Хизб-ут-Тахрир–Голландия уюштурган форум

200
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Голландия уюштурган форум

Жакында кайрадан Европа мамлекеттеринде, алардын катарында Швецияда Аллах Субханахунун Китебине кол салуулар башталды. Стокгольмдо Түркия элчилиги алдында Ислам жана мусулмандарды жек көргөн арамзалардын бири Мусхаф Шарифти өрттөдү. Кийин ПЕГИДА деген Исламга каршы кыймылдын бир мүчөсү Голландияда Мусхаф Шарифти жыртып таштады. Ошондуктан, Куръани Карим Аллахтын улуу Китеби жана исламий акыйдабыздын түпкү бир бөлүгү о.э. ар бир мусулмандын сыймыгы болгондуктан, Хизб-ут-Тахрир–Голландия 2023-жылы 29-январда форум өткөрдү.

Форум «Исламга каршы саясаттын акыбеттеринин бири: Куръанга чабуул» деп аталды. Форум Куръани Каримди тилават кылуу тилават кылуу менен башталып, биринчи баянды устаз Шариф баштап берди. Устаз өз баянында мусулмандар өткөн аптада жасалган эки окуяга (Куръани Каримди өрттөө жана жыртууга) кандай карашы керектиги жөнүндө сөз сүйлөп, ушуларды айтты: «… Бул ашынган оңчулардын же Исламды жек көргөндөрдүн бири жеке адам катары жасаган окуя эмес. Тескерисинче, бул – кафир Батыш мамлекеттери Исламды, анын пикирлерин, өкүмдөрүн жана ага байланыштуу ар кандай нерсени коомдо жок кылуу максатында аракет кылып жаткан саясий маселе. Алар Куръан медреселерин жабышты, никабга тыюу салышты, ал тургай, өз дининин өкүмдөрүнө ыкластуу жана амалы күчтүү деп шектелген ар кандай мусулман жөнүндө кабар берүү үчүн телефон линияларын ачышты…».

«Бул сыяктуу кылмыштарга жооп кандай болот?!» деп аталган экинчи баянды устаз Камал Абу Зайд ачыктады. Ал баянында ушуларды баса белгиледи: «… Мусулмандар үчүн Аллахтын Китеби өтө маанилүү. Мусулмандардын бул кылмышка реакциясы ыйык нерселеринин акааратталышына эч качан сабыр жана мунасага барбастыгын көрсөттү. Алар мындай кара мүртөз кылмыштарга бүтүндөй каршы экендиктерин билдирүүлөрү керек. Антпесе, алар канчалык басаңдашса, ошончолук алардын исламий шахсиясы төмөндөп, өчө баштайт. Сөзүмдүн акырында ушуну айтмакчымын, мындай кылмыштарга баёо назарда карообузду дал ушул кафир Батыш каалап жатат. Себеби, Батыш мусулмандардын ыйык нерселери жүрөктөрдө өчүп, анын ордуна илманийлик жана ыплас «ыйык» нерселер ээлешин каалап жатат…».

 

Роя гезити, №429, 2022-жыд, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here