Европада жоолукка каршы чабуул – бир хазараттын экинчи хазаратка каршы күрөшү (Жон Чичисоланын макаласына раддия)

46
0

Басма сөз баянаты

Европада жоолукка каршы чабуул – бир хазараттын экинчи хазаратка каршы күрөшү

(Жон Чичисоланын макаласына раддия)

2022-жылы 11-сентябрда Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты «Европада жоолукка каршы чабуул» деген талкуу уюштурган. Жыйынга катышкан аялдар Батыштагы муслималар башынан өткөрүп жаткан жоолуккка тиешелүү басымдар жөнүндө талкуулашкан. Бул талкуу журналист Жон Чичисоланын кыжырын келтирген көрүнөт. Ал 2022-жылы 19-октябрда «Фигаро» гезитинде бул талкууну сындап, «Франция жаштарды дининен бөлүп жатат деп айыпталууда» деген макала жазды. Жон Чичисола макаласында муслималар өткөргөн жыйынды сындап, аны «Вольтер мамлекетине» душмандык деп баалады. Белгилүү болгондой, тарыхта философ жана жазуучу Вольтер эркиндиктердин, өзгөчө ишеним эркиндигинин коргоочусу катары белгилүү. Макалада кабар жана маалыматтын тактыгы боюнча журналисттик кесиптин талаптарына таптакыр көңүл бурулбаганы көрүнүп турат. О.э. макалада эң маанилүү негиз – бейтараптык жана калыстык жок.

Биз, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүчөлөрү, Чичисолага ушул раддиябызды билдиребиз:

Биринчи: эй журналист, сен макалаңды тарапкечтик жана доомат негизинде атапсың. Т.а. сен Франция мамлекетине тарапкечтик кылып, ал тууралуу сөздөрдөн аны актамакчы болдуң. О.э. сен Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн талкууга катышкан аялдарын жана Хизбди эркиндиктерди кепилдеген «Вольтер мамлекетин» акаараттады деп айыптадың. Сенин айтымыңда, алар «Франция мусулман жаштарды өз дининен чыгарып, Батыш маданиятын кабыл алдыруу үчүн аларга илманий түшүнүктөрдү зордоп тыгыштырууда» деп мамлекетке доомат кылган. Деги, сенин мамлекетиң андай эмес беле?!

Франция 2004-жылы башталгыч, орто мектептерде жана окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салып, хижаб кийген кызматкер муслималарды мамлекеттик мекемелерден кууп чыгарбадыбы?! 2010-жылы коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салбадыбы?! 2004-жылдагы бул мыйзам жоолук салынган окуучу кыздардын жана студенттердин ата-энелерине айрым коомдук жайларда болууга жана ал жердеги кызматтардан пайдаланууга тыюу салгангандай көптөгөн мыйзам бузууларды өз ичине камтып кеңейбедиби?! Ал тургай, жөнөкөй узун көйнөк кийген же дене мүчөсүн жапкан узун кийим кийген муслима кыздардын мектептерден чыгарылганы өтө көп катталды! Бул иш-аракеттерден, силер айткандай, «дин өкүлдөрүнө» каратылбаган бул «диний көрүнүштөгү кийимдерди кийүүгө тыюу салуу» мыйзамы түпкүлүгүндө мусулмандарга басым өткөрүүгө каратылгандыгы көрүнүп турат. Андан тышкары, университеттерде жоолукка тыюу салуу жана жоолук салынган энелер мектеп саякаттарында өз перзенттерин коштоп барышына чекит коюу, ал тургай, аларга менчик секторлордо да туруусуна тыюу салуу, спорт мелдештеринде жоолук салынган аялдардын катышууларына тыюу салуу үчүн тынымсыз сунушталып жаткан бир катар мыйзам долбоорлору да бар! Ал тургай, Шариат өлчөөлөрүнө ылайык Исламдан болбогон спорт кийимдерине жана буркини сыяктуу кийимдерге каршы «Франция баалуулуктарын бузган исламий кийим» катары согуш ачылды! Мунун тушунда, Франция өкмөтү газ кризиси учурунда сууга түшүүчү бассейндерде ысытуу системалары өчкөндүктөн дененин бардык мүчөсүн жапкан – буркиниге окшош – атайын кийим кийүүнү милдеттүү кылды!

Бул нерселер «Вольтер мамлекети» муслималарга каршы жасап жаткан кылмыштарынын бир бөлүгү гана! Бул кылмыштар исламофобиянын күчөшүнө жана өлкөдөгү мусулмандарга жасалып жаткан чабуулдардын көлөмү кеңейишине салым кошту. Өз кезегинде, бул, айрым Твиттердегилерди Франция «дүйнөдө чырактары өчүрүлгөн өлкөгө айланды» деп баа берүүгө үндөдү. Баса белгилеп айтсак, Францияда исламофобияга каршы күрөш борборунун жетекчиси Абдуллах Зикрий 2021-жылы 29-январда берген билдирүүсүндө «2020-жылы Франциядагы мусулмандарга каршы чабуул 235ке жеткенин жана бул көрсөткүч 2019-жылдагы 154 чабуулга караганда өтө көбүйүп, 53 пайызга жеткенин» билдирген.

Бул эркиндиктер өлкөсү мусулмандардын мечиттерин жана коомдорун жаппадыбы?! Мусулмандардын жашоосуна басым өткөрбөдүбү?! Мусулман жаштар Исламынан баш тартышы же дини Ислам болгондуктан өзүн айыптуу сезип жашашы үчүн «Исламий сепаратизм» деген нерсеге каршы күрөш мыйзамын кабыл албадыбы?! Ушунча фактыларга карабастан, бул журналист Францияны айыптап жатканыбызды сындап жатат. Макрон бул мыйзам «республика баалуулуктарын бекемдөө» катары кабыл алынганын, ал өзү айткандай, параллель деп эсептеген системаны куруу маселесин чечүү үчүн келгенин ачык айткан болсо да, журналист өз макаласында эмне үчүн мусулман жамааттар баяндарын илманийлик менен Исламдын күрөшүнө чектеп алышкан деп таң калат. Жада калса, ал жоолук салынган төрт аял түз эфирде Дания башталгыч мектептеринде жоолукка тыюу салуу жөнүндө атайын комитет тарабынан берилген сунушту кескин каралашканына таң калып, Франция да Хизб-ут-Тахрирдин бутасына айланган деп корутунду чыгарган. Бул журналист Хизбдин Франциядагы аракетине тыюу салынганына карабастан, Хизбге душманчыл мамилесин айтып, Хизбдин аялдар бөлүмүнүн мүчөсү Франция саясатын диктатура деп сыпаттаганын жана илманий башкаруу системасы фашисттик деп сындаганын төмөндүк деп эсептейт. Бул журналист: «Хизб-ут-Тахрир экстремисттик партия болгону үчүн анын аракетине өлкөбүздө тыюу салынган», – деп мактанды. Бирок, муну менен ал өзү айткан «Вольтер мамлекети» пикирий каршылаштарга жана анын хазараты үчүн коркунуч деп билгендерди репрессия кылып жатканын ачыктады.

Экинчи: фактыларды текшерүү, туура кабар жана маалыматтарды таратуу, шашкалактык кылып, алдын ала туура эмес корутунду чыгарбоо о.э. бул кесиптин аброюн кетирүүчү жана чынчылдыкты жоготуучу калыссыздык позицияны карманбоо – калыс журналисттин маанилүү милдети. Бирок, журналист Чичисола өз макаласында тарыхы узун Хизб-ут-Тахрирде жок нерселерди айтып, доомат кылган. Себеби, Хизб-ут-Тахрир Ихванул Муслиминден бөлүнүп чыкпаган, ал – өткөн кылымдын элүүнчү жылдары мабда негизинде түзүлгөн хизб. Хизбдин өзүнүн туруктуу максаты бар, ал – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө жана мусулмандарды Расулуллах дын байрагы астына бириктирүү. Хизб өз максатын өзгөрткөн да эмес, андан баш тарткан да эмес, тескерисинче, максатына карай бекем кадам таштап бара жатат. Бул болсо, Батыш хазаратын жан талашып коргоп жаткан адамдардын тынчын бузду. Алар Хизбдин пикирин «экстремисттик» деп жатышат. Ал тургай, айрымдар Хизб-ут-Тахрирди «террористтик уюм» деп да айтышты. Негизи, алар өзүлөрү жакшы билишкендей, Хизбдин күч колдонгону эч бир катталбаган, катталбайт дагы. Хизб – бузгунчу пикирлерге жана ыплас саясаттарга каршы күрөш алып барган саясий хизб. Чынында, Хизб-ут-Тахрир бүгүнкү күндө өкүмдар Батыш хазаратынын пайдасына аракет кылып жаткан жана илманий капиталисттик түзүмдүн кызыкчылыктары үчүн буйрукка карап аракет кылган бир катар «жарчылардын» тынчын бузду. Пайда жана реалдуулук кайсыл жакты көрсөтсө, ошого карап өзгөргөн тигил журналист жана анын жетекчилери да кудум ушундай тынчы бузулгандардын катарына жирет. Алар Хизб-ут-Тахрир Европа комиссияси тарабынан каржыланып, колдоп-кубатталып жаткан исламий жамааттардын бири деп доомат кылышты. Бул – анык жалган-жалаа. Хизб-ут-Тахрир эч качан алар айткан шектүү жамааттардын катарына кирбейт. Себеби, ал – Аллахка моюн сунууга жана калыс туура аракет кылууга убада берген о.э. аруулуктан башка нерсени кабыл албаган жана өз мүчөлөрү тарабынан колдоп-кубатталып, каржыланган пакиза Хизб.

Үчүнчү: Франциядагы диний абал жөнүндө маанилүү изилдөөлөрдү алып барган француз философу, тарыхчы Марсель Гоше өзүнүн «Дин жана демократия» деген китебинде: «Илманийлик Батышта бүтүндөй саясий маанисин жоготту», – дейт. Марсель Гоше Францияда жашаган мусулмандар жоолук себептүү расмий бийлик жана калк тарабынан тынымсыз чабуулдарга учурап жатканынын себептерин түшүндүрүп мындай дейт: «Булардын бардыгы илманийликтин күжүрмөндүгүн күчөтүү жана аны жандандыруу максатында болууда. Себеби, Франция өзүнүн бүткүл рухий булактарын жоготкондон кийин илманийлигин да жоготуп, өзүнүн тынымсыз күрөшкө чакырган карама-каршылыктары менен алек болуп калды». Демек, бул жерде хазараттар ортосунда күрөш болуп жатат. Ушул себептен улам, Чичисоланын Батыш хазаратынын баалуулуктарын коргоодо жана саясий Исламга каршы күрөштө мынчалык катуу күрөшүп жатканы да – хазараттар ортосундагы табигый күрөштүн бир түрү. Демек, алар эмнеге өзүлөрү кылган нерседен бизди кайтарышат? Эмне үчүн өзүлөрү хазаратын сактап калуу үчүн күрөшөт да, бизге болсо өз хазаратыбыз үчүн күрөшүүбүзгө жол беришпейт?! Бизге каршы ыплас пикирлери менен дүрмөттөлгөн куралдарын ишке салып, эмнеге бизден бул пикирлерди текшербей, каршылыксыз кабыл алышыбызды каалашат?! Эмнеге бизди өз динибизди коргоодон кайтарып, өздөрү үстөм болушу үчүн биз аларды ээрчүүбүздү талап кылышууда?! Эмне үчүн биз мусулман перзенттеринин мээсине илманий пикирлерди киргизип, капиталисттик хазаратына сиңиштирүү кампаниясына моюн сунушубуз керек?! Бул жан сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан хазараттар күрөшү эмеспи?! Мустафа Махмуд рохимахуллоах өзүнүн «Ислам жана келерки согуш» деген китебинде бул хазараттар күрөшү жөнүндө ой салып, аны минтип сыпаттайт: «Батыш саясатчыларынын Исламга душмандык кылбай жатабыз деген сөздөрү жана дин катары Исламга каршы эместигин билдиришкени – чындык. Себеби, биз намаз окуп, орозо кармасак, ажылыкка барсак, ибадат, тасбих жана ар дайым дуа айтып, жашообузду Аллахка тобокел кылып өткөрсөк, мечиттерде каалаганча итикаф кылып, Роббибизди улуулап, такбир-тахлилдерди айтсак, батыш саясатчылары мындай ибадат жана ырасымдардан турган Исламга душмандык кылышпайт. Акыреттеги ийгиликтин баары бизге таандык болсо да алар каршылык кылышпайт. Себеби, бул нерселер аларды кызыктырбайт жана бул жөнүндө ойлонуп да олтурушпайт. Тескерисинче, ибадат жана кечилдикке алар өздөрү үгүттөшөт, суфийлердин тарыйкат шейхтери менен союз түзүп, аларды коргошот. Алардын чыныгы душманы – башка Ислам. Т.а. дүйнөнү башкаруу, башка идеалдар жана баалуулуктарды куруу үчүн бийлик үстүндө күрөш алып барып жаткан Ислам – алардын чыныгы душман. Дүйнө үчүн күрөшүп жаткан жана жашоодо өз позициясын талап кылып жаткан Ислам; зомбулуктар, согуштар жана душмандык менен эмес, илим менен өнүгө турган Ислам; адамды гана эмес, коом жана хазаратты оңдой турган о.э. бүткүл барлыкты өзгөртө турган Ислам – алардын чыныгы душманы. Мында эч кандай өз ара келишүү да, мунаса да жок, бир гана аёосуз согуш бар. Мында баары сага каршы куралын көтөрүшөт. Кээде ок сага өз өлкөңдүн ичинен келип тиет!».

Төртүнчү: биз, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүчөлөрү, Аллах ыраазы боло турган жолдо аракет кылып жатабыз, инша Аллах. Биз Ислам жеңишке жетиши, Исламдын калимасын бийик кылып, байрагын жогору көтөрүү үчүн Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпой, пайдадан башка өлчөөсү болбогон, нафси-каалоо жана пайдага карап өзгөрө турган туруксуз сындоолорго көңүл бурбай аракет кылып жатабыз. Биз ар дайым мусулмандардын кабарын күзөтүп, алардын бүгүнкү илманий түзүм астында тартып жаткан азап кыйынчылыктары жөнүндө абалдарды айтып турабыз. О.э. терең пикирлерди ортого салып, адамзат проблемаларына берилген жараксыз чечимдерди ачыктаган пикирий күрөшкө жана карамүртөздүк, фитна жана айлакерликти ачыктаган саясий күрөшкө шуңгуйбуз. Шек-күмөнсүз, бул үрөй учурган айыгышкан күрөш. Бирок, биз чыныгы түпкү өзгөрүү жүз бериши жана туура хазарий өзгөрүү жүзөгө чыгышы үчүн бул капиталисттик түзүмдү кулатып, Исламды жашоо майданына кайра алып келүүгө Аллахка убада бергенбиз. Ушул жолдо бекем кадам шилтеп, Исламды өкүмдар хазаратка айлантууга аракет кылабыз, Аллах Субханахунун убадасы жүзөгө чыгышына чын дилден ишенебиз.

﴿وَاللَّهُ متِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ

«Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун (динин) толук жаюучу»                        [61:8]

Бул иште Аллах кадамдарыбызды бекем кылып, максатыбызга жеткиришин сурайбыз.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here