Садыр Жапаров Сергей Нарышкинди кабыл алды

159
0

Садыр Жапаров Сергей Нарышкинди кабыл алды

 Кабар: Садыр Жапаров 22-ноябрда Бишкекте Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Президенттин маалымат кызматы жолугушууда “коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу” болгондугун кабарлады.

 “Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт. Өз кезегинде Сергей Нарышкин эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экендигин белгилеп, Борбор Азия аймагында жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады”, – деп айтылат кабарда.

 Комментарий: Исламий өлкөлөрдөгү президенттердин бардыгы бийликке келгенден кийин, сөзсүз терроризм жана экстремизмге (Исламга) каршы күрөштү негизги милдет кылып алышат. Себеби, алар бийликке келе жатканда кожоюндарынан мына ушундай көрсөтмө жана тапшырмаларды алышат. Бул өкмөттөрдүн бардыгы “терроризмге каршы каршы күрөш” шылтоосунда Үммөт арасындагы Ислам даъватын жеткирүүчү калыс мусулмандарга каршы күрөшүшөт. Мындан тышкары, алар башка мамлекеттердин, айрыкча, колонизатор мамлекеттердин атайын кызматтары жана разведкалары биздин өлкөдө кеңири иш алып барышына, мусулмандарды аңдып, куугунтукташына, керек болсо өлтүрүшүнө шарт түзүп беришет.

 Кыргызстандын мурдагы президенттери о.э. учурдагы президенти да мындан тышкары эмес. Мисалы, Бакиев бийликте турган кезде, аныгыраагы, 2006-жылы август айында Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияга белгилүү аалым Рафик кары Камалов да мына ушундай эки, балким, үч тараптын атайын кызматтарынын биргелешкен операциясы натыйжасында шейит болгон. Быйыл 26-июлга караган түнү Ош шаарында РФ коопсуздук кызматынын үч кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Расмий кабарларда келишинче, түнү Hyundai SantaFe унаасын башкарып бара жаткан Россиянын жараны саатына 150 км ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай калган жана реклама баннеринин түркүгүнө барып урунган. Натыйжада айдоочу жана эки жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.Россиянын  Оштогу консулдугу “MediaHub” журналисттик иликтөө борборуна каза болгон үч киши Россиянын жараны экендигин жана Федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы чек ара кызматынын кызматкерлери экендигин тастыктаган. Белгилүү болгондой, Ош шаарында РФ коопсуздук кызматынын оперативдик тобу кызмат кылат. Бул атайын кызматтардын кызматкерлери биздин өлкөлөрдө дипломатиялык кол тийбестик макамына ээ болуп, кандай кылмыш кылышса да жооп беришпейт.

 Жапаровдун РФ Тышкы разведка кызматынын жетекчиси менен болгон жолугушуусу жана жолугушууда “коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуусу” орустун разведкасы менен атайын кызматтарына өлкө эшиктери дагы да кеңири ачылышына алып барат.

Негизи, чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары исламий өлкөлөрдө тыңчылык кылышына, керек болгон учурда теракт уюштуруп мусулмандарды куугунтукташына, өлкө тынчтыгын бузуп, тыңчыларды жалдай турган “ийин”дерди курушуна жол берилбеши керек. Аллахтын изни менен жакынкы күндөрдө кайрадан тикелене турган Ислам Мамлекети иш жүзүндө согуш абалында болгон колонизатор мамлекеттердин элчиканаларын ачууга, мамлекетте бирер мамлекеттин аскерий базасы болушуна, колонизатор мамлекеттердин разведкалары мамлекетте ээн-эркин чаң салып жүрүшүнө эч качан жол бербейт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here