Исламдын адам жана коомго саламаттыкты сактоо чекитинен көз карашы

56
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

  Исламдын адам жана коомго саламаттыкты сактоо чекитинен көз карашы

 Ислам кеңири камтуучу, мукаммал түзүмдү алып келди. Бул түзүм адамдын гариза жана узвий муктаждыктарын кандыруу үчүн зарыл болгон бардык амалдарды тартипке салат. Бул кандыруу адамдын фитратына туура келет жана исламий коом принциптерине үндөш болот. Ислам ушул түзүмгө каршы чыгуудан эскертти. Себеби, бул каршылык фасад жана бузуктукка алып барат. Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынган хадисте Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

  يَا مَعْشَرَ الْمُهَاجِرِينَ! خَمْسٌ إِذَا ابْتُلِيتُمْ بِهِنَّ، وَأَعُوذُ بِاللَّهِ أَنْ تُدْرِكُوهُنَّ:

لَمْ تَظْهَرِ الْفَاحِشَةُ فِي قَوْمٍ قَطُّ، حَتَّى يُعْلِنُوا بِهَا، إِلَّا فَشَا فِيهِمُ الطَّاعُونُ، وَالْأَوْجَاعُ الَّتِي لَمْ تَكُنْ مَضَتْ فِي أَسْلَافِهِمُ الَّذِينَ مَضَوْا.

وَلَمْ يَنْقُصُوا الْمِكْيَالَ وَالْمِيزَانَ، إِلَّا أُخِذُوا بِالسِّنِينَ، وَشِدَّةِ الْمَئونَةِ، وَجَوْرِ السُّلْطَانِ عَلَيْهِمْ.

وَلَمْ يَمْنَعُوا زَكَاةَ أَمْوَالِهِمْ، إِلَّا مُنِعُوا الْقَطْرَ مِنَ السَّمَاءِ، وَلَوْلَا الْبَهَائِمُ لَمْ يُمْطَرُوا.

وَلَمْ يَنْقُضُوا عَهْدَ اللَّهِ، وَعَهْدَ رَسُولِهِ، إِلَّا سَلَّطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ عَدُوًّا مِنْ غَيْرِهِمْ، فَأَخَذُوا بَعْضَ مَا فِي أَيْدِيهِمْ.

وَمَا لَمْ تَحْكُمْ أَئِمَّتُهُمْ بِكِتَابِ اللَّهِ، وَيَتَخَيَّرُوا مِمَّا أَنْزَلَ اللَّهُ، إِلَّا جَعَلَ اللَّهُ بَأْسَهُمْ بَيْنَهُمْ

  “Эй мухажирлер жамааты! Беш нерсе бар, аны менен балээленсеңер кандай абалда калар экенсиңер. Силер бул балээлерге чалдыгып калбашыңарды Аллахтан суранам: 1) Кайсы бир коомдо фахш-бузукулук  кең жайылып кетсе, аларда жана ата-бабаларында болбогон оорулар көбөйөт. 2) Кайсы бир коомдо өлчөө жана таразадан уурдап калса, алардын башына ачарчылык, кыйынчылык жана жетекчинин зулуму келет. 3) Кайсы бир коомдо малдарынын зекетин бербей койсо, аларга асмандан жамгыр жаабай коёт, эгер айбандар болбогондо, аларга эч жамгыр жаабай коёр эле. 4) Кайсы бир коомдо Аллахка жана Расулуна берген убадасын бузса, Аллах алардын үстүлөрүнө өздөрүнөн башка, душмандарын өкүмдар кылып коёт. Алар ошол коом ээлик кылган нерселердин айрымдарын тартып алышат. 5) Кайсы бир коомдо жетекчилери Аллахтын Китеби менен өкүм жүргүзбөсө, алар Аллах түшүргөн нерсени ыктыяр кылышпаса, Аллах аларды өздөрү менен өздөрүн убара кылып, башына мусибаттарды түшүрөт”. Ибн Мажжа “Сунан”да, Хаким “Мустадрак”та риваят кылган. О.э. бул хадистин иснады сахих деген.

  Адамдар сөзсүз муктаж боло турган кызыкчылык жана мүмкүнчүлүктөр болгону үчүн Ислам тартиптеген о.э. саламаттыкты сактоо жана медицина этибарын караткан орундардын биринде Расулуллах саллоллоху алайхи ва салам мындай деген:

مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا بِحَذَافِيرِهَا

  “Силерден кимдин көңүлү кадыржам болсо, дени соо болсо, күнүмдүк жей турган азыгы болсо, ал бүт дүйнөгө ээлик кылгандай болуптур”. Термизий риваят кылган жана бул хадисти хасан гариб деген.

   Ислам адамдын жанын, акылын, насилин, адамдык урматын жана кадыржамдыкты сактоону коомду сактап калуу үчүн собит болгон эң жогорку максаттар катарына киргизди, анын ичинде:

 Ислам адамдын жанын сактап калуу үчүн акыйкатсыздык менен адам өлтүрүүнү жана адамдын өмүрүнө кол салууну арам кылды. Мунун каршысында касасты (өч алууну) жолго койду. Аллах Таала айтат;

وَلَكُمْ فِي الْقِصَاصِ حَيَاةٌ

Силер үчүн өч алууда – жашоо бар”.[2:179].

  Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

إن الله يعذب الذين يعذبون الناس في الدنيا

  “Албетте, бул дүйнөдө адамдарды азаптай турган кишилерди Аллах Таала Өзү азаптайт”. Муслим риваяты.

   Ислам адамга жанын сактап калуу үчүн кээ бир арам нерселерди жегенге уруксат берди. Аллах айтат:

فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ ۚ

  Эми ким бузуку абалда, заалым болбогон жана чектен ашып кетпеген абалда (жогорудагы арам кылынган нерселерди аргасыз жесе) күнөөкөр болбойт. [2:173].

  Аллах адамга өз жанын сактап калуу жолунда согушуу укугун берди. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

ومنْ قُتلَ دُونَ دمِهِ فهُو شهيدٌ

   “Ким өз жанын сактап калуу жолунда өлтүрүлсө, ал шейит”. Термизий риваят кылган жана аны хасан, сахих деген.

   Акылды сактап калуу үчүн Ислам аны (акылды) өзүнө татыктуу болгон таасирдүү макамга койду. Анткени, аны манатут таклиф – таклиф орду деп белгиледи. Ислам акылды иштетүүгө чакырды. Ошондуктан да Ислам адам канааттана турган сахих акыйдага жетүү үчүн андан  тадаббур жана тафаккурду, шаръий өкүмгө жетүү үчүн ижтихад кылууну талап кылды. Ислам аалымдардын даражасын жогору көтөрдү. Аллах Таала айтат:

 ۗ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ

   “Айткын: “Биле турган заттар менен билбей турган кимселер тең болобу?!”. [39:9].

   Акылдын иштешине таасирин тийгизе турган бардык нерсени арам кылды. Арак, наркотикалык заттар, сыйкырчылык сыяктуу илдеттерден кайтарды. Акылдарды коргоо үчүн мындай бузук иштер менен алектенген адамдарга карата жаза чараларды белгиледи.

  Ислам адамзатын сактоо үчүн насилди көбөйтүүгө үндөдү. Жагымдуу, көп төрөй турган аялдарга үйлөнүүгө үгүттөгөн абалда кастрацияны (бычууну) арам кылды. Насилди сактап калуу үчүн зынаны арам кылды жана ал үчүн кескин укубат чарасын белгиледи. Ислам перзенттерге камкордук кылууга жана аларды чырайлуу тарбиялоого үндөдү. Айрыкча, кыздарга. Себеби, алар үй-бүлө имаратындагы негизги түркүк болуп, перзенттер тарбиясындагы негизги ролду ойношот. Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва салам айтат:

 مَنْ كَانَ لَهُ ثَلاثُ بَنَاتٍ فَصَبَرَ عَلَى لأْوَائِهِنَّ وَضَرَّائِهِنَّ وَسَرَّائِهِنَّ أَدْخَلَهُ اللَّهُ الْجَنَّةَ بِفَضْلِ رَحْمَتِهِ إِيَّاهُنَّ فَقَالَ رَجُلٌ أَوْ ثِنْتَانِ يَا رَسُولَ اللَّهِ قَالَ أَوْ ثِنْتَانِ فَقَالَ رَجُلٌ أَوْ وَاحِدَةٌ يَا رَسُولَ اللَّهِ قَالَ أَوْ وَاحِدَةٌ

  “Кимдин үч кызы болсо, ал сабырдуулук менен аларды ичиндирип жана кийиндирип өстүрсө, Аллах Таала аны ошол себептүү бейишке киргизет ”.

Ошондо бир киши: Я Расулуллах, эки кызы болсочу, – деп сурады. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам: “Экөө болсо да ”, – деди. Дагы бир киши: Бир кызы болсочу,- деп сурады. Расулуллах саллоллоху алайхи ва салам ага: “Бирөө болсо да”, – деп жооп берди. Хаким “Мустадрак” эмгегинде риваят кылган жана аны иснады сахих хадис деген.

  Ислам адамдын урматын, кадыр-баркын коргоду. Аллах адамды жараткан күндөн баштап мукаррам кылды. Периштелерден Адамга сажда кылууну талап кылды. Аллах Таала айтат:

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُم مِّنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَىٰ كَثِيرٍ مِّمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًا

  “Чындыгында, Биз Адам балдарын азиз – урматтуу кылдык жана аларды барру – бахрда – кургактык жана деңизде (ат – улоо жана кемелерге) чыгарып койдук, ошондой эле аларга пакиза нерселерден ырыскы бердик жана аларды Өзүбүз жараткан абдан көп жандуулардан абзел, артык кылып койдук”. [17:70].

  Аллах Таала адамга көптөгөн махлуктарды моюн сундуруп койду. Аллах Таала айтат:

 أَلَمْ تَرَوْاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ…

  “(эй инсандар) Алла асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди силерге моюн сундуруп койгонун көрбөдүңөрбү ”.[31:20].

   Андан соң Ислам адамды урууну арам кылып, анын кадыр-баркы улуу экендигин дагы бир жолу баса белгиледи. Зулум өткөрүп, адамды урганды наалат менен эскертти. Адамга моралдык зыян жеткирүүнү да арам кылды. Ошондуктан, аны шылдыңдоо, гыйбат кылуу, ага жалаа жабуу жана лакап ат коюуну арам кылды. Пакиза аялдарды зынакор деп жалаа жапкандарга 80 дарра уруу жазасын белгиледи. Адамдардын аброюна доо кетирген же адамдар үстүнөн жалган күбөлүк берген кимселерге карата таъзир чараларын жолго койду. Ислам адамдын кадыр баркын ал тирүү кезинде эле коргоо менен чектелбестен, адам өлгөндөн кийин да сый урматты кепилдеди. Ал үчүн өлгөндөн кийин аны гусул кылдырууну, кепиндеп жайына узатууну жолго койду. Маййитке зыян жеткирүүдөн кайтарды. Аиша розияллоху анхадан риваят кылынат, Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айткан:

كسر عظم الميت ككسره حيًّا

  “Маййиттин сөөгүн сындыруу анын тирүү кезинде сөөгүн сындыруу менен барабар ”. Ибн Хаббан өз сахихинде риваят кылган.

  Коопсуздукту сактоо Исламда умумий негизги укуктардан болуп эсептелет. Чындыгында, Ислам коопсуздукка бүлүк салуучуларга, жол тосуп каракчылык кыла турган, адамдардын мүлкүнө жана жандарына кол сала тургандарга  о.э. адамдарды коркунучка дуушар кыла тургандарга каршы найза хадын т.а. өлүм жазасын белгиледи. Аллах Таала айтат:

 إِنَّمَا جَزَاءُ الَّذِينَ يُحَارِبُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا أَن يُقَتَّلُوا أَوْ يُصَلَّبُوا أَوْ تُقَطَّعَ أَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُم مِّنْ خِلَافٍ أَوْ يُنفَوْا مِنَ الْأَرْضِ..

  Албетте, Аллах менен Анын элчисине каршы согуша турган жана жерде бузукулук кылуу аракетинде жүрө турган адамдардын жазасы-өлтүрүлүү же дарга асылуу, же кол-буттары кайчылаш .а. оң кол жана сол бут, же болбосо сол кол менен оң бут) кесилүүсү, же өз жерлеринен сүргүн кылынуу. [5:33].

  Ислам фитна таратуу же коркунучтуу имиштерди таратуу аркылуу коопсуздукка бүлүк салуучуларга да таъзир берүүчү кескин чараларды көргөн. Коопсуздук жана калктын тынчтыгын камсыздоо мамлекеттин негизги милдеттеринен. Ал тургай Дарул исламда мамлекет өзүнүн коопсуздугун өзү сактоого кудуреттүү болушу шарт кылынат. Ошондуктан, Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам мусулмандарга хижрат кыла турган өлкөнү кабар берген кезде эң алгач коопсуздукту эске алган. Ибн Исхак өз сийратында риваят кылган хадисте Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам Меккедеги сахабаларына:

 إن الله عز وجل قد جعل لكم إخوانا ودارا تأمنون بها

   “Албетте, Аллах Таала силер үчүн дос-боордоштор боло турган жана силер амандыкта боло турган бир өлкөнү даярдап койду”, – деп айткан.

   Ахмад сахих иснад менен Анастан риваят кылгандай, ансорлор Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам жана Абу Бакрды “кош келиңиздер, силер тынчтык-амандыктасыңар, амриңизге итаат кылабыз” деп тосуп алышкан.

وقد استقبلهما زهاء خمسمائة من الأنصار حتى انتهوا إليهما فقالت الأنصار : انطلقا آمنين مطاعين

  “Ал экөөнүн жолуна болжол менен беш жүз ансор чыгып, аларды “кош келиңиздер, силер тынчтык-амандыктасыңар, амриңизге итаат кылабыз” деп тосуп алышкан.

   Ислам колдонулушу менен саламаттыкты, жисманий жана рухий саламаттыкты жоготуу сыяктуу бузук капиталисттик акыйданын балээлери жайылышына алып келген шарттар өзүнөн-өзү жоголот. Себеби, Исламда дин тутуу гаризасы кысымга алынбайт. Тескерисинче, Исламда ар бир иште Аллахка таваккул кылынат. Исламда гариза жана узвий муктаждыктар, тизгинсиз эркин коё берилбейт. Тескерисинче, алар шаръий өкүмдөр менен чектелген тартиптүү көрүнүштө кандырылат жана бул өкүмдөргө каршы чыгуучуларга карата кескин чаралар колдонулат. Исламда адамдар жашоосун  жана алардын шахс, жамаат жана мамлекет сыпатындагы проблемаларына Мудаббир Холик тарабынан өтө назик, так-даана тартип берилет. Мунун натыйжасында турмуш майданынан жакырчылык, депрессия, өзүнүн өмүрүнө кол салуу, зына, үй-бүлө бузулушу сыяктуу турмуштук кыйынчылыктар жоголот. Маддий кыйматтарга кошумча Ислам алып келген рухий, ахлакий, инсаний кыйматтар жогорулайт. Коомдо ачкөздүк өзүмчүлдүк, индивидуализм жоголот. Адам Аллахтын ыраазылыгы менен кадыржам жашайт. Ал күзөтүүдө экендигин жана кыямат күнүндө эсеп-китеп кылынышын билет. Ошондуктан, таква, Аллахтан коркуу аны ар түрдүү бузуктуктан, фахш жана мункарлардан тыят. Мусулман адам ага жеткен оорунун дабаасын да Аллах жаратып койгондугун билет. Ошол себептен, ал оорусуна ылайыктуу дабаа издөөгө жана оорусун дарылоого шашылат. Мамлекет да адамдардын саламаттыгын сактоого аракет кылат. Мамлекет илим-билим жеткен эң жогорку натыйжаларга көтөрүлөт жана бул жаатта башка элдерди артта калтырат. Ушул жерде баса белгилеп кете турган нерсе, Ислам мамлекети көлөкөсүндө ооруканалардагы медициналык кызматтар үчүн бейтаптардан эч кандай акча, каражат талап кылынган эмес. Эч бир ооруканада дары-дармек жана медициналык жабдыктар таңкыстыгы болбогон. Мындан тышкары, ооруканалардын өзүнө караштуу институттары болгон. Ал институттар табибдердин тажрыйбаларын ашырууга, аларды турак-жай, кийим-кече менен камсыздоого, тамак-аш жана жолго кеткен чыгымдарын каптоого жардам берген. Батыш мамлекеттери жаш студенттерин Ислам мамлекетиндеги табибдердин колунда медицина илиминен билим алууга жөнөтүшкөн. Мамлекет адамдардын саламаттыгын сактоодогу маанилүү милдеттери үчүн табибдерге жана окутуучуларга өзгөчө сый-урмат көрсөтөт эле. Булардын бардыгынын себеби, Ислам саламаттыкты сактоо жана медицинаны – Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдын төмөнкү мубарак сөздөрү үчүн – Ислам мамлекети өз жарандарына камсыздап бериши важиб болгон эң негизги муктаждыктар түркүмүнө киргизген. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

الإمام راع ومسؤول عن رعيته

  “Имам башчы жана ал өз раиятынан жоопкер”. Бухарий Абдуллах ибн Умардан риваят кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here