Судандын 2023-жылга карата бюджети – дагы да көбүрөөк бактысыздык жана жоопкерчиликтен баш тартуу

861
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судандын 2023-жылга карата бюджети – дагы да көбүрөөк бактысыздык жана жоопкерчиликтен баш тартуу

 Устаз Абдуллах Абдурахмон Тандилий

Хизб ут-Тахрир – Судан вилаяты

«Судан Трибьюн» веб-сайты 2023-жылы 30-декабрда кабарлашынча, Судан финансы министрлиги 2023-жылга карата бюджет долбоору Министрлер кеңешине тапшырылганын билдирди. Судан маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Кеңештин адистешкен комитеттери жана секторлору бул бюджетти талкуулоо, ачыкталбаган таблицалар боюнча аларды тастыктоого даярдык көрүү үчүн өз пикирлерин билдирүүлөрү күтүлүүдө. Финансы министрлигинин кызматкерлери өткөн жылдын 20-январында тастыкталган 2022-жылдын бюджетинин инфляция көлөмүн төмөндөтүү, калктын турмушун жакшыртуу жана улуттук валютанын курсунун чет элдик валюталардын кыйматына карата туруктуулугун камсыздоого багытталганын баса белгилешкен. Туура, салык саясаты валюта курсун турукташтырууга жана акыркы жылдарда биринчи ирет инфляцияны 100 пайыздан төмөндөтүүгө жетишти. Бирок, мунун тушунда, бүгүнкү күндө жашоо таризинен жана кризистерден арыздангандар өтө көбөйдү, калктын чоң бөлүгү кризистен азап тартышууда. Адистер инфляция көлөмүнүн төмөндөшүн рецессия-туруксуздук абалы менен түшүндүрүштү о.э. бул абалдын базарларга сокку бериши жана жергиликтүү валютаны сатып алуу кыйматы төмөндөшүнө алып келишинен эскертишти…

2022-жылы 10-декабрда «Судан Трибьюн» финансы министрлигине шилтеме кылып кабарлашынча, Судан режими 2023-жылга карата бюджетте салыктарга, бажы төлөмдөрүнө, алтын жана нефтиден түшкөн кирешелерге таянууга чечим кылган. Ал эми, эл аралык коомчулук Хартумту колдоп-кубаттоону жалаң гуманитардык жардамдарга чектеди жана андан мурун 2021-жылы октябрдагы аскерий төңкөрүштөн кийин миллиарддаган долларлык жардам жана кредиттерди токтотуп койгон эле. Муну менен бирге, Судандын болжол менен 50 миллиард доллар карызын кечүү жараяны да токтотулган. Финансы министрлигинин кеңешчиси Абдуллах Ибрахим келерки жылга карата бюджетти кабыл алуу ички кирешелер боюнча ишке ашышын, бул үчүн салыктар, бажы, административдик төлөмдөр о.э. алтын жана нефть кирешелеринен каражаттарды көчүрүү зарылдыгын билдирди. Финансы министри мамлекеттик кызматкерлердин маянасын карап чыгуу үчүн комиссия түзүп, бюджетин чыгашасына жаңы түшүнүк кабыл алуу жана салыкты камсыздоону кеңейтүүгө чакырганын баса белгиледи. Өткөн жылдын 11-сентябрынан бери ири шаарлардын базарлары кеңири көлөмдө жабылган.

Судан көп убакыттан бери уланып жаткан экономикалык кризисте жашап жатат. Социалдык коргоо тармактарынын чабалдыгы себептүү кризистин калкка тийгизген таасири чыдап болгус даражага жетти. БУУ агенттиктери жана гуманитардык уюмдардын отчётторуна ылайык, өлкөдө 14 миллиондон ашык адам оор ачкалыктан кыйналууда.

Мурдараак финансы министри Жибрил Ибрахим 2023-жылга карата бюджет ички ресурстарга таянып тастыкталганын айткан, бирок, эл аралык колдоонун токтотулушун камтыган экономикалык шарттар олуттуу акыбеттерге алып келишинен эскерткен. Ал акча массасын катуу көзөмөлдөө акыбетинде дефляция көрсөткүчтөрү жана валюталык силкинүүлөр болушу мүмкүндүгүн, өз кезегинде, бул жумуш орундарынын жоголушуна о.э. завод-фабрика жана компаниялардын жабылышына алып келишин, бул болсо экономикалык проблемалардын тереңдешишине себеп болушу мүмкүндүгүн божомолдогон.

Бул кабарлардан үрөй учурган кыйроонун о.э. адамдарды күтүп жаткан бактысыздыктын көлөмү көрүнүп турат. Мусулмандардын иши адам ойлоп тапкан мыйзамдар жана Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрү менен башкарылып, бул фонддун буйруктары кайсы өлкөдө колдонулса, ал жерге кор болуу жана кыйроодон башка нерсе алып келбей жаткан соң, мунун эч бир таң калаарлык жери жок.

Финансы министрлиги төңкөрүштөн кийин эл аралык жардамдар албай жаткандыгы менен мактанууда. Акыйкатта болсо, бул жардамдар Умматка эч бир пайда алып келбеди, алар сүткордукка негизделген, бул жардамдар ички иштерибизге аралашуу болуп, колонизатор кафир өлкөбүзгө толук өкүмдар болуу ниетинде бул жардамдарды берип жатат го?! Мамлекет Эл аралык Валюта Фонду жана эл аралык коомчулуктун талаптарын аткарууда, жада калса, башка мамлекеттер кыйроо мүмкүндүгүнөн коркуп колдонбой жаткан эң жийиркеничтүү саясаттарды Судан мамлекети колдонуп жатат.

Чындыгында, чет элдик көрсөтмөлөр ачык-айкын болуп, ушулар талап кылынат: бааны эркиндештирүү, негизги товар жана кызмат көрсөтүүлөргө көрсөтүлгөн мамлекеттин субсидиясын, колдоосун алып салуу, мамлекеттин чыгашасын – талим жана саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражаттар сыяктууларды – азайтуу, улуттук валюта баасын төмөндөтүү, салыктарды көбөйтүү жана иш акыларын көбөйтпөө сыяктуу. Финансы министрлиги 2022-жылы медицинаны жарым жартылай колдоп-кубаттоону да бекер кылган.

Суданда бюджет кабыл алынышы үчүн финансы министрлиги бюджет долбоорун министрлер кеңешине сунуштайт, министрлер кеңеши аны тастыктап, акыркы тастыктоо үчүн суверендүү кеңешке сунуш кылат. Бул капиталисттик демократиялык түзүмдөгү бюджетти жактыруу абалына өтө окшойт. Анткени, капитализмде бюджет динди мамлекеттен, жашоодон жана коомдон бөлгөн адам ойлоп тапкан мыйзамга негизделип кабыл алынат. Бирок, биз мусулманбыз, жашоодо Ислам менен гана жашашыбыз керек. Акча, мал-мүлк шаръий өкүмдөрдөн болуп, аларды куфр мыйзамдары негизинде колдонуу да таптакыр жаиз эмес. Расулуллах ﷺ айтты:

«لَا تَزُولُ قَدَمَا عَبْدٍ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حَتَّى يُسْأَلَ عَنْ أَرْبَعٍ: عَنْ عُمُرِهِ فِيمَا أَفْنَاهُ، وَعَنْ جَسَدِهِ فِيمَا أَبْلَاهُ، وَعَنْ عِلْمِهِ فِيمَا عَمِلَ بِهِ، وَعَنْ مَالِهِ مِنْ أَيْنَ اكْتَسَبَهُ وَفِيمَ أَنْفَقَهُ»

«Кыямат күнү пенденин буттары төрт нерсе жөнүндө суралмайынча (сурак жайынан) жылбайт: өмүрүн эмнеге сарптаганы-өткөргөнү, денесин-саламаттыгын эмнеге жумшаганы, илимине амал кылган-кылбаганы о.э. мал-мүлкүн кайдан тапкан жана каякка сарптаганы жөнүндө».

Акчанын киреше жана чыгашалары шаръий өкүмдөрдөн болуп, башка шаръий өкүмдөр сыяктуу эле, Аллах Субханаху бул жөнүндө бизден шексиз сурайт.

Беренелер жана бөлүмдөр маселеси сыр тутулуп жатканда, Финансы министри финансылык бюджет 5 триллион Судан жунайхы деп бааланганын, дефицит болсо бюджеттин 15 пайызын түзгөнүн ачыктады.

Финансы министри айткан бул 5 триллион ушуну түшүндүрөт, демек, чогултула турган каражат 8 миллиард 600 миллион доллар, дефицит болсо 1 миллиард 300 миллион доллар тегерегинде. Бул болсо, мамлекет банк системасынан 750 миллиард жунайх карыз алышынан эскертүүдө. Бул көбүнчө акча басып чыгаруу аркылуу төлөнөт. Табигый болгондой, бул инфляцияга жана валютанын сатып алуу жөндөмү жоголушуна алып келет.

Борбордук банк 2023-жылга карата финансы саясатын жарыялады, анда жыл аягына чейин баалардын жалпы даражасы менен инфляция даражасын 25 пайызга төмөндөтүү каралган. Мында 2023-жылдын аягына келип акча базасын 27 пайызга, акча массасын 28 пайызга көбөйтүү максат кылынган.

Ушул бюджет тастыкталышынан мурун шаръий түрдө харам болгон төлөмдөрдү көбөйтүү башталды: кээ бир салыктар 1000%га чейин, кээ бирлери 100%га чейин көтөрүлдү.

Төлөмдөр, салыктар жана транзит төлөмдөрү 100%дан ашык көбөйдү, окуу төлөмдөрү үстүбүздөгү жылы бир нече эсеге көтөрүлдү.

Бул, шексиз, Ислам эскерткен акыл жеткис кымбатчылыкка алып келет о.э. рецессияга себеп болгон туруксуздукка жана ички дүң өнүмдүн төмөндөшүнө, ал тургай, айрым тармактарда экономикалык иш-аракеттин токтоп калышына, өз кезегинде, жумушсуздук жогорулап, иш орундары азайышына алып келет. Финансы министри өзү бул нерселердин күтүлүп жатканын айтууда! Демек, бул ачыктан-ачык күнөө болуп, адамдардын абалына тынчсызданбай, Аллахтын азабынан коркпой, бул күнөөгө кантип барышууда?!

Мындай бюджет жана мындай саясат харам. Себеби, муну менен баалар кымбаттап, өндүрүш токтоп жатат жана адамдар жакырлашып жатат. Негизи, мунун ордуна бейпилдикти камсыздоо, өндүрүштү өнүктүрүү жана жакырларды байытуу керек.

Бул – салыктарды жана харам төлөмдөр салууга, сүткордукка жана жоопкерчиликсиз акча басып чыгаруу менен анын сатып алуу кубатын ойрон кылууга негизделген саясат. Мунун ордуна, умумий мүлк жана мамлекет мүлктөрү сыяктуу туруктуу ресурстарга негизделүү керек. Мисалы, хираж, олжо, түгөнгүс минералдар жана башкалар сыяктуу.

Эгерде, капиталисттик илманий түзүм өлкөбүздө түп-тамыры менен кулатылбаса, эч качан бакубат жашоо болбойт. Жарандык башкаруу да, аскерий башкаруу да Ислам менен өкүм жүргүзбөйт, себеби, экөөсү тең кафир илманий башкаруунун затынан.

Ал эми, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмү Умматка Ислам өкүмдөрүн жана Исламдагы экономика түзүмүн колдонуу менен камкордук кылат. Ислам ачка же муктаждын болушун харам кылган.

Акырында айтарым, 8.6 миллиард долларда бааланган бул бюджеттин арзыбастыгы-аздыгы ачык көрүнүп турат. Себеби, биз анын пункттарында эки ири карама-каршылыкты көрүп жатабыз: биринчиден, кирешелер пунктунда негизинен харам кылынган төлөмдөр өкүмдар болсо, экинчиден, каражаттар калкты камкордук менен башкарууга жетпейт. Ал тургай, бюджетти он эсеге көбөйткөн тагдырда да бул нормалдуу жашоо үчүн жетпейт жана биздин жашоо таризибизге, шаръий өкүмдөргө ылайык жашоо тарыйкатыбызга туура келбейт… Жолдор, каналдар, поезддер, авиация тармактары, акысыз ооруканаларды куруу, студенттерге акысыз азык-оокат түзүп берүү, жакырларга каражат бөлүү, буларга сарптала турган каражат ушул чабал жана адилетсиз бюджеттен ондогон эсе ашып кетет. Бюджетти Сайкс-Пиконун мажбурий кагаз акча валютасына негиздөө – бааны шайтандын колуна тапшыруу дегени. Ал эми, Ислам валютаны алтын жана күмүшкө негиздеп, ушул эки нерсе менен камсыздалбаган акчаны басып чыгарууга муктаждык калтырбайт. Мындай басып чыгарууну 1971-жылы 15-августта долларды алтындын альтернативасына айлантуу жана алтын менен мамиле кылууну бекер кылган колонизатор эл аралык коомчулук гана ишке ашырат.

Шексиз, үмүт кылынып жаткан бакубат жашоо – Аллахтын уруксаты менен жакындашып келе жаткан – Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө болот. Ошондуктан, бардык мусулмандар ушул мамлекетти тикелөөгө аракет кылышы керек. Аллах Тааладан бизди Халифалыктын аскерлеринен кылышын, биздин колдорубуз менен нусратты жүзөгө чыгарышын сурайбыз. Аллах – жардам суралуучу Зат.

 Роя гезити, №428, 2023-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here