Аль-Сауд өкүмдарлары Аллахты каарын келтирүүдө сап башында

1226
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аль-Сауд өкүмдарлары Аллахты каарын келтирүүдө сап башында

 Шайх Исам Амира

Бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүнүн өкүмдарлары жүз жыл мурун Усманий Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин малай ата-бабалары бийликти ээлегенден бери Аллахтын каарына алып барган үрөй учурган мелдеште бири-бири менен жарышып келишүүдө. Буга кошумча, алар Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөстөн кафир, же залим, же фасык болушту, же болбосо Аллахтын Китебин четке каккан кимселердин сыпаттарына ээ болушту. Буга Аллах Азза ва Жалланын ушул аяттары далил:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер»            [5:44]

﴿وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер»         [5:45]

﴿وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар»          [5:47]

Аль-Сауд өкүмдарлары исламий өлкөлөрдөгү кесиптештери арасында Аллахтын каарын келтирүүдө сап башында турушканы менен өзгөчөлөнүп турушат. Айрыкча, Мухаммад ибн Салман эки ыйык харам өлкөсүн башкарууда өкүмдар үй-бүлөнүн мүчөлөрү арасында эң таасирдүү адамга айлангандан кийин ушундай болууда. Ибн Салмандын бийликте үй-бүлөдөгү эң таасирдүү адамга айланганы ал Сауддар үй-бүлөсүнүн башкаруусунда үй-бүлөлүк да, коомдук даражада да түпкү өзгөрүүлөрдү жасоого шашылып жатканын көрсөтүп турат.

Өкүмдар үй-бүлөнүн даражасына келсек, Ибн Салман эки-үч жыл мурун «Сarlton» мейманканасында үй-бүлөнүн көптөгөн канзадаларын камакка алып, аларды кызматтарынан бошотту, акчаларын жарым-жартылай конфискация кылып, эгер анын буйругуна каршы козголоң кылышса, дагы да чоңураак жазалоо менен коркутту. Коомдук даражада болсо, Ибн Салмандын тартип-эрежелерине ачык же кыйыр түрдө каршылык кылып жаткандай болуп көрүнгөн бир нече уламалар камакка алынды. Анын тартип-эрежелеринен бири – мамлекет «Амри маъруф ва нахи мункар» комитетин бекер кылып, ордуна «Оюн-зоок комитетин» түздү. Буларды Ибн Салман өзүнүн белгилүү «Vision 2030» программасынын алкагында ишке ашырды. Ал ушул программа аркылуу Хижаз калкын батышташтырууну, алардын арасында бузукулукту кеңири жаюуну, аларды терең исламий тамырларынан ажыратууну максат кылган. Бул кимсе ал тургай ачыктан-ачык өзгөрүүлөрдү кабыл алды. Мисалы, чет элдик маданият тармагындагы эркек жана аялдарга виза берүү, бузуку фестивалдарын өткөрүүсүнө жардамдашуу, Кызыл деңиздин айрым пляждарында батышча көрүнүштө күндө күйүүгө уруксат берүү, өлкө бойлоп туристтик жана медициналык эс алуу жайларын куруу сыяктуу иш-аракеттер. Бул өзгөрүүлөрдүн жакындагысы Ухуд тоосунун бир бөлүгүндө медициналык курорт куруу долбоору болот. Негизи, бул тоо Ухуд согушун көргөн улуу тоо болуп, Набий ﷺ:

«أُحُدٌ جَبَلٌ يُحِبُّنَا وَنُحِبُّهُ»

«Ухуд тоосу – бизди сүйгөн, биз да аны сүйгөн тоо», деген!

Мындан тышкары, мамлекеттин кээ бир футбол клубдары белгилүү футболчулар менен фантастикалык суммада келишимдерди түзүп, Катардагы дүйнөлүк чемпионатка сарпталган каражаттан эки эсе көп каражат сарптала турган жаңы эл аралык мелдеш өткөрүүнү пландап жатышат!

Табигый суроо туулат: бул Нажд жана Хижаз өлкөсүндөгү мусулмандар алардын калган исламий баалуулуктарын да жууп кете турган толкун алдында кол куушуруп олтура беришеби?! О.э. дин жана тарыхына байланышын алсыратуу, өсүп келе жаткан муунду батышташтыруу, Сауд Арабияны Ирак, Тунис, Мисир, Түркия жана башка мусулман өлкөлөрү сыяктуу абалга салуу аракеттери алдында кол куушуруп олтура беришеби?!

Мунун жообу Арабия жарым аралынын калкы Ислам калкынын бир бөлүгү экендигинде. Кафирлер аларды да, башка мусулман калктарды да өз дининен, мурасынан жана акыйдасынан сууруп чыгара алышпады, бул жааттагы бардык аракеттер ийгиликсиздикке учурады. Аллах Субханаху ва Таала Исламды Китеби, Сүннөтү, тарыхы, фикхи жана идеологиясы менен жок болуп кетүүдөн  же кыйроого учурашынан сактаган. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ﴾

«Албетте бул эскертмени (Куръанды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана шексиз Өзүбүз аны сактоочубуз»                                                                                                                 [15:9]

Бүгүнкү күндө Ислам Умматы башынан өткөрүп жаткан абалга келсек, бул бир тулпардын мүдүрүлүп кулаганы гана… Ал жакында – Аллахтын уруксаты – менен кайра секирип туруп, мурункудан да күчтүү болот о.э. мусулмандардын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыгынын көлөкөсүндө Ислам гиганты болуп бутка турат жана ага, динине жана мурасына зыян жеткирген алыс-жакындагылардын баары менен эсептешет…. Перзенттерин кыргын кылган, үйсүз, качкынга айланткан, намыстарын жана ыйык жайларын тебелеген ар бир кимседен шексиз өч алат. Ооба, Ислам Умматы кайра дагы ушундай абалына кайтат. Фалестин жана Акса мечитинде болуп жаткан окуялар мунун ачык-айкын үлгүсү. Мисалы, басып алынганына жүз жылдан ашык убакыт өттү…, баскынчылар Аксага тынымсыз бастырып киришүүдө…, пайдубалынан тарта бузуу үчүн казуу иштерин жүргүзүшүүдө… Бирок, ага карабастан, бул жайдын орду мусулмандардын жүрөгүндө дагы эле бекем. Аксада болуп жаткан окуялар дүйнөдөгү мусулмандарды козгоп, ал тургай, бул жай Ислам Умматынын температурасы өлчөнө турган термометрге айланды.

Бул жерде көңүл буруу, деталдарын жана жышаандарын терең түшүнүү керек болгон маанилүү нерсе бар. Ислам Умматы коргонуу доорунан чабуул баскычына өттү. Уммат учурда өз өлкөсүндөгү кылмышкер режимдерге каршы күрөшүп, аларды кулатуу жана тактыларынын урандылары үстүнө Халифалыкты тикелөөгө аракет кылууда. Бул жаңы баскыч өкүмдарларга туруктуу коркуу салууда. Себеби, алар Ислам негизинде аракет кылган ар бир саясий кыймылды токтотуу үчүн болгон күчтөрүн жумшап бүтүштү. Мусулмандардын ойгонуусун алдын алуу үчүн керек болгон бардык ишти жасашты. Бул иште изилдөөчүлөр, идеологдор, чыгыштаануучулар жана батышчылдардан турган бардык шайтан-иблистерден жардам сурашты. Бул ишке улутчул жана мекенчил кыймылдар, кээ бир исламий кыймылдар, аял коомдорунан турган сансыз аскерлерди аракетке келтирип, миллиарддарын сарпташты. Алар үчүн массалык маалымат каражаттарынын эшиктерин ачып берди. Алар мектеп жана жогорку окуу жайларына мурдун тыгып, таалим программаларын өзгөртүштү, программалардан Умматтын бийлиги, мурасы, жихады, улуу тарыхы, убада кылынган жаркын келечегине байланыштуу сабактарды алып салышты… Бирок, бул нерселер аларга өз ниеттерин ишке ашырууга пайда бербеди. Алар жөнүндө Хак Табарока ва Тааланын ушул каламы кандай гана чындык болду:

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَن سَبِيلِ اللهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ﴾

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кишилер жаханнамга топтолушат»                        [8:36]

Бүгүнкү күндө Ислам Умматы рошид Халифалыктын дарбазасын такылдатууда. Анын ачылышы үчүн Аллахтын уруксаты гана калды. Аллах качан уруксат берсе, залим өкүмдарлар менен аль-Сауддун өкүмдарлары кулап, кафир кожоюндары мусулман өлкөлөрүнөн кайтып келгис болуп качып чыгышат… Мусулман кошуундар аларды өлкөлөрүнөн кууп, такбирлердин жаңырыктары жана исламий армиялардын соккулары астында Рим жана башка куфр борборлорун фатх кылышат. Жер жүзүндө азиздин азиздиги, кордун кордугу менен Ислам кирип барбаган бир да шаар жана айыл калбайт. Бул урматтуу Пайгамбарыбыздын Тамим Дарий розияллаху анху тарабынан риваят кылынган ушул хадисинин тастыгы: Тамим Дарий айтат: Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уккам:

«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلَا يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ، بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ؛ عِزّاً يُعِزُّ اللَّهُ بِهِ الْإِسْلَامَ، وَذُلّاً يُذِلُّ اللَّهُ بِهِ الْكُفْرَ»

«Бул иш түн жана күн жетип барган жайга чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйүн калтырбай ага бул динди азиздин азиздиги же кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, аны менен Аллах Ислам динин азиз кылат. Ушундай бир кордук, аны менен Аллах куфрду кор кылат». Тамим Дарий мындай дейт: «Мен муну өз үй-бүлөмдөн көрдүм. Алардын арасынан Исламга киргендери жакшылык-берекеге, сыймык жана азиздикке жетишти. Кафир абалда калгандары болсо, кордук, төмөндүк жана жизяга туш болушту».

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»                                                                                                                                     [12:21]

 

Роя гезити, №429, 2023-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here