Эл аралык күрөш жана согуштар (Батыштын жырткычтыгы жана Исламдын рахматы)

814
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эл аралык күрөш жана согуштар

(Батыштын жырткычтыгы жана Исламдын рахматы)

 Устаз Халид Саид

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Дүйнө мамлекеттеринин өз ара мамилеси кызыкчылык үстүнө курулган. Ошондуктан, мамлекеттер ортоктош кызыкчылыкка карап бири-бирине жакын болушат же атаандашат. Кээде бир мамлекеттер бири-бирине союздаш, жакын жана дос болуп көрүнсө да, түпкүлүгүндө, алардын ортосундагы табигый алака күрөш үстүнө курулган болот. Эл аралык күрөштүн бир нече тараптары жана көрүнүштөрү, түрдүү майдан жана сахналары бар. Көбүнчө бул күрөш жашыруун, көрүнгүс болот, аны дыкат күзөткөн киши гана көрөт. Бирок, күрөш согуштан айырмаланат, ал тургай, согуш мамлекеттер ортосундагы күрөштү туюнтса да. Согушта зомбулук жана ырайымсыздык ачык көрүнүп турат.

Бүгүнкү күндө дүйнөгө капитализм толук өкүмдар. Ал тургай, Кытай жана Россия сыяктуу социализмге байланышы бар мамлекеттерде да учурда социализмдин аты гана калган. Бул мамлекетте социализмдин таасири жок. Алардын саясий жана экономикалык системалары жана эл аралык мамилелери да капиталисттик системага ылайыкташкан. Окуяларды күзөтө турган болсок, дүйнөдө түрдүү мамлекеттер ортосунда түрдүү тармакта күрөштөр жүрүп жатканына күбө болобуз, мисалы, эл аралык соода, технология, энергетика, келишим жана союздар о.э. ар түрдүү саясий аракеттер тармагында. Алардын бири АКШ-Кытай күрөшү болуп, саясий максаттарга кызмат кылуу үчүн бул күрөш экономикалык, технологиялык жана аскерий мүнөзгө ээ. Америка бул күрөштө Кытайды өз дубалына камап тышка чыгарбай кармап турууга урунуп жатат. Америка Кытайдын регионалдык күч болуу менен гана чектелишин көздөп жатат. Т.а. Кытайдын эл аралык майданга чыгып, АКШга таасирин өткөрүшүнө жана дүйнө тактысы үчүн атаандашышына жол бербөөгө аракет кылууда. Себеби, Кошмо Штаттар өзүн дүйнөнүн биринчи мамлекети деп билет, эч бир күч андан бул орунду тартып алышын каалабайт.

Эл аралык күрөш капиталисттик Батыштын өзүндө да байкалууда. Бул күрөштө Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европага гегемондук кылууда жана Европанын – бириккен абалда болобу, же бытыранды абалдабы – дүйнөгө ири күч катары кайра кайтышын алдын алууда. Ошону менен бирге, Америка Европа Союзу идеясын кыйратууга аракет кылып, анын маани-мазмунун соода-сатык жана экономикалык көрүнүшкө гана чектеп койду. Европа болсо көз карандысыз аскерий күч түзүүнү жана АКШнын НАТО мисалындагы чеңгелинен чыгууну дагы эле ишке ашыра албай жатат. НАТОнун ролу өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары суук согуш маалында күчөдү. Бирок, Советтер Союзу кулары менен бул ролдун сакталып калышына эч бир актануу калбады. 1992-1995-жылга келип Босния жана Герцеговина кризисинде жана 1998-1999-жылдары Косово согушунда бул ролго кайра жан кирди… Бүгүн болсо, Америка Россия менен болгон күрөшүн кантип башкарып жатканын, Украина Американын өкүлү катары согушка киргенин жаркын көрүп турабыз. Американын максаты – Россиянын эл аралык майданга кайтып, таасир өткөрүү жана Советтер Союзу доорунда болгондой биринчи мамлекет макамы үчүн атаандашуу арзуусун талкалоо. Украинада жүз берген согуштун күчөгөнүнөн жана 2022-жылы февралда согуш башталгандан бери Америка Россияны баткакка батыруу үчүн алып барган саясатынан ушул нерсе көрүнүүдө – чамасы, Америка Россияны ал тургай регионалдык күч катары да сындырмакчы болууда. Мисалы, Украина кризисинде Америка бир ок менен эки коёнду атмакчы: бири, Россияны сындырып, эл аралык майдандан чыгаруу, дагы бири, Европаны Американын гегемондугуна моюн сундуруп, Американын өкүмдарлыгын бекемдөө. Муну тарыхтагы Россия-Европа күрөшүнөн пайдаланып, Россиянын кыжырынан жана жырткычтыгынан Европаны коркуу салуу аркылуу ишке ашырмакчы.

Дүйнөдө болуп жаткан окуялар түрдүү мамлекеттер ортосундагы бул күрөш өтө жырткыч жана канкордугун көрсөтүүдө. Бул окуяларга токтоло турган болсок, ушуларга күбө болобуз: мамлекеттер өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн эң жаман ыкмаларды колдонууда жана эң күчтүү куралдардан пайдаланышууда. Алар адамзат, бак-даракка көңүл бурбай, өз максат жана кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн адамдарды массалык кыргын кылууга да, шаар жана айылдарды жер картасынан өчүрүп таштоого да даяр. Буга эки ирет болгон дүйнөлүк согуштар күбө. Биринчи дүйнөлүк согушта набыт болгон аскерлер жана жарандардын саны 21 миллионго жеткен болсо, Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун саны 60 миллионго жетти. Европанын эки Америкага жасаган баскынчылыгында курман болгондор 140 миллионго жеткен. Американын Афганстанга согушу эки миллиондон ашуун адамдын, Иракка жасаган согушу бир миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул сыяктуу окуялар жана бул даражадагы курмандардын саны дүйнөдөгү мамлекеттер террорчу мамлекет экенин, алар кабыл алган мабда-система жана пикирлер батыл экенин, дүйнөнү жетектөөнү аларга тапшыруу таптакыр мүмкүн эместигин, дүйнөнү тынчтык, амандык жана туруктуулукка жеткирүүгө алар таптакыр татыктуу эмесин ачыктоодо. Бул жетекчилер эгер жеңилишсе, ядролук курал колдонуп дүйнөнү жер менен жексен кылуу менен коркутуп жатышканын уккан дүйнө кантип өз келечеги үчүн кадыржам болушу мүмкүн?! Путин жана көптөгөн россиялык жетекчилер «Россия жок болсо, дүйнө да жок болот» деп айтышпадыбы?! Ошол эле учурда, Америка да ушул кылмышты жасоого даяр жана мунун таң калаарлык жери жок. Себеби, атом бомбасын Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына таштаган ушул Америка болот!

Бүгүн дүйнө коркунуч жана коркуу астында жашап жатат. Адамзат бул мамлекеттердин ачкөздүгүнүн курманына айланды. Мамлекеттер ар кандай нерсеге барып, ар кандай ыйык жерди тебелеп жатышат. Алар баалуулук, ахлак, принцип жана өлчөөнү билишпейт. Билген нерселери – өздөрүнүн ыплас кызыкчылыктарын жана карамүртөз максаттарын ишке ашыруу гана. Бүгүнкү күндө адамзат маң болуп, адашып жүрөт, кандай тагдыр күтүп жатканын билбейт! Бирок, Ислам гана адамзатты караңгылыктан куткарууга, адамзатты бейпил, кадыржам жана туруктуу жашоого алып чыгууга кудуреттүү. Ислам шарият өкүмдөрүн жарандарга, алардын дини, теги, жынысы жана түсүнө карабастан, баарына бирдей колдонууну мамлекетке буюрган. О.э. Исламды бүткүл дүйнөгө хидаят, рахмат жана нур катары алып чыгууну буйруган.

Исламда шаръий өкүмдөр деген этибарда саясат менен мамлекет, адам жана хизбдер шугулданат. Саясатка Батыштагы Макиавелличе «мүмкүнчүлүктөр илими» деп да, «максат каражатты актайт» эрежеси негизинде да каралбайт. Ислам мамлекети ал түзгөн союз жана келишимдерди – эгер каршылашы аткарса – садык калып, аткарат. Ислам армияны аракетке келтиргенде да, Аллах жолундагы жихад үчүн аркетке келтирет о.э. Аллахтын даъватын жалгыз максатты көздөп жеткирет. Бул максат Робиъ ибн Аамир розияллаху анхунун Фарс командачысы Рустамга «Аллах бизди Өзү каалаган пенделерин пенделерге ибадат кылуудан Аллах Таалага ибадат кылууга, дүйнө тардыгынан Ахырет кеңдигине, диндердин зулумунан Ислам адилетине чыгаруу үчүн жиберди» деп айткан сөзүндө көөдөлөнгөн. Т.а. Ислам мамлекети колонизатор эмес, фатх кылуучу мамлекет. Ошондуктан, бул мамлекетибиз Ирак, Шам, Мисир жерлеринин өнүмдүүлүгү менен Түндүк Африканын чөл талааларын айырмалабаганына күбө болгонбуз. Тарых момундар амири ал тургай айбандарга да камкордук кылып: «Эгер бир качыр Ирак жеринде мүдүрүлүп куласа, буга да Аллахтын алдында жоопкер болуудан коркомун» деген сөздөрүнө күбөлүк берүүдө. Дагы бир амирибиздин булуттарга карап: «Каалаган жериңе жамгыр жаадыр, хиражың мага келет» деген сөздөрүнө да, башка бир амирибиз куштар мусулман өлкөлөрүнөн учуп бара жатып, ачка калдым, дебесин үчүн тоолорго дан чачтырганына да тарых күбө!

Жихад өкүмдөрүнө келсек, бул жер согуштарыбыздагы ахлакты бир-бирден келтирүнүн орду эмес. Шаръий түрдөгү жихад материалдык тоскоолдукту алып салуу үчүн жасалган жихад экенин билсек жетиштүү. Бул материалдык тоскоолдуктар Исламдын адамдарга жаман көрсөтүлбөстөн таза, тунук жеткирилишине жол бербеген тоскоолдуктар болуп, кафир мамлекеттердеги режимдер тарабынан коюлат. Ушул себептен улам, шаръий түрдө адамдарга үч тандоону коёбуз: биринчи, Исламды кабыл алуу. Эгер, аны кабыл алышса, биздин ага-инилерибизге айланып, укук жана милдеттерде биз менен бирдей болушат. Экинчи, өз дининде калуу. Эгер, өз дининде калууну тандашса, Ислам мамлекетинин башкаруусуна моюн сунушат жана коргоо акысына жизя төлөшөт. Бирок, согушту тандашса, жеңиш жеңгендики болот. Биз согушка кирсек, улуулук жана эрдик позициясында турабыз. Карыларды, аялдарды жана балдарды өлтүрбөйбүз, бак-дарактарды өрттөбөйбүз, каршыбызга курал менен чыккандарды гана өлтүрөбүз. Согушка Расулуллах ﷺдын:

«فَوَاللَّهِ لِأنْ يَهْدِيَ اللَّهُ بِكَ رَجُلاً وَاحِدًا خَيْرٌ لَكَ مِنْ حُمْرِ النَّعَمِ»

«Аллахка ант, Ал Зат сен себептүү бир кишини хидаят кылышы, сен үчүн кызыл төөгө ээ болушуңдан да жакшыраак», деген сөзүнө итаат кылып киребиз. Ал тургай, душмандын аскерлери да – кээ бир монгол аскерлери сыяктуу – динибизди кабыл алып, Ислам аскерине айланган абалдар да болгон. Кээ бир калк жана умматтар башка башкарууга ыраазы болбостон, адилеттүү жана ырайымдуу деп Ислам башкаруусун талап кылган.

Тарых Ислам жана анын мамлекетинин фазилаттарынын баарын ачыктоого кудуретсиз. Биз бул акыйкаттарды өзүбүздүн күч-кубат жана улуулукка бөлөнгөн замандарыбыздан билебиз. Бүгүн жүрөктөрүбүз кайгыдан эзилип, ар жылдын ражаб айында Халифалык мамлекетибиздин кулатылганын кайгы менен эскерип жатабыз, ал эми, бүткүл дүйнө капитализмдин зулумунан арызданууда. Ошондой болгон соң, келгиле, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылууга шашалы жана ушул аркылуу өзүбүздү да, бүткүл адамзатты да мындай жырткыч согуштардан куткарып, дүйнө туш болгон бактысыздыкка чекит коёлу!

 

Роя гезити, №429, 2023-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here