Нефть-доллар түзүмү бир күндө кулашы мүмкүн

295
0

Нефть-доллар түзүмү бир күндө кулашы мүмкүн

“Дүйнөнүн нефть жана долларга негизделген каржы түзүмү бир күндө кулашы мүмкүн”, – деп жазды Британиянын “Рейтер” агенттиги.

Кабарда келишинче, Эр-Риядда ОПЕК мамлекеттеринин жооптуу адамдары Вашингтонго карата өтө кескин чараларды кабыл алышы мүмкүн экендигин айтышууда. Бир топ жылдан бери дүйнөлүк каржы түзүмүнүн түркүгү болгон нефть-доллар түзүмүнөн баш тартышы мүмкүн. Башкача айтканда, ОПЕК мамлекеттери нефтини доллардан башка валюталарга сата башташы мүмкүн.

“Мындай болуу ыктымалы өтө аз, бирок саудиялыктар чындап эле доллардан баш тартса, бул нерсе доллардын негизги дүйнөлүк валюта макамын жокко чыгарат жана Вашингтондун дүйнөдөгү соодага болгон таасирин жана кээ бир мамлекеттерге карата санкциялар киргизүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Колунда ушундай “ядролук курал” бар экендигин саудиялыктар жакшы билишет”, – деп жазды агенттик.  

Буга өткөн аптада бир катар АКШ сенаторлорунун конгресске ОПЕКти жоюу жана ОПЕКке мүчө мамлекеттерге карата чара көрүү, сот аркылуу алардын мүлкүн конфискация кылуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштаганы себеп болгон.

АКШ араб мамлекеттеринен нефть казып алуунун көлөмүн көбөйтүүнү жана анын баасын орточо эсеп менен 30 долларга чейин түшүрүүнү талап кылууда, бирок ОПЕК уюмунун мүчөлөрү келишкен абалда, нефтинин баасын өндүрүүгө кеткен чыгымдарга карап о.э. базардагы сунуш-талап негизинде белгилешкен. Бүгүнкү күндө эл аралык биржаларда 1 баррель нефтинин баасы 70 доллардан сатылууда.

Вашингтон менен Эр Рияд 30 жылдан ашуун убакыттан бери кызматташып келет. Саудия нефти сатуудан түшкөн кирешелеринин көп бөлүгүн АКШда сактайт. Тактап айтканда, 1 триллион долларын инвестиция түрүндө, 160 миллиард долларын АКШнын баалуу кагаздары көрүнүшүндө сактайт. Саудия валютасынын долларга карата курсу 1986 жылдан бери “тоңдуруп” коюлган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here