Оксфам уюмунун отчёту: «Эң байлар аман калат»

2491
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Оксфам уюмунун отчёту: «Эң байлар аман калат»

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Оксфам уюму дүйнөдө өтө бай болуу жана өтө жакырчылык жөнүндө үрөй учурган отчётту жарыялады. Бул жарыя Давосто (Швейцария) бай адамдардын форумунун ачылышы убагында айтылды. Отчётто айтылгандай, «акыркы эки жыл ичинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын бир пайызы дүйнө калкы ээ болгон байлыктын дээрлик эки эсесине ээлик кылууда». Т.а. ушул бир пайыз адам 2020-жылдан бери дүйнөдөгү жаңы байлыктардын үчтөн эки бөлүгүнө т.а. 42 триллион долларга ээлик кылууда. Жөнөкөй арифметикалык эсеп менен айтканда, 42 триллионго ээлик кылган ушул 1% адамдар калган 99% адамзатка ушул көлөмдүн жарымын т.а. болгону 21 триллионду гана калтырды.

Отчётто айтылышынча, «ар 30 саата бир миллиардердин төрөлүшү бир миллион адамды өтө жакырчылыкка алып келүүдө. Муну менен бирге, дүйнөдөгү эң бай он адам өз байлыгын эки эсеге көбөйтүшү менен адамдардын 99 пайызынын кирешеси төмөндөөдө. Негизги товарлардын баасы көтөрүлүшү менен да миллиардерлердин байлыгы ар эки күндө 1 миллиард долларга көбөйүүдө».

Демек, байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым системалык түрдө өтө кеңейүүдө. Мисалы, 2010-жылы 43 кишинин байлыгы дүйнө калкынын жарымынын байлыгына барабар дегенбиз. 2016-жылга келип, 8 гана кишинин байлыгы дүйнө калкынын жарымынын байлыгына тең дедик. Ал эми, 2022-жылы дүйнө байларынын болгону 1 пайызы бардык адамдардын үчтөн эки бөлүгүнүн байлыгына тең экендигин айтып жатабыз.

Байлыкты адамга мына ушундай адилетсиз жана үрөй учурган түрдө бөлүштүрүү бир нерсеге гана далалат кылат. Ал да болсо, капиталисттик түзүмдүн жырткычтыгы жана кыйроосу. Себеби, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымдын кеңейиши токтобой, ошону менен бирге, зулум-адилетсиздик үрөй учурган көрүнүштө көбөйүүдө жана бул адилетсиздикке эч ким каршы тура албай жатат.

Ошентип, 2022-жылы миллиардерлердин саны 2668ге жетип, алар 12.7 триллион долларга ээлик кылууда. Миллионерлер 62 миңден бир аз көбүрөөк болуп, алар 150 триллион байлыкка ээлик кылышууда. Ал эми, жарым миллионерлердин саны канча, алардын байлыгы канчага жеткенин билбейбиз… Ко-ош, мындай абалда калктын калган бөлүгүнө канча байлык калат?!

Бир гана Ислам байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымды жоюуга кудуреттүү. Муну Ислам өзүнүн экономика түзүмүндө кеңири айтылгандай байлыктарды шаръий өкүмдөргө ылайык адилеттүү бөлүштүрүү менен ишке ашырат. Бул болсо, чыныгы Ислам мамлекетинде – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде болот.

 Роя гезити, №429, 2023-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here