بسم الله الرحمن الرحيم
Кыргызстанда теракттарды кимдер кылышы мүмкүн
Исламда көптөгөн адамдарды кыргынга учурата турган, тирүүлүктү куурата турган теракттар бул жакта турсун, бейкүнөө адамдын канын төгүү арам болуп эсептелет. Мындай ыплас иштерди чыныгы момун эч качан кылбайт. А бирок, сөзү менен өз калкына күйүмүш болгон “баатырлардан”, куфр менен бирге болуп алган мунаафыктардан этият болуу керек. Себеби, каапырлар өтө коркок болуп, алардын аялдарга жана жаш балдарга гана күчү жетет. Эркектер менен күрөшүүгө алсыздык кылышат. Буга биз Афганистанда бүткүл куфр армиясы жеңилип, айла-амалдарды токуп чыгып кача баштаганда ачык күбө болдук. Расулуллах (с.а.в) айтат:
«إِنَّي لاَ أَتَخَوَّفُ عَلَى أُمَّتِي مُؤْمِنًا وَلاَ مُشْرِكًا، أَمَّا الْمُؤْمِنُ فَيَحْجِزُهُ إِيْمَانُهُ، وَأَمَّا الْمُشْرِكُ فَيَقْمَعُهُ كُفْرُهُ، وَلَكِنْ أَتَخَوَّفُ عَلَيْكُمْ مُنَافِقًا عَالِمُ اللِّسَانِ يَقُولُ مَا تَعْرِفُونَ وَيَعْمَلُ مَا تُنْكِرُونَ»
«Албетте, мен Үммөтүмө момун же мушриктен зыян жетишинен коркпойм. Себеби, момунду ыйманы тосуп турат, мушриктин каапырлыгы өзүн жок кылат. Бирок, силерге мунаафык зыян жеткиришинен корком. Анын тили бар го, силерге маъруф иштерди айтат, бирок өзү мункар иштерди кылат» (Табароний жана Баззар риваяты).
Расулуллах (с.а.в) дагы айтат:
«لاَ يُلْدَغُ المُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»
«Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт». Бул ҳадисти Бухарий чыгарган.
Ушундай болгон соң, эки эмес көп жолу чактыра турган кимселерге эмне дешибиз керек?! Бизди 25 жылдан бери жакшы сөздөр, куру убадалар менен абдан көп алдашты. Кеминде, жасалма теракттар, акыбети тухмат жана балээлер…
Бүгүнкү күндө миллиондогон инсандар зулум, кыйноо жана зордук-зомбулук алдында жашап жатат. Буга Америка баш болуп, Россия, Британия, Франция жана Кытай сыяктуу ири колонизатор күчтөр исламий жерлердин үстүнөн өкүмдарлык кылуу үчүн тиш-тырмактары менен жабышып жаткандыктары себеп болууда. Алар бул максатына жетүү үчүн биздеги айрым саясатчыларга маскарапоз спектаклди ойлоп табышат -да, аны саткындарга аткартышат. Аларга ишенген карапайым калк ээрчийт. Кийин бул спектаклди көбүртүп, жасалма терракттарды атайын кызматкерлердин колу менен уюштурушат. Акырында бул сценарийди мусулмандарга жабыштырып, артынан орган кызматкерлерине ачыкка чыгаруу же жашыруу буйруктарын беришет. Натыйжада көптөгөн бейкүнөө мусулмандар жабыр тартат.
Ушул орунда пикир жүргүзгөн, саясатчы жана аң-сезим ээлерине о.э имамдарга бир суроо: Кыргызстанда ушул саясий талаштардын акыбетинде канчалаган бейкүнөө пакиза кандар төгүлдү жана катуу машакаттар чектик. Эмне үчүн акыйкатты айтып, жалпы калкты эскертпей жатасыңар?! Же силердин максатыңар да ушул беле?! Хишам ибн Хаким риваят кылат: “Күбөлүк берем, албетте мен Расулуллах (с.а.в) дын ушундай дегенин уктум:
«إِنَّ اللَّهَ يُعَذِّبُ الَّذِينَ يُعَذِّبُونَ النَّاسَ فِي الدُّنْيَا»
«Алла адамдарды бул дүйнөдө азаптаган кимселерди албетте азаптайт».
(Имам Муслим). Өзүңөргө орган кызматкерлерин да кошуп, Алла Тааланын азабына дуушар болууну каалап жатасыңарбы?! Расулуллах (с.а.в) дагы мындай дейт:
«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ…»
«Тозок калкынан эки тайпа бар. Мен аларды көрбөгөм: бир коом бар, алар менен уйдун куйругунчалык камчылар болот. Бул камчылар менен адамдарды уруп, токмоктошот…». Бул хадисти Муслим Абу Хурайра аркылуу риваят кылды. Мисвар Набий (с.а.в) дын ушундай дегенин риваят кылат:
«مَنْ أَكَلَ بِرَجُلٍ مُسْلِمٍ أَكْلَةً فَإِنَّ اللَّهَ يُطْعِمُهُ مِثْلَهَا مِنْ جَهَنَّمَ، وَمَنْ كُسِيَ ثَوْبًا بِرَجُلٍ مُسْلِمٍ فَإِنَّ اللَّهَ يَكْسُوهُ مِثْلَهُ مِنْ جَهَنَّمَ…»
«Кимде ким бир мусулман(ды жамандоо же ага азар берүү) акысына бир жутум даам татса, Алла ага тозок отунан ошол көлөмдө даам таттырат. Кимде ким бир мусулман(ды жамандоо же ага азар берүү) акысына бир кийим кийсе, Алла ага тозок отунан кийим кийгизет…». Бул хадисти Абу Давуд жана Ахмад риваят кылган.
Эй, орган кызматкерлери!
Силер айрым бир саткын саясатчылардын пайдасы үчүн эки дүйнөдө кор болуп калбагыла! Анткени, Ислам мусулмандардын жандарын, мал-мүлктөрүн гана эмес, урматына, аброюна, ар-намысына шек келтирүүнү, үйлөрүнүн урматын тебелөөнү да арам кылды. Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деди:
«… كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ، دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ»
«…Мусулманга ар бир мусулмандын каны, малы жана ар-намысы арам». Бул хадисти Муслим Абу Хурайра аркылуу риваят кылды. Пайгамбарыбыз (с.а.в) үйдүн урматы тууралуу мындай деди:
«لَوْ أَنَّ رُجُلاً اِطَّلَعَ عَلَيْكَ بِغَيْرِ إِذْنٍ، فَخَذَفْتَهُ بِحَصَاةٍ، فَفَقَأْتَ عَيْنَهُ، مَا كَانَ عَلَيْكَ بِجُنَاحٍ»
«Эгер бирер киши сенин үйүңө уруксатсыз караса, сен аны таш менен уруп көзүн агызып койсоң да, сага эч кандай күнөө болбойт». Бул хадисти Муслим Абу Хурайра аркылуу риваят кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы мындай дейт:
«مَنِ اطَّلَعَ عَلَى قَوْمٍ فِي بَيْتِهِمْ بِغَيْرِ إِذْنِهِمْ فَقَدْ حَلَّ لَهُمْ أَنْ يَفْقَئُوا عَيْنَهُ»
«Кимде ким бир коомдун үйлөрүнө алардын уруксатысыз карай турган болсо, ошол коом үчүн анын көзүн уруп чыгаруу адал болот». Бул хадисти Ахмад Абу Хурайра аркылуу риваят кылган. Момунга маддий зыян жеткирүү бул жакта турсун, аны сөгүү же ал тууралуу жаман күмөндө болуу да арам. Бирок, аны өлтүрүү каапырлык. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Каъбаны тооп кылып атып мындай деди:
«مَا أَطْيَبَكِ وَأَطْيَبَ رِيحَكِ مَا أَعْظَمَكِ وَأَعْظَمَ حُرْمَتَكِ وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَحُرْمَةُ الْمُؤْمِنِ أَعْظَمُ عِنْدَ اللَّهِ حُرْمَةً مِنْكِ مَالِهِ وَدَمِهِ وَأَنْ نَظُنَّ بِهِ إِلاَّ خَيْرًا»
«(Эй Каъба) Кандай гана жакшысың, кандай гана жыттуусуң, кандай гана улуусуң жана сенин урматың да кандай гана бийик. Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант ичип айтам! Момундун, анын малынын жана канынын урматы Алланын алдында сенин урматыңдан да бийик. Ошондуктан, момун тууралуу жакшы күмөндө гана болуу да сенин урматыңдан бийик». Бул хадисти Ибн Мажа Убайдуллах ибн Амр аркылуу риваят кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы мындай деди:
«سِبَابُ الْمُسْلِمِ فِسْقٌ وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»
«Мусулманды сөгүү фасыктык, аны өлтүрүү каапырлык». Бул хадисти Бухарий жана Муслим Абдуллах ибн Масъуд аркылуу риваят кылган.
Исламий жерлерде мыйзамга баш ийип жашап жаткан башка мамлекеттердин жарандарына зулум кылуу да арам. Расул (с.а.в) аларга жакшы мамиледе болууну осуят кылган жана аларга азар-зыян жеткирүүдөн кайтарган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:
«مَنْ ظَلَمَ مُعَاهِدًا، أَوْ كَلَّفَهُ فَوْقَ طَاقَتِهِ فَأَنَا حَجِيجُهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ»
«Кимде ким барымтадагы адамга зулум кылса же аны чыдамынан чыгарып жиберсе, мен аны менен кыямат күнү сүйлөшөм». Бул хадисти Яхё ибн Адам «хирож» китебинде риваят кылган.
Умар (р.а) мындай деген: «Өзүмдөн кийинки халифага Расулуллах (с.а.в) зиммасы (т.а коргоосундагы зиммий калк) менен жакшы мамиледе болуп, аларга берилген убадаларды бекем сактоону, аларды коргоо үчүн күрөшүүнү, аларды чыдамынан чыгара турган нерсени сунуш кылбоону осуят кылам». Яхё ибн Адам риваят кылган.
Эй, өзүн момунмун деп билген мусулмандар!
Эй, мусулман саясатчылар!
Эй, мусулман орган кызматкерлери!
Ушуга чейин куфрдун нотасын ойногонубуз жетет. Эми Алланын чыныгы пенделери бололу! Расулуллах (с.а.в) ушундай деди:
«اَلْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ: لَا يَظْلِمُهُ، وَلَا يُسَلِّمُهُ: مَنْ كَانَ فِي حَاجَةِ أَخِيْهِ، كَانَ اللهُ، عَزَّ وَجَلَّ، فِي حَاجَتِهِ! وَمَنْ فَرَّجَ عَنْ مُسْلِمِ كُرْبَةً، فَرَّجَ اللهُ عَنْهُ بِهَا كُرْبَةً مِنْ كُرَبِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ! وَمَنْ سَتَرَ مُسْلِماً، سَتَرَهُ اللهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»
«Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зулум кылбайт, аны (душманга) тапшырып койбойт. Кимде ким бир тууганынын муктаждыгын чечип берсе, Алла Азза ва Жалла анын муктаждыгын да чечип берет. Кимде ким бир мусулмандын гам-кайгысын кетирсе, Алла андан да кыямат күнүндөгү гам-кайгынын бирин кетирет! Кимде ким бир мусулмандын айыбын бекитсе, Алла кыямат күнү анын да айыбын бекитет». Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы айтат:
«اَلْمُؤْمِنُ مِرْآةُ أَخِيْهِ. وَالْمُؤْمِنُ أَخُو الْمُؤْمِنِ: يَكُفُّ عَلَيْهِ ضَيْعَتَهُ، وَيَحُوطُهُ مِنْ وَرَائِهِ»
«Момун момундун күзгүсү. Момун момундун бир тууганы, анын жоготкон нерсесинин ордун толтуруп берет, артынан аны коргоп, асырайт». Расулуллах (с.а.в) айтты:
«مَثَلُ الْمُؤْمِنِيْنَ فِيْ تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ، إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»
«Момундар бир бүтүн дене сыяктуу. Эгер бул дененин бир мүчөсү ооруса, башка мүчөлөр да тез арада тынчсызданып, ысытмалоо менен ага жардамга шашылат». Мусулмандардын бири-бирин дос тутушу важибдигине далалат кылган мындан башка да көптөгөн хадистер бар. Биз силерди Алла Тааланын ушул аятына ылайык өзүңөргө келгиле деп эскертип өтмөкчүбүз:
وَذَكِّرْ فَإِنَّ الذِّكْرَى تَنفَعُ الْمُؤْمِنِينَ
– “Жана эскерткиле! Анткени эскертүүдө момундарга пайда бар”.
Расул (с.а.в) мындай деген:
«تَرَكْتُ فِيكُمْ أَمْرَيْنِ لَنْ تَضِلُّوا مَا تَمَسَّكْتُمْ بِهِمَا: كِتَابَ اللَّهِ وَسُنَّةَ رَسُولِهِ»
«Мен силерге аларды бекем кармасаңар эч качан адашпай турган эки нерсени калтырдым: Алланын Китеби жана Расулунун сүннөтү» (Имам Малик).
Эй мусулмандар! Куфрдун кеңешинен кийин ар дайым жаңжал, жаман акыбеттер келет. Ал эми Алланын өкүмү менен эки дүйнө бактысына жетишебиз. Качанга чейин мусулмандардын кыла турган иштерин, акимдерин душмандар белгилеп берет?!
Бул мамиле каапырлардын Ислам жерлерине аралашып аткан колдорун кесип таштоо менен жана мусулмандар Исламды аким кылуулары менен гана чечилет. Бир гана ушул Жол менен мусулмандардын азиздиги кайра тикеленет. Алла Таала айтат:
«Баарыңар Алланын арканына (Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө» [3:103]
Муттакий