بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
«Умматымдын акырында ушундай бир халифа чыгат, мал-мүлктү кочууштап берет, анын көптүгүнөн санагына жете албайт»
Оо, мусулмандар!
Биз силерди капиталисттик түзүмдү жана анын экономикалык-финансылык системасын четке кагууга, мамлекеттер аралык басымдарга, гуманитардык жардамдарга, кредиттерге ыраазы болбоого чакырабыз. Тескерисинче, силер исламий хазарий долбоорду жандантышыңар, ушул аркылуу Исламдагы адилеттүү экономика түзүмү көлөкөсүндө тынч-бейпил, экономикалык жана финансылык кризистерсиз жаңы жашоого жетишиңер керек. Анткени, Исламда ушундай бир роббаний түзүм колдонулат, ал коомдогу бирер адамдын башка адамдарга өкүмдар болушун алдын алат.
Түзүм келип чыга турган мабда катары Исламдын бардык түзүмдөрүн, экономика түзүмүн колдонуу биздин проблема жана кризистерибиздин чечилишине кепил. Себеби, Ислам түзгөн жана анын экономика түзүмүнө пайдубал кылган негиздер өлкөлөрүбүздөгү экономикалык кризистерди – биздин өнүгүүбүздү каалабаган колонизатор чет элдик эл аралык уюмдардан кредит албастан – чечүүгө кудуреттүү. О.э. бул негиздер байлыктар коомдо адилеттүү бөлүштүрүлүшүн камсыздайт, эч кимдин, эч кандай байлардын жана чет элдик компаниялардын өлкөлөрүбүздүн жана жарандарыбыздын потенциалдарына кийлигишүүсүнө жол бербейт.
Бул чечимдер куру кыял эмес. Булар реалдуулукту өзгөртө турган пикир болуп, исламий тарыхта Халифалык доорунда иш жүзүндө колдонулган жана жалпы жакшы натыйжаларды берген. Аллахтын уруксаты менен, жакында, Расулуллах ﷺ айткандай, кайра дагы колдонууга кайтат:
«يَكُونُ فِي آخِرِ أُمَّتِي خَلِيفَةٌ يَحْثِي الْمَالَ حَثْياً، لَا يَعُدُّهُ عَدَداً»
«Умматымдын аягында ушундай бир халифа чыгат, мал-мүлктү кочууштап берет, анын көптүгүнөн санагына жете албайт». (Имам Муслим риваяты).
Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.