Садыр Жапаров президенттик башкаруудан кайтпасын билдирди

64
0

Садыр Жапаров президенттик башкаруудан кайтпасын билдирди

 Кабар: Садыр Жапаров курултайда бир делегаттын башкаруу түзүмүн өзгөртүү сунушуна жооп берип, президенттик башкаруу формасын туура деп эсептешин айтты.

 “Парламенттик дагы башкарууну көрдүк, жыргап кеткен жокпуз. Мен экөөнү тең көрдүм, экөөндө тең иштедим. Бул жерде “үч баштуу” бийлик болду… Эч бири маселе чечпейт, бири-бирине шылтап, түртүп коюп эле отура берип, мына үч жылда бир кагаз кабыл алынбаган экен. Үч жыл айланып жүрө берген. Эч ким жоопкерчиликти мойнуна албайт… Азыр болсо президент менен өкмөттүн аппараты бириккен.  Азыркы маселелер, бир сааттын ичинде кээде токтомдор кабыл алынат. Алдыга жылып жатканыбыз, жолдор салынып, мектептер салынып, армиябыз күчтөнүп жатканынын бардыгы мына ошонун пайдасынан болуп жатат. Жоопкерчиликти бир кишиге бергенде, балким мурдагы качып кеткен президенттерге деле ушинтип жоопкерчиликти толук мойнуна илип койсо алар деле балким качпайт беле. Анткени, жоопкерчилик менде болгондон кийин, орчундуу маселе болгондо күнү-түнү уктабай чыгат экенсиң. Министрликтерди койгондо ушул элдин алдында жүзүмдү кара кылбаса экен деп ойлойт экенсиң… Мунун жемишин көрөсүздөр. Кудай буйруса, жакынкы эле 5-6 жылда көрөсүздөр”, – деди Жапаров.

 Комментарий: Чындыгында, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери башкаруунун бардык формаларын башынан өткөрдү. Үчүнчү төңкөрүштөн кийин бийликке келген Садыр Жапаров кайрадан президентик башкарууну киргизди жана акырындык менен диктатураны көздөй бара жатат. Мында ага үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев шерик болууда.

 Башкаруу формасы өзгөрдү, башчылар алмашты, премьер-министрлер алмашып жатат, элге кандай пайдасы тийди? Адамдардын жашоосу оңолуп, жакырчылык жоюлдубу? Экономика өнүгүп, мамлекет тышкы карыздан кутулдубу? Албетте, жок! Демек, айып адамдарда эмес, тескерисинче, башкаруу негизинде т.а. адам акылынын жемиши болгон демократияда. Демократия себептүү бүгүнкү мыйзамдар бийлик ээлеринин колундагы оюнчукка айланып калды. Алар мыйзамдарды өз каалоосуна ылайыктап өзгөртүп, “адамдардын каалоосу ушундай” деп жатышат. Карапайым калк демократиядан да, бул мыйзамдардан да тажап бүттү. Себеби, адамдардын жашоо деңгээли күндөн-күнгө төмөндөп барууда, адамдар кара казанын кайнатуу үчүн жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болушууда. Мамлекеттин карызы күндөн-күнгө өсүп жатат, алынган карыздарды бир ууч чиновниктер талап-тоноп, элге ал карыздардын бир да пайдасы тийбей жатат. Ошентип элдин мойнуна өздөрү эле эмес, урпактары да төлөп бүтө албай турган карыздар жүктөлүүдө… Айтып отурсак, бул башкаруу жана көйгөйлөрдүн аягы көрүнбөйт. Ко-ош, бул көйгөйлөрдөн кутулуунун жолу барбы? Албетте, бар!

 Демократиядан, башкача айтканда, капиталисттик башкаруу балээсинен кутулуунун бирден-бир жолу – бул Аллахтын өкүмдөрүнө кайтуу жана бул өкүмдөрдү толук колдоно турган исламий Халифалык мамлекетин тикелөө. Халифалык мамлекети өз калкын адилеттүүлүк жана камкордук менен башкарып, өлкө байлыктарын колонизатор кафирлер менен алардын малайлары болгон бир ууч чиновниктер талап-тоношуна жол бербейт. Учурдагы өкмөттөр сыяктуу элдин чөнтөгүн кагып алуу үчүн ар түрдүү салыктарды ойлоп таппайт, тескерисинче үммөт өкүлдөрү бул байлыктардан бирдей пайдаланышына кепил болот.

Бул куру-кыял эмес. Тескерисинче, жашоодо колдонулган жана исламий тарыхта Халифалык заманында иш жүзүндө колдонулуп, ийгиликтүү натыйжа берген башкаруу түзүмү. Бул түзүмдү кайрадан колдонуу – тарыхта болгону сыяктуу – адамдардын бактылуу жашоосуна кепил болот. Анткени, Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам да бул тууралуу башарат кылып:

“Үммөтүмдүн аягында ушундай бир халифа чыгат дейсиң, мал-дүйнөнү кочуштап берет, анын көптүгүнөн эсебине жете албайт”, – деген. (Имам Муслим риваяты).

 Бизден талап кылынган нерсе, исламий Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө жолунда болгон мүмкүнчүлүгүбүз менен аракет кылуу о.э. бул аркылуу дүйнө жана акырет азиздигине жетишүү жолунда атаандашуу.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here