Эрдоган: Түркия Сирияда аскерий операция өткөрүүгө даяр

348
0

Эрдоган: Түркия Сирияда аскерий операция өткөрүүгө даяр

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия Сириядагы операцияга даяр экендигин билдирди. Бирок, ал алгач Владимир Путин менен жолугушуусу керектигин айтты. Бул тууралуу “Газета.ru” кабарлады.

Кабарда келишинче, Эрдоган бул тууралуу Россияга сапарынын алдында билдирген.

Айтылышынча, Түркия президенти Сирия операциясын Путин менен талкуулоону каалаган.

 “Биз Сирия менен чек арада зарыл болгон бардык нерселерди даярдадык. Путин менен эки тараптуу жолугушууда ушуларды талкуулашабыз”,- деп айткан Эрдоган.

 8-апрель күнү Кремлде Россия-Түркия кызматташтык кеңешинин сегизинчи жыйыны алкагында Россия менен Түркиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрү болуп өттү. 

Сүйлөшүү учурунда президенттер эки тараптуу алакалар, анын ичинде соода-экономикалык  тармактагы кызматташтык, “Түрк агымы” газ түтүгү жана “Аккую” АЭСи долбоорлорун ишке ашыруу о.э. Түркияга С-400 зениттик ракета комплекстерин жеткирип берүү маселелерин талкуулашкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here