Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду
Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.
Кабарда айтылышынча, бул келишим кыргыз-өзбек чек арасынын 302,29 км аралыктагы участокторуна тиешелүү болуп, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча талаштуу маселелерге чекит коёт.
О.э. Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Комментарий: Чек ара көйгөйлөрү такталбаган тилкелерди аныктоо, талаштуу аймактарды алмаштыруу менен эле чечилип калбайт. Себеби, бизде жүргүзүлүп жаткан саясат бир адамдын каалоосуна көз каранды болуп, ал адам бийликтен кетери менен саясат да өзгөрүшү, ага чейин жылуу болгон мамиле начарлашы, же болбосо, тескерисинче болушу мүмкүн. Баарыбызга белгилүү болгондой, Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарган Каримовдун тушунда кошуна мамлекет менен мамиле өтө начарлап, коопсуздук жана башка шылтоолор менен чек аралар бир тараптуу жабылган эле. Ал тургай, Каримов суу маселесинде согуш чыгып кетиши мүмкүн деп коркутуп, Кыргызстандын “Камбар-Ата” жана Тажикстандын “Рогун” ГЭСтери курулушуна каршылык көрсөтүп келген. Каримовдон кийин Өзбекстан керек болсо бул курулуштарга катышууга даяр экендигин билдирди. Азыр бийликте Жапаров менен Мирзиёев турган учурда бул маселе чечилгендей болуп көрүнүшү мүмкүн. Булар бийликтен кеткенден кийин бул келишимдер маанисин жоготушу, жаңы башчылар жаңы шарт жана талаптарды коюшу мүмкүн.
Мындан тышкары, биздеги чек аралар колонизаторлор тарабынан белгилеп коюлгандыктан, алар бул көйгөйлөр тынч жол менен чечилип калышын каалашпайт. Алар керек болгон учурда бул жердеги мамлекеттерге чек ара көйгөйү аркылуу басым өткөрүп келишет. Демек, бул келишим эми чек араларда көйгөй болбойт дегенди түшүндүрбөйт. Колонизаторлор каалаган убакта жасалма мекенчилдерди ишке салып, алмаштырылган аймактарды же башка жерлерди шылтоолоп жаңы-жаңы көйгөйлөрдү пайда кыла берет.
Чек ара көйгөйүн чечүүнүн бирден-бир жолу – бул эки боордош калк ыйман келтирген акыйда негизинде биригүү жана ушул акыйдага негизделген мамлекетти тикелөө. Мына ошондо гана куфр колонизаторлор тарабынан ортобузга тартылган жасалма чек аралар жоголуп, боордоштук мамилелер бекемделет о.э. бирдиктүү үммөткө айланабыз.
Абдурахман Адилов