Россия Сириянын Тартус шаарында аскердик-деңиз базасын орнотот

270
0

Россия Сириянын Тартус шаарында аскердик-деңиз базасын орнотот

 Россия коргооо министри орунбасары, статс-секретарь Николай Панковдун маалымдашынча, Сириянын Тартус шаарында Россия аскердик-деңиз күчтөрүнүн туруктуу базасы орнотулат.

 “Сирия аймагында, Тартуста турукту негизде аскердик-деңиз базабыз болот. Ушул убакта бул туурасындагы документтер даярдалууда. Аны олуттуу талкуу жараянынан өткөрүшөт… жана биз үмүт кылабыз, тез арада документ ратификация кылынат”,- деген Панков.

 Сириянын Тартус шаарында Россия флоту болушун камсыздоо боюнча шарттарды даярдоо иштери 1977-жылдары эле башталган. Азыркы убакта Тартустагы пункт Россиянын Жер Ортолук деңизи аймагындагы жалгыз таяныч точкасы эсептелет.

 Өткөн аптада Россия коргоо министрлиги Сирияга C-300 комплекси жиберилгени тастыкталган. Ушул комплекс Сириянын Тартус шаарында жайгашкан аскердик-деңиз флоту кемелерин абадан коргоо үчүн дайындалган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here