Судан-Америка сүйлөшүүлөрү жана Сартр сапары – эмнени байкоого болот

312
0

Судан-Америка сүйлөшүүлөрү жана Сартр сапары – эмнени байкоого болот

Ахмад Рашад – Хартум

Америка президентинин атайын жардамчысы Сирил Сартр жетектеген делегация 2019-жылы 20-февраль күнү Хартумга сапар кылды. Аны Улуттук коопсуздук департаментинин Африка бөлүмүнүн жетекчисинин директору коштоп барды. Алар сапар учурунда Судан тышкы иштер министри Дардирий жана президенттин жардамчысы Файсал Хасан Ибрахим менен жолугушту. Тараптар Суданды терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу туурасында сүйлөшүүлөрдү алып барышты. Эске салсак, Судан 1993-жылы т.а. Америка аны террорчуларга башбаанек берүүдө айыптагандан бери ушул тизмеге кирген. Ушул жана мурунку сапарлар эки мамлекет ортосундагы сүйлөшүлөрдүн жаңы баскычын туюнтат. Бирок, эмне үчүн сапар ушул убакытта болуп өттү? Ушул суроого жооб берүүдөн мурда айрым чындыктарды ырастоо зарыл:

Биринчиси, Америка жетектеген Батыш мамлекеттери терроризмди шылтоолоп Исламды Үммөттүн жашоосунан бүтүндөй өчүрүү долбоорун эбак иштеп чыгышкан. Бул жөнүндө Америка президенти Трамп мындай деген: «Мурунку союздарыбызды бекемдейбиз жана жаңыларын түзөбүз. Биз Исламий терроризмге каршы бүткүл дүйнөнү бириктиребиз жана аны жер жүзүнөн жок кылабыз».

Экинчиси, Батыш саясатчылары терроризм дегенде жашоо түзүмү болгон жана Батыш хазаратына тескери жашоо таризи эсептелген Исламды назарга алышат. Алар назарында Ислам жана терроризм ортосунда эч кандай айырма жок, экөөсү тең бир.

Үчүнчүсү, исламий өлкөлөрдөгү режимдер Батышка моюн сунушат. Судан режими да Америкага малай режим, ал Американын куралы. Америка бул режим аркылуу Суданга каршы фитналарын ишке ашырат. Судандын мурунку тышкы иштер министри Ибрахим Гандурдун билдирүүсү буга жаркын мисал, ал мындай деген: «Түштүктү бөлүү түпкүлүгүндө бизге каршы тил бириктирүү болчу, биз ага макул болдук ».

Ушул чындыктарга таянып жана Ислам көз карашынан келип чыгып мындай дейбиз, Америка менен Судандын ортосунда чечим табуу аракети көптөн бери уланып келүүдө. Умар Башир бул жөнүндө мындай дейт: «Америка Суданга каршы санкцияларды бекер кылам деп айтканы качан. Себеби, сүйлөшүүлөр 2000-жылдан мурда башталган». Ошондон тартып көп сүйлөшүүлөр болуп өттү. Алардын эң өзгө көрүнгөнү 2016-жылдын башында болду, анда беш талап негизинде Обама өкмөтү менен келишим түзүлдү. Американы ыраазы кылуу жана 1997-жылдагы экономикалык санкцияларды бекер кылуу үчүн Судан өкмөтү ушул келишимге моюн сунду. Келишимде көрсөтүлгөн талаптар: терроризмге каршы күрөштө кызматташуу, Судан менен Судан түштүгү ортосунда тынчтык орнотуу, гуманитардык жардамдарды жеткирүү жараянын жеңилдетүү жана Уганданын «каршылык армиясына» каршы күрөшүү. Судан өкмөтү ушул талаптарды аткарды. Натыйжада, 2017-жылы октябрь айында экономикалык санкциялар бекер кылынды. Бирок, Судан терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарылбады.

2017-жылы ноябрь айында т.а. экономикалык санкциялар бекер кылынгандан 40 күн өтүп Америка тышкы иштер министринин орун басары Жон Салливан Суданга келди, терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмеси туурасында сүйлөшүүлөр башталды. О.э. диний эркиндик темасы каралды. Ыктымал, Умар Баширдин жалпы түзүм жөнүндөгү сөздөрү ушул маселеге байланыштуу болсо керек. Умар Башир бул түзүм исламий шариятка 180 градуска тескери деп айтып келет. Ушуга байланыштуу Америка тышкы иштер министрлигине жакын булак билдирүүлөрү кабатырланууларды жаратат: «Вашингтон бул сапар Хартумдан бул маселеде эл аралык мыйзамдарга баш ийүүнү талап кылат, ал өзүнүн катаал жана ырайымсыз мыйзамдарын өзгөртүшү керек». Т.а. Америка Судандан мыйзамдарды өзгөртүүнү каалап жатат. Ошондон кийин өкмөт тарабынан мыйзамдарды өзгөртүү үчүн олуттуу аракеттер башталды. Ушул себептерге ылайык мындай тыянакка келдик:

а)   Судан адилет министрлиги 2017-жылы 23-майда АКШ мамлекеттик департаментиндеги диний эркиндиктер жана диндер боюнча жооптууга Судан өкмөтү кылмыш кодекстерди эл аралык конвенцияларга ылайык өзгөртүүгө киришкенин жеткирди.

б)   Юстиция министрлиги өткөн жылы апрель айында Аялдарга каршы зомбулукка чекит коюу (CEDAW) конвенциясын жана Кыйноолорго каршы конвенцияны тастыктады.

в)   2019-жылы 31-январда Хартумда өткөрүлгөн семинарда парламенттеги Диний эркиндиктер комитетинин төрагасы мындай деди: «… кийим жөнүндөгү беренени өзгөртүү зарыл, себеби, бул берене Суданды укуктарды тебелөөчү катары көрсөтүүдө. Ошондуктан, мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык комитетке сунуш берилет».

Америка Суданга карата ушундай бир долбоор иштеп чыккан. Биринчиси, Суданды Исламга бүтүндөй байланышы болбогон илманий конституция аркылуу илманийлештирүү. Парламенттин тушундагы реформа боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары мындай деди: «Улуттук диалогдун тыянактарында айтылып жаткан конституция – исламий болобу, башка дин болобу – диний келишпестиктерден сырткары болот. Экинчиси, Судандын калган бөлүгүн да тектик жана этникалык негизде же Бернард Льюис айткандай «кандуу чегаралар» негизинде бөлүп жаруу. Умар Башир Москвага сапар кылганда мындай деди: «Бизде Америка Суданды беш мамлекетке бөлүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө маалыматтар бар».

Сартрдын Суданга жасаган сапары Американын Судандагы Исламды жок кылуу долбоорунун алкагында болду. Бул долбоор кабыл алына турган конституциядан исламий өкүмдөрдү алып салып бүтүндөй илманий кылууга багытталган. Аллах Таала айтат:

﴿وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً﴾

«Алар өздөрү кафир болушканы сымал силердин да кафир болуп, аларга тең болуп калууңарды каалашат»                                                                                                                     [4:89]

Ал эми, бул сапар Суданда нааразылыктар башталган убакытка туура келип калганын алсак, режимди кулатууну талап кылып жаткан демонстрация жана нааразылыктар Америка кызыкчылыгына жана долбоорлоруна кооптуу. Ошондуктан, Америка Баширдин өзгөчө кырдаал жарыя кылганына көз жумду. Өзгөчө кырдаал Сартр чыккан учак Вашингтонго карап учкандан 48 саат өтүп т.а. 2019-жылы 22-февралда жарыяланды. Сартр берген билдирүү да муну тастыктады. Ал мындай деди: «Судан өкмөтү сабыр аркылуу саясий чечимге жетишет».

Америка ушул аракеттери аркылуу топту Судан өкмөт талаасына таштады. О.э. демонстрацияларды токтотуу жана абалды кармап калуу үчүн Судан режимине жашыл чырак жакты. Ал эми, Судан режими Мисир президенти Сисийдин жардамында аскерийлер аркылуу мамлекетте катуу коопсуздук чараларын ишке салды. «Айрым булактар жазышынча, Сисий эки мамлекет ортосундагы коопсуздук жана разведка ортоктош комитети аркылуу Баширди экономикалык, маалымат жана коопсуздук жагынан колдоп-кубаттоодо… Мисир өкмөтү Хартумга аянттарда, көчөлөрдө жана түрдүү жайларда демонстранттарга каршы күрөшүү пландарына байланыштуу коопсуздук кеңештерин берген» («Арабий Жадид», 2019-жыл, 7-март).

Ушундан көрүнүп тургандай, сүйлөшүүлөр, жолугушуулар, сапарлар жана санкциялар Америка үчүн маанилүү карталар. Америка таттуу же таяк саясатын жакшы билет, кайсы карта майнаптуу болбосо, дагы ондогон карталарды ишке салат. Тизме жана санкциялар кылмыштарды жашыруу жана коомчулукту чалгытууга багытталган. Мисалы, Башир 2018-жылы 13-ноябрда сүйлөгөн сөзү ушул алдоого кирет: «Америкадан жана Батыштан жардам сурап жаткандарга айтабыз, ким Американын далдасында болсо жылаңач калат».

Кафир Батыш бизге канча элчилерди жөнөтпөсүн, алардын Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыгы эч качан өзгөрбөйт. Бул жөнүндө Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾

«Яхудий жана насранийлер тээ алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт»                                                                                                                 [2:120]

Өкүнүчтүүсү, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт ушул абалда жашоодо. Кафир Батыштын ыраазылыгына жетүү үчүн аларга кошоматчылык кылып жаткан рувайбизалар Үммөттү башкарууда. Ошондуктан, биз Аллахтын буйругуна итаат кылган жана Исламий Үммөткө ылайык жашоону талап кылып, абалды өзгөртүү үчүн аракет кылышыбыз керек.

Бүгүн Аллахтын фазилети менен Үммөткө жан кирди жана ал козголду, чыныгы өзгөрүү үчүн аракет кыла баштады. Ошондуктан, ага Аллахтын нурун көрсөтүшүбүз керек. Ошондо ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу өзүнүн азиздигине кайра жетет. Бул жөнүндө Аллах Таала убада берген жана Расулуллах ﷺ башарат кылган.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here