Германия Россияга каршы жаңы чараларды колдонушу мүмкүн

318
0

Германия Россияга каршы жаңы чараларды колдонушу мүмкүн

 Мамлекет парламенти Бундестагдын тышкы иштери боюнча комитет мүчөсү Норберт Реттгендин маалымдашынча, Германия өкмөтү Сириядагы абалдын курчуп бара жаткандыгына байланыштуу Россияга каршы жаңы санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулодо.

 Депутаттын сөздөрүнө караганда, азыркы учурда абалда Европа эч болбогондо Халабдагы согуштук аракеттерди аскерий кылмыштарга теңдештирүүсү мүмкүн.

 “Аскерий кылмыштарга этибарсыздык кароо жана анын акыбеттери конфликттерге себеп болот”,- деди парламент депутаты.

 Реттгендин тан алышынча, Россияга каршы санкциялар тез арада өз натыйжасын бербейт, бирок келечекте Москва саясатын өзгөртүүгө мажбур болот. Парламент комитетитин башчысы ЕБнын башка мамлекеттерин сынга алып, аларды РФга каршы жаңы чектөөлөрдү жарыялагандан коркуп жаткандыктарын айтып, аларды айыптаган.

 Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков болсо ушул кабарга өз пикирин билдирип, Москва кошумча экономикалык чектөөлөр үчүн олутту себеп көрбөй жаткандыгын айткан.

 “Эстен чыгарбайлы, Россия Федерациясы куралдуу күчтөрү Сирияда мыйзамдуу түрдө турган жалгыз мамлекет. О.э, бардыгыбыз билебиз, өз куралдуу күчтөрүн Сирияда эл аралык укукка дал келбеген абалда жайгаштырган мамлекеттер да бар”,- деп баса белгиледи Песков.

 Өз кезегинде Ак үй расмий өкүлү Жош Эрнест, АКШ Россиянын Сириядагы саясатына таасир өткөзүү максатында жаңы санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн четке какпагандыгын маалымдаган эле.

Туркистон: 

Россия менен АКШнын Сирияда кызыкчылыктары бири-бирине дал келбей калды. АКШ дүйнөлүк системаны б.а эл аралык саясий абалды өз кызыкчлыгына ылайыктоого мажбур. Анткени ал азырынча жалгыз дүйнөлүк лидер, дүйнө жетекчиси болуп турат. Россия болсо Сирияда түшүнүксүз, максатсыз жана башаламан иш-аракеттерди алып барууда. Анын аракеттеринде Путин режиминин гана популисттик максаты жаткандай. Б.а, орус калкы алдында, өзүн жетекчи мамлекеттер менен олутуу атаандаш кубатка ээдей кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Анткени дал ушул Путиндин каталары аркылуу Россия саясий, экономикалык жана социалдык кризиске келип калды.

АКШ болсо, Путиндин режимин сактап калуу үчүн эч кандай аракет кылбай жатат. Өзгөчө АКШнын макулдугу астында Россиянын Сирияда алып барган кыргындык аракеттери, эл аралык коомчулук тарабынан азыр эле дүйнөлүк террор деп баалана баштады. Россиянын азыркы экономикалык абалы да абдан начар. Резервдик фонд дээрлик түгөнүп калган. Иштеп чыгаруу тармагы жолдон чыгып барууда, өзүнүн ички талап кылуучуларын да камсыздай албайт. Бул путинчи режимдин башкарууну эптей албагандыгына далалат кылат. Путинчилер, бар күчү менен бул абалды жана бул абалга түшүп калуу акыбеттерин бирер иш чара менен жабып жиберүүгө аракет кылышууда. Алар, ички саясатта мекенчилдик жана жикчилдик туйгуларын күчөтүп барышууда. Мекенчилдик болсо, уруш жана тышкы кооп-коркунуч күчөшү менен от ала турган робита болгондуктан, Путин Россияга бир нече тармакта фронтторду ачып, аны согуш абалына алып келип коюууда.

Путин согушту каалап жаткан жок, ал мажбур болуп жатат. Ошон үчүн ал, өзүн эч нерседен коркпой турган жеңүүчү кылып көрсөтүүгө урунат. Эмнеге дегенде, АКШ да Россия менен олуттуу түрдө согушка кирүүнү каалабайт. АКШ эч ким менен согушка кирүүнү каалабайт. Ал согушту эң акыркы жана алсыз позициядагы мамлекеттин иш-аракети деп баалайт. АКШ дүйнөдөгү бардык көйгөйлөрдү, башка мамлекеттерди бири-бири менен согуштуруу жолу менен чечүүгө умтулат. Мындан тышкары Россия да ядролук куралга ээ болбогон мамлекет. Ядролук согуш баштала турган болс, анда бир тарап жеңүүчү болбойт. Ар эки тараптын жок болуп кетүү коркунучу бар.

Маселе ушунда, АКШ Сирияны бир нече аймактарга бөлүп жиберүү менен, алардын ар бирин ыраазы кылуу аркылуу абалды стабилдештирмекчи болду. Россия болсо, Сирияда азыркы тан алынган Асад өкмөтү гана өкүмдар болушу керек деген позицияны алдыга сүрүп барууда. Асад өкмөтү болсо, Россия үчүн гана аба майданынан пайдаланууга уруксат берген. Россия, Сирия аймагын өзүнүн мыйзамдуу көзөмөлү астындагы аймак деп, ал жерге жада калса АКШнын киришине да уруксат бербеймин деп жатат.

Россияга Сирияны, жада калса ага тек таштап беришкенде да эптей албайт. Тээ мурун СССР Афганистанда жай тургундарды кырып жибергендей, булар да Сириянын жай тургундарын кырып жиберүүдөн башка эч нерсе кыла албайт. Анткени Россияда эл аралык саясаттан пайдалана алуу кубаты дээрлик жок болуп барууда. Бул согуш Россия үчүн максатсыз, кызыкчылыксыз жана кризиске алып баруучу согуш болду. Путиндин режимине болсо, узака созула турган ушундай согуш керек. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here