Яман калкы жана ражаб айы

290
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яман калкы жана ражаб айы

Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Яман калкы ар жылы ражаб айынын биринчи жумасын маанилүү күн т.а. ата-бабаларынын Исламга кирген күнү катары белгилешет. Ал күндө Ислам ниъматы үчүн Аллахка мактоолор жана шүгүрлөр айтышат. Ал кезде имам Али ибн Абу Талиб розияллаху анху Расулуллах ﷺдын өкүлү катары Санъага келип, Яман калкын Аллахтын динине даъват кылган жана ал жерде чоң Санъа жамиъ-мечитине негиз салган. Риваят кылынышынча, Али розияллаху анху Санъага келип, Хамдан уруусуна хутба окуйт, уруу калкы хутбадан таасирленип, алгачкы күнү эле Исламга киришет. О.э. улуу сахаба Муаз ибн Жабал розияллаху анху Жанад (Жанадия) аймагына барып, Жанад мечитин курат, Абу Муса Ашъарий розияллаху анху Тихама жерине барып, Забид шаарында Ашъарийлер мечитин курат».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Ал убакта Яман үчкө бөлүнгөн эле: бир тарапта урууларга тийиштүү күчтөр Хамир, Хазрамавт, Кинда жана Хамданы бөлүп алган болсо, экинчи тарапта фарстардын бийлиги Адан жана Санъаны башкарышкан, үчүнчү тарапта Нажрандагы Жайб румдук хабаштардын таасири астында болгон. Жайб – Нажран христиандары жайгашкан жер. Бул бөлүнүүнү Исламдан башкасы жоё албады. Яман калкы согушсуз жапырт Исламга кирди жана бул хижраттын алтынчы кылымы делегаттар жылы болгон онунчу жылдын ортосунда болду. Бирок, Расулуллах ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийин Яман калкынын белгилүү бир бөлүгү муртад болушту. Ошондо халифа Абу Бакр Сиддик розияллаху анху Яманга үч кошуун жиберди. Натыйжада Яман калкынын кээ бирлери өлтүрүлүп, Яман калкы кайра Исламды кабыл алды. Аллах бешенесине жакшылык жазгандар Исламга кайтышты. Мына ошондон тартып Яман калкы уруу жана үй-бүлө эмес, Уммат деген түшүнүктүн үстүндө бирикти. Кийинчерээк алар Исламды жаюуга өз салымдарын кошо башташты. Мисалы, Амр ибн Аас жана башкалардын кошуунуна кошулуп исламий фатхтарга чыгышты. Яман калкынын көпчүлүгү Шам өлкөсүндө жана башка исламий өлкөлөрдө жай табышты. Испания-Андалустагы чептер алардын аттарына күбөлүк берүүдө, Гранададагы Хамдан чеби, Севилладагы Хавлан чеби, Яхсуб чеби жана башка чептер. Мындан тышкары, Ирак, Шам жана Андалус да ямандык улуу адамдарга күбөлүк берүүдө, уламалардан казы Аамир ибн Шарохил Шаъбий, Масрук Хамданий, Талха ибн Маъриф Хамданий Ямий, Ибрахим Нахаъий Мазхижлий, Аштар Нахаъий жана башкалар. Алардын эң белгилүүлөрү Сунна имами Малик ибн Анас, казы Ияз Яхсубий, мыкты амирлерден Абдурахман Гафикий жана Андалус ээси Мансур ибн Абу Аамир Муафирий сыяктуу».

Билдирүүнүн акырында Яманга жана хикмат калкына кайрылуу жасалып мындай делет: «Оо, ыйман жана хикмат калкы! Ата-бабаңар Ислам үчүн мына ушуларды берген, силер Ислам үчүн эмне бердиңер?! Силер Исламды четке сүрүп, кафир Батыштын мыйзамдарын турмуш түзүмү жана жашоо таризи катары алдыңар. Күчүңөрдү бири-бириңерге каршы колдондуңар. Өз ара согуштардын акыбетинде бири-бириңердин каны төгүлдү. Мындан душмандарыңар пайдаланууда. Силер өкүмдарларыңарга моюн сунуп, силерге кандай деген азаптарды таттырууларына, Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка нерселерди колдонууларына, ачкалыктан кыйналып жатканыңарда байлыгыңарды кафир Батышка беришине таштап койдуңар. Ушул себептен улам, мындай абалдан чыгышыңар керек. Түпкүлүгүндө, силер Аллах буюргандай динди көтөрүп чыгуучулар керек жана буга татыктуусуңар. Демек, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен биргеликте аракет кылгыла, бул дүйнө жана Ахыреттин жакшылык-ниъматтарына жеткиле».

 

Роя гезити, №429, 2022-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here