгү куфр жетекчи өлкөлөрдөн да Исламга карата мамилелерин өзгөртүүнү талап кылууда.

Акыркы жылдарда АКШ Ислам дүйнөсүнө карата мамилесин өзгөртүп барууда. Сирияны кыйратуу менен мусулмандардын идеологиялык кубатын сындыра албады, тескерисинче Ислам үммөтүнүн куфр системасына каршы исламий мабдаъий системасы менен идеологиялык биригүү кубаты күчөп барууда. Ошондуктан, АКШ буга олуттуураак киришүүдө. АКШ эми Ислам дүйнөсүнө куфр идеологиясын алып кирүүдөн үмүтүн үздү! Алар эми, колонияларын дагы кайрадан мурунку замандагыдай, күч менен кармап туруу ыкмасына кайтышмакчы. Куфр дүйнөсүнүн мындан башка чарасы калбады!

Ошондуктан,  ал Европа Сооюзунан да Ислам жана мусулмандарга карата стратегияларын өзгөртүүнү талап кылууда. Башкача айтканда, буга чейин өздөрүнүн демократияга негизделген идеологиясын дүйнөгө жаюу максатында, мазлум мусулмандарга жасалма кайрымдуулук көрсөтүү багытында иш алып барышат эле. Эми тескерисинче, мазлум жана идеологиялык даъват жүргүзүп жаткан о.э. бардык исламий туйгулары козголуп жаткан мусулмандарга карата “чоң муштум” саясат жүргүзүүгө чакырып жатат. Т.а. АКШ Европаны жана башка куфр өлкөлөрүн – чыныгы жүзүн жашырбастан – ачык эле материалдык күрөшкө кайтууга чакырып жатат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here