Кыргызстан салыккор мамлекетке айланып барууда
Кыргызстанда акыркы күндөрү салык чогултууну күчөтүү үчүн мамлекет тарабынан маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп, айрым тармактарда салык төлөөчүлөргө карата басымдар жасалууда. Маалыматтык кампаниянын алкагында өкмөт башчы атайын интервью уюштуруп, президент аймактардагы сапарларында калкка «түшүндүрүү» иштерин жүргүзүүдө. Бул иште дин ишмерлерин да өз кызыкчылыктарына пайдаланышууда. Ал эми, Ош шаардык Салык кызматынын ишкерлерди эскерткен катын, калк басым катары кабыл алууда. Катта соода түйүндөрүн ижарага алгандар саясий мүнөздөгү митингдерге катыша турган болсо, алар менен келишим токтотулары эскертилген.
Ал арада Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев ЭлТР мамлекеттик теле каналы аркылуу суроого жооп берип жатып, мамлекет сакталып турушу үчүн салыктар сөзсүз берилиши керек экендигин билдирди. Анын айтымында, халифалык мамлекетте да чоң-чоң салыктардын түрлөрү алынган имиш. Ал Кыргызстан эң аз салык төлөнгөн мамлекет болгондуктан, калкты дароо салыкты берүүгө чакырды.
Кыргызстандын бийлиги соңку эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Быйыл ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Були ш чаралардын баары бюджеттин дээрлик 50 пайызын түзгөн Кошумча нарк салыгынын (КНС) көлөмүн көбөйтүү үчүн жасалууда. КНС бул өлкө аймагына ташылып келинген, башка аймакка жеткирилген товарларга салынат. Салык Кодексинде көрсөтүлгөндөй, анын өлчөмү ар бир товардын наркынын 12 пайызын түзөт. Маселен, сиз бир дүкөн ачып, үй буюмдарын сата баштасаңыз. Бир жылдык товар айлантууңуз 8 млн сомдон ашканда мыйзамга ылайык, КНС салыгын төлөөгө милдеттендирилесиз. Натыйжада салык кызматында КНС салыгын төлөөчү болуп катталасыз жана ар бир айдын 15-күнү отчёт берүүгө милдеттендирилесиз. Эгер отчёт берилбесе кийинки айда 23 миң сом айып пул төлөйсүз. Эгер бир жылдын ичинде төлөбөсөңүз кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. Мындан да кызыгы, ишкер бардык товардын турган баасы үчүн 12% салык төлөйт. Мисалы, сатылган товардын суммасы 10 млн сомду түзсө, 1 млн 200 миң сом салык төлөйт. Бул товарды сырттан түз ташыган абалда. Эгер, товар өлкө ичинде жеткирип берүүчү башка фирмадан алынган болсо, бул сумма ортодогу айырмадан алынат. Мисалы, 10 млн сомго саткан товарды сиз 9 млн сомго алгансыз. Мындай абалда, 9 млн сомдук товардын КНС салыгын сизге жеткирген фирма төлөгөн болот. Натыйжада сиздин салыгыңыз 120 миң сомду түзүп калат.
Мамлекет бул салыкты сиздин товарыңызды элдин алуусуна шарт түзүп бергени үчүн гана алат. Натыйжада, сиз товардын өздүк баасына 120 миң сом салыгыңызды кошуп коёсуз. Ошентип, 1000 сомдук үтүктү 1120 сомго коюп сата баштайсыз. Ошентип, бул товардын салыгын төлөөчү түпкүлүгүндө эл болуп калат. Жыйынтыктап айтканда, сиз бир айда орточо 20 миң сомдук соода кылуу менен мамлекетке 2400 сом КНС салыгын төгөсүз. Мына ушул жагдайдан улам сатуучулар баанын кымбатташынан чоочулап нааразылык акцияларына чыгышууда. Кыргызстанда КНС салыгынан башка салыктын дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилген.
Бийлик салыктын жаңы түрү киргизиле элек экендигин айтып актанса да, бир катар жаңы салыктын түрлөрүн киргизүү боюнча мыйзамдар сунушталууда. Алардын катарында күйүүчү майдын ар бир литринен жол оңдоого акча алып туруу, малга салык салуу, блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, такси кызматтарына салык салуу сунуштары бар. Буга кошумча, мамлекет 8-марттан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып-пулдардын көлөмүн эселеп көбөйттү. Мындан тышкары, өкмөт “Салыктык эмес кирешелер” тууралуу мыйзамдын негизинде да бир катар төлөмдөрдү жыйнап алып турат.
Булардан тышкары, көмүскө экономиканын айынан бюджет толбой кемирилип турат. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд. сомго жетет. Бул жалпы салыктардын дээрлик 90 пайызын түзөт. Расмий эмес сандар мындан да жогору экени талашсыз. Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40%ы көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт.
Алардын ишмердүүлүгүн жашыруудан максат, салыктардан кыйгап өтүү. Максатын ишке ашырууда алар бийлик өкүлдөрү менен чөнтөктөш болушат. Натыйжада, коррупционерлер атайын схемалардын негизинде иш алып барышат. Ал эми ири мамлекеттерде көмүскө экономиканын ордун монополисттер ээлешет. Алар ири салык төлөөчү катары бийлик менен келишкен абалда майда компанияларды банкротко учуратышат же майда ишканалар банкрот болууга мажбур болот. Монополисттер болсо, бийлик адамдарынын шайлоо чыгымдарын, эс алууларын камсыздап турушат. Мамлекетке кол астындагы кызматкелердин эсебинен салык төгүп турат. Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ал эми бюджетке жеткирбей, көмүскө экономика шылтоосу менен сол чөнтөктөрүн толтурушат.
Ал эми, бюджетте чогулган каражаттар мамлекеттин сегиз тармагына жумшалат. Тагыраагы, мамлекеттик жалпы кызматтарга (эмгек акы үчүн), экономикалык маселелерге (тышкы жана ички карыздар үчүн), билим берүүгө, социалдык коргоого (мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жакыр үй-бүлөлөр үчүн), саламаттыкты сактоого, эс алуу жана маданий-диний иш-чараларга, коммуналдык кызматтарга, айлана-чөйрөнү коргоого коротулат.
Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат. Мамлекетке качан жумушчуларга маяна берүү, өкмөт мекемелерин куруу сыяктуу өзүнүн иштерине сарптай турган каражат жетишсиз болуп калса, умумий мүлктөн иштетүүсү мүмкүн.
Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:
إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ
“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).
Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген. Бирок, салык салуу жайиз болушу үчүн, албетте төмөндөгү шарттар табылышы керек:
-Ушундай абалга сарптоо үчүн жетиштүү каражат Байтулмалда жок болушу керек;
-Мына ушундай абалга сарптоо Байтулмалга жана мусулмандарга важиб экендигине бирер шаръий нусус келиши керек;
-Салынган салык ушул абалга жетчүдөй өлчөмдөн ашпастыгы керек;
-Бул салык өздөрүнүн негизги жана камалий муктаждыктарынан ашыкча мүлкү бар болгон жалаң бай кишилерге салынышы керек.
Демек, Исламдагы мындай салык кошумча нарк салыгы, киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы сыяктуу туруктуу алынбайт. Дайыма салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Президент, өкмөт башчы жана муфтийибиз баш болуп чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган! Андыктан, мусулмандар мындай салыккорлордун зулумунан кутулуу үчүн бул дүйнө жана акырет ийгилигине жеткире турган Алланын өкүмдөрү менен жашоого шашылуу керек!
Мумтаз Маверанахрий
[url=https://diflucand.com/]how much is a diflucan pill[/url]
[url=https://bactrim.company/]buying bactrim online[/url]
[url=https://adfinasterid.online/]finasteride otc[/url]
[url=https://okmodafinil.com/]modafinil tablets in india[/url]
[url=https://odiflucan.online/]over the counter diflucan pill[/url]
[url=https://rettretinoin.online/]where can i purchase retin a cream online[/url]
[url=https://effexor.directory/]75 mg effexor[/url]
[url=http://abamoxicillin.com/]how to order amoxicillin online[/url]
[url=http://finasterideff.online/]propecia medicine[/url]
[url=https://diflucand.online/]diflucan buy online canada[/url]
[url=http://abamoxicillin.com/]amoxicillin 150 mg[/url]
[url=https://ciproffl.online/]buy ciprofloxacin 500mg[/url]
[url=https://xmodafinil.com/]modafinil over the counter usa[/url]
[url=http://prednisonecsr.online/]no prescription prednisone[/url]
[url=http://lasixtbs.online/]furosemide 20 mg tabs[/url]
[url=http://tretinoineff.online/]tretinoin cream nz[/url]
Swedish Massage 오피
The Secret To Online Success Nowadays 주소모음