Исфарада хижабга каршы рейд башталды

386
0

Исфарада хижабга каршы рейд башталды

Мубарак рамазандын 27-күнү т.а. 12-июнда Тажикстандын Исфара шаарындагы борбордук базарда “хижабга каршы атайын рейд” башталды.

Исфара шаарынын мэри Саломзода Сижоуддиндин атайын оператору бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: “Бүгүн Тажикстан элдик демократиялык партиясынын (Ҳизби демократии Тоҷикистон) активист аялдарынан турган бир топ, шаардык бийликтин аткаруу комитети менен биргеликте, шаардын борборунда шаар маданиятына тиешелүү темаларда талкуулашып, үгүт иштерин жүргүзүштү. Жумушчу топтун максаты, шаар жана айыл жерлериндеги кыз-келиндердин идеологиялык аң-сезимин көтөрүү, улуттук кийимге сый-урмат жана  тажик улутуна жат болгон маданиятты түп-тамырынан бери сууруп таштоого жардамдашуудан турат”.  Тажикстан элдик демократиялык партиясынын кыз-келиндер комитетинин башчысы Тожибоева Ф.  маек учурунда аялдарды улуттук үрп-адаттарды сыйлоого чакырды.  Анын айтымында, диндарлык адамдын тышкы көрүнүшүндө эмес, ички дүйнөсүндө болушу керек. Өзүн динчил көрсөтүп, элдин баарына ишенимин жарыя кылуу шарт эмес.  Улутубузга таандык кийимдер калып чет өлкөдөн келип калган маданият көрүнүшү коомдо орун алышы өтө аянычтуу абал.  Негизи, ыйман – бул Жаратуучуну акыл менен таанып жүрөк менен тастыктоо дегени”.

Аталган рейддин курмандыгы болгон аялдардын бири Айша “Ислах” сайтына кайрылып төмөнкүлөрдү билдирген: “Мен ызалануу менен сиздерге кайрылып жатам, а бирок, атымды жашырууну суранамын. Менин 3 балам бар, үй-бүлөм, намысым жана коопсуздугумдан кооптоном. Себеби, кудайдан коркпогон адамдардан ар кандай жамандыкты күтүүгө болот.. .

12-май күнү Кадыр түндөн кийин таңга жуук базар тарапка жөнөдүм.  Базарга кирерим менен бир милиция кызматкери ачууланган абалда колумдан кармады. Жанында Тожибоева.Ф. да бар эле. Бир аял жоолугума асылып: “Бул эмне? Алып ташта, бул бизге жат, маданиятыбызга чоочун кийим. Эгерде азыр хижабды чечпесең, сени кабинетке алып барабыз”, – деп коркутушту. Алардын оозунан уятсыз сөздөр чыкты. А бирок, видеооператор жаман сөздөрдү тартпастан, жалаң “маданияттуу” маектешкен жараянды тартып алды.

Эми Тажикстандын кайсы тарабына барбаңыз, бузукулукка толгон демократия гүлдөп жатканына күбө болосуз. Айрыкча мамлекеттин түндүгүндө жайгашкан Согди облусунда динге каршы күрөштүн натыйжасында Исламдын дээрлик бирер көрүнүшү калбаган. Эгерде Хужандга (Ленинабадга) барсаңыз шаардагы кунарсыз абалды көрүп таң каларыңыз анык. Шаарлар согуш учурунда да мынчалык нурсуз болбогондур.

Аллахтын өкүмүнө каршы чыккан бийлик өкүлдөрү, ушуга ыраазы болгон калк, даъватчыларды коргобогон жана мункарга сүкүт сактаган аалым-имамдар Кыямат күнү кандай хужжат менен келишет болду экен?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here