Яхудий вужудунун Батыш Жээкти аннексия кылышы жан берүүлөрдүн натыйжасы болуп эсептелет!

976
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудий вужудунун Батыш Жээкти аннексия кылышы жан берүүлөрдүн натыйжасы болуп эсептелет!

 Доктор Мусъаб абу Аркуб

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

«Middle East Eye» веб-сайтында жарыяланган макалада яхудийлер Батыш Жээкти аннексия кылышы жакындашып келе жаткан чындык экени айтылат. Бирок, бул түздөн-түз кылынбайт, «суверенитетти орнотуу» аркылуу ишке ашырылат. Себеби, «суверенитетти орнотууга» «аннексия» аталышына салыштырмалуу азыраак реакция билдирилет.

Яхудий вужудунун Батыш Жээкти аннексия кылышы туурасындагы сөздөр ушундай учурда айтылууда, азыр ал жердеги акыйкаттарды Фалестин администрациясы о.э. Батышка малай режимдер жана анын саясатынын алкагында аракет кылган режимдер башынан өткөрүп жаткан иллюзиядан айырмалап алуу керек. Анткени, ал жердеги акыйкаттар жалындуу билдирүүлөр же кыялдагы долбоорлор менен өзгөртүү мүмкүн эмес абалды көрсөтүүдө.

Мусулман өлкөлөрүндөгү батышчыл малай өкүмдарлар яхудий вужудуна мубарек жерди тапшыруу жана эл аралык токтомдорду ушул маселеде кайрыла турган булакка айлантуу менен накбага же Фалестин каргашасына шерик болушту… Бүгүнкү күндө накба же Фалестин каргашасы мубарек жерден баш тартуу жана тапшыруудан яхудий вужудун таануу жана чегараларын коргоо, аны менен коопсуздук жана экономикалык кызматташтык алып барууга өттү.

Өлкөлөрүбүздөгү режимдер, өзгөчө Фалестин администрациясы, баары – яхудий вужудун бекемдөөнүн негизги шериктери. Ал жердеги түпкү абал ушул – бүткүл мубарек жер иш жүзүндө яхудий вужудунун баскынчылыгы жана кожоюндугу астында калган, аннексия бүткөн десе болот. Себеби, Фалестин жеринде келгинди яхудийлер үй-жай курушууда жана «эки мамлекет» куруу долбоорун четке сүрүүнү улантышууда. Негизи, Фалестин мамлекетин түзүүнү камтыган тар аймакта «эки мамлекет» чечимин элестетүү мүмкүн эмес. Администрация да, башка батышчыл режимдер да ондогон жылдардан бери яхудий вужудуна жан берүүү, аны таанып, мыйзамдаштыруу, убакытын созуу, маселени тоңдуруп, жардамсыз калтыруу, Фалестин калкын алсыратуу жана козголоңчуларды бастыруу менен ушул «эки мамлекет» иллюзиясын сайрап келишүүдө. Бул кылмыштар яхудий вужуду кезектеги кадамды ташташына чөйрө жаратууда. Яхудий вужуду ушул аркылуу бул иллюзияларды жокко чыгарып, учурдагы даярдык баскычынан да өттү. Фалестин администрациясы жана башка малай режимдер да ушул даярдык баскычына аралашкан. Т.а. «эки мамлекет» чечими, тынчтык жана нормалдашуу деген нерселерди мубарек жердин саясий аннексиясы жана муну зордоп аткаруу баскычына алмаштырышты. Албетте, мындан яхудий вужуду тарабынан Батыш Жээк жерлери басып алынып, анын бир бөлүгүнө айлантуу көздөлгөн. Ошондон кийин белгилүү бир эл аралык абал астында бүткүл Фалестин жериндеги «эл аралык мыйзамдуулук» деген нерсе уурдалат, жок кылынат, арийне, яхудий вужудунун арзуусу ишке ашуусу үчүн баскынчылык мыйзамдуу жана эл аралык масштабда бекемделет. Бул – яхудийлешкен мамлекет долбоорун аягына жеткирүү үчүн фалестиндиктерди өз жеринен чыгарып, көчүрүү аркылуу Фалестинди бошотуу арзуусу.

Бүгүн бардык жерлерди аннексия кылуу сунушу менен чыгып жаткан жаңы яхудий өкмөтүнүн мүчөлөрү «(израиль) жери» деп атап жатышкан жерлерде алардын акы-укуктары бар экенин айтып жатышат. Аннексия бул жерде бир план жана аракет болуп, ал – көп убакыт талап кылса да – Фалестин калкын көчүрүүгө багытталган. Себеби, ал убакытка келип, абал Фалестин калкына каршы мамлекет саясатына айланат о.э. Фалестин жери үстүндөгү кылмыштуу долбоорлордун бардыгы ишке ашып, калкына каршы кылмыштарга өтүшөт.

Эгер, аннексия ишке ашса, ал акыркы баскыч болбойт. Тескерисинче, Фалестин калкы жана Ислам Умматына каршы кезектеги кылмыштар баскычынын башталышы болот о.э. саясий акыбеттери жана белгилери Фалестин жана анын калкынан да ашкан кылмыш жана жаңы накбанын башталышына айланат. Демек, аннексиянын ишке ашышы кезектеги баскычтын башталышы, аякташы эмес. Кудум, Осло келишими аннексиядан мурунку кылмыштарга баскыч болгондой жана яхудий вужудуна аннексия жана көчүрүү үчүн мүмкүнчүлүк жана убакыт бергендей. Негизи, яхудий вужудунун карамүртөздүгү токтобойт. Мамлекетти яхудийлештирүү, демографиялык фактыларды өзгөртүү жана фалестиндиктерди Иорданияга көчүрүү, булардын баары ишке ашырылышы мүмкүн болгон максаттар болуп, алар үчүн тиешелүү пландар, программа жана сценарийлер иштелип чыккан.

Яхудий вужудунун «эл аралык коомчулукка» карама-каршы келип жатканы ушул максаттын ишке ашышына тоскоолдук кылышы да мүмкүн. Себеби, эл аралык коомчулук ондогон жылдар эл аралык резолюциялар жана жүздөгөн конференциялар, билдирүүлөр жана демилгелер аркылуу «эки мамлекет» чечимин алга сүрүп келди. Муну яхудий вужудун бекемдөө жана мубарек жерде турушун мыйзамдаштыруу максатында кылды.

Америка менен Батыш ушул абалды жана «эки мамлекет» чечимин сактоого чакырып, аннексия жараянынын жүгүн азайтууга урунуп жатат о.э. яхудий вужуду регионду өрттөй турган жана пайда бербей турган кырсыктуу кадамдарды таштабашы үчүн басым өткөрүп жатат. Америка менен Батыштын мындай реакциясына себеп – яхудий вужудунун этиятсыздыгынан коркуп жатышканы. Алар Фалестин калкынын кызыкчылыгын ойлоп жатышканы үчүн да, адамгерчилик жана адиллеттик кылып жатышканы үчүн да эмес.

Яхудий вужуду да муну түшүнүп турат. Ошондуктан, ал ийкемдүү реформаларды аткарууга жана саясий жактан көбүрөөк мыйзамдуу эсептелген аталыштарды колдонууга өттү, мисалы, «аннексия» сөзүнө караганда жагымдуу угулган «суверенитет» сөзүн колдонуп жаткандай. Ушул аркылуу эл аралык тынчыданууну жоюуга, ондогон жылдарга созулган позицияларды башкаруу стрессин жеңилдетүүгө о.э. бир далай эл аралык резолюциялардан кутулууга урунуп жатат… Абага учкан бул резолюциялар себептүү убакыттан утуп жатат.

Башка тараптан, малай өкүмдарлар менен Фалестин администрациясы яхудий вужудун коргоо жана анын пландарын ишке ашыруу позициясын улантышууда. Осло келишими өкүм сүргөн отуз жылда бул администрация Фалестин калкынын каалоолорун дагы да өчүрүү, аракеттерин чектөө о.э. каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу үстүндө иштеди. Бул кылмыштары менен ал яхудий вужудуна мүмкүнчүлүк жаратып, анын пайдасына убакытты созуп келди.

Аннексия жана келишимдерден баш тартуу маселеси бүгүн пайда болгон, жаңы өкмөт пайда кылган нерсе эмес. Ал саткын жетекчилердин катышуусунда мурунтадан аткарылып келген негиздерге таянат. Мисалы, мурун яхудий өкмөттөрү эл аралык коомчулук жана эл аралык мыйзамдарды ээрчип, алар менен коргонуп, ушул аркылуу тынчтык жана мыйзамдуулукка жетүүгө аракет кылышат эле… Бирок, бүгүн яхудий өкмөттөрү бул коомчулук жана мыйзамдарга далын салып, алардын келишимдеринен пайдаланып алган соң, баарын тебелеп-тепсөөдө.

Яхудий вужуду рак сыяктуу оорулуу вужуд, аны түбүнөн кесип таштамайын өсүп чыга берет. Ондогон жылдар тынчтык деген аталыштар астында анын алдында жасалган кордук жана коркоктуктар бул вужудду дагы да кутуртуп жиберди. Ушуга карабастан, батышчыл малай режимдер – Батыш Жээкти аннексия кылуу жөнүндө айтылып жатканда – бул вужуд менен мамилелерди нормалдаштырууга шашышууда.

Фалестин администрациясына келсек, анын бийликте калуу жана жетекчилердин кызыкчылыгын ойлоодон башка камы жок. Себеби, бул администрациянын түпкү план-максаты өзүн сактап калуу, ал Фалестинди коргоо же азат кылууну таптакыр ойлобойт. Мындан улам, аннексия маселеси администрация жетекчилеринин тактыда калуусуна коркунуч болуп эсептелет. Демек, алардын абалынан ушул нерсе көрүнүүдө – ким кордукка жана күкүмдөргө ыраазы болсо, душман ага ал тургай күкүмдөрдү да бербейт, айрыкча, душман яхудий болсо.

﴿أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِنَ الْمُلْكِ فَإِذاً لاَ يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيراً﴾

«Же алардын мал-мүлктөрү барбы? Ошондой болгон күндө да адамдарга кымындай жакшылык кылышпаган болоор эле!»                                                                            [4:53]

 Роя гезити, №428, 2023-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here