Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

764
0

Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

 Кабар: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барды.

 Кыргызстан өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Өзбекстандын бир катар аймактарына барып, андагы өнөржай жана илимий-техникалык ишканалардын жумушу менен таанышат. Мындан тышкары, жогорку кызмат адамдары менен жолугушуу пландаштырылган.

 “Акылбек Жапаров Жиззак обулусунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен да жолугушууга ниеттенүүдө”, – деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Комментарий: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен “С5+1” форматында жолугушуп, Казакстан жана Өзбекстанга сапар кылгандан кийин аймактагы жетекчилер ортосунда саясий диалогдор жаңы баскычка көтөрүлө баштады. Блинкен келип кеткенден кийин т.а. 3-мартта Чымкент шаарында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин бейформал жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда таратылган кабарларда эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланганы жана Өзбекстан менен Казакстандын алдыңкы ишканаларынын артыкчылыктуу кооперация долбоорлорун көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулганы сыяктуу жалпы сөздөр гана айтылды. А бирок, эки өлкө башчынын Блинкендин сапарынан кийин шашылыш түрдө жолугушуусу АКШ тарабынан аларга жүктөлгөн жаңы милдеттенмелер жаатында макулдашып алуу үчүн болгон болушу мүмкүн. Ошондуктан да Россиянын президенти Владимир Путин 6-март күнү Мирзиёев менен да, Токаев менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдын Өзбекстанга сапары да Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү негизинде “келишип алуу үчүн” болгон болушу мүмкүн.

 Россия Украина баткагына батып барган сайын Борбор Азия үстүндө калган оюнчулар Кытай, АКШ жана Европа Союзу ортосундагы күрөш кызып барууда. Кытай учурдан пайдаланып, ушул кезге чейин Россия тоскоолдук кылып келген бир катар экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу киришкен болсо, АКШ жана Европа мамлекеттери аймакта өз таасирин бекемдөөдө “гендердик тең укуктуулук”, “демократиялык баалуулуктар” жана “адам укуктары” куралынан пайдаланып, ар түрдүү каржылык жардамдар аркылуу өз каранды кылып алууга аракет кылып жатышат.

  Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here