“Талибан” Афганистан өкмөтү менен түзүлгөн ок атышпоо келишимин узартуудан баш тартты

262
0

“Талибан” Афганистан өкмөтү менен түзүлгөн ок атышпоо келишимин узартуудан баш тартты

“Талибан” кыймылы Афганистан өкмөтү менен түзүлгөн ок атышпоо келишимин узартуудан баш тартты.

17-июнда “Талибандын” өкүлү Сабихулла Мужахид: “Биз келишимди узартууну пландаштырып жаткан жокпуз. Келишимдин мөөнөтү бүгүн аяктайт”, – деп кабарлаган.

Афганистан президенти Ашраф Гани 7-июндагы видеокайрылуусунда, “Талибан” менен ок атышуу орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу 12-20-июнь күндөрү токтотуларын билдирген. Талибдер үч күнгө, 15-июндан 17-июнга чейин элдешүүгө макул болушкан. Президент Ашраф Гани ок атышпоо режими узартылганын билдирген. Ушул убакыттын ичинде бүтүндөй өлкөдө афган аскерлери, талиптер жана карапайым тургундардын жолугушуулары болуп өткөн.

Бирок кабарда келишинче, Айт майрамы да тынч өтпөгөн. 16-июнда Нангархар провинциясындагы Жалалабад шаарында автоунааны жардыруунун натыйжасында 65 адам жараат алып, 36 адам өлгөн. Жабыр тарткандардын арасында афган аскерлери, карапайым жарандар  жана талиптер да болгон. Жардырылган унаанын жанында афган аскерлери менен талиптердин жолугушуусу өтүп жаткан.

О.э. 17-июнда шаарда дагы бир теракт болду. Анын натыйжасында 53 адам жарадар болуп, 32 адам өлгөн. Анда жанкечти губернатордун кеңсесине жакын жерде Айт майрамын майрамдап жаткан адамдардын арасында өзүн-өзү жардырып жиберген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here